Жалпы

Байытылган ундан пайдаланалы

21

БАЙЫТЫЛГАН УН ЖОНУНДО
БАЙЫТЫЛГАН УН ДЕГЕН ЭМНЕ? Улпак менен чыгып кеткен витаминдер жана микроэлементтердин көлөмун кайра калыбына келтирүү болуп эсептелет. Ал “унду премикс менен байытуу”-деп аталат. Пре́микс ( лат. сөзүнөн алынган Prae — вперёд, предварительно и лат. misceo — смешиваю) — дегенди түшүндүрөт. Премикстин курамы витаминдерден турат: — B1 ,B2, B 3, фолий кычкылы (В9),цинк (Zn), темир (Fe). Дүйнөлүк практикада өнүккөн өлкөлөрдү унду жана башка азыктарды керектүү витаминдер менен байытуу колго алынган.
Ал эми сиз байытылган унду колдонуу менен төмөнкү көйгөйлөрдөн оолак болосуз! .
Эгер эненин ичиндеги түйүлдүк өөрчүп жатканда бул заттар жетишпесе, бала оорукчан төрөлүп калуусу ыктымал. Гидроэнцефалопатия, акыл-эси кем болуусу жана темир жетишсиздигинен улам аз салмакта же маалына жетпей ара төрөлүү жана мээнин кычкылтек менен аз камсыз болуусуна, адамдын иммунитети төмөн болуусуна, эске тутуу жана көңүл коюу жөндөмдүүлүгүнүн жоголуусуна дал ушул пайдалуу заттардын жетишсиздиги себеп болот.

Даярдаган: санитардык дарыгердин жардамчысы-Н.Орозбаева