Сумсар айыл өкмөтү төмөнкү муниципалдык кызмат орундарына кадрлар резервине киргизүүгө ачык конкурс жарыялайт
1. Башкы топтогу административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат оруну (1-орун катчы)
Квалификациялык талаптары:
1) кесиптик билимдин деңгээли:
— «Экономика жана менеджмент», мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, менеджмент, персоналды башкаруу; «Гуманитардык илимдер» юриспруденция багытындагы жогорку билим;
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
— жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы;
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
— төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарда;
адам ресурстарын башкаруу жаатындагы;
кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди;
— билгичтиги:
иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн проблемаларын талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүгө жаңы ыкмаларды киргизүү;
башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;
кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү;
алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;
өз ишин жана түзүмдүк бөлүмчөнүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;
ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;
— көндүмдөрү:
аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
түзүмдүк бөлүмчөнү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди туура бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана жүзөгө ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);
маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү;
натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү, элдин алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу;
компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү.
2. Улук топтогу административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына (4-орун)
Квалификациялык талаптары:
1) кесиптик билимдин деңгээли:
— Айыл чарба (агроном), жер багытындагы, юриспруденция багытындагы, «Экономика жана менеджмент», « Бухгалтердик эсеп жана аудит» , жогорку билим;
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
— төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды;
кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;
— билгичтиги:
маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
аналитикалык документтерди даярдоо;
тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
эмгектин жаңы шарттарына көнүү;
— көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
2. Кенже топтогу административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына (6-орун)
Квалификациялык талаптар:
1) кесиптик билимдин деңгээли:
— мамлекеттик жарандык кызматчылар үчүн — тийиштүү багыттагы жогорку билим;
— муниципалдык кызматчылар үчүн — тийиштүү багыттагы жогорку кесиптик билим же тийиштүү багыттагы орто кесиптик билим;
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талап коюлбайт;
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
— төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды;
кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди;
— билгичтиги:
жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
командада иштөө;
— көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Сынака катышуу үчүн төмөнкү документтерди атайын папкага топтоп тапшыруу керек:
-өзүнүн арызы;
-кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча;
-резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок
экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
-нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүргөн негизги жана кошумча
билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
-нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүргөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү
(иш стажы бар болсо);
-илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин
көчүрмөлөрү;
-паспорттун көчүрмөсү;
Жөнөткөн документтери толук эмес, ошондой эле, белгиленген талапка жооп
бербеген жарандарга конкурска катышууга уруксат берилбейт.
Конкурска катышууга уруксат берилгендерге конкурстун өткөрүлүшүнүн күнү,
орду жана убактысы кошумча билдирилет.
Эскертүү: Документтерди кабыл алуу Чаткал районунун Сумсар айыл өкмөтүндө 2023-жылдын 29-апрелинен тартып 13-майга чейин кабыл алынат. Дареги: Сумсар айылы,
Кундуз-Дөбө көч.№32