Кулактандыруулар

Жарыя!

99

Чаткал айыл аймагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябрындагы №515 Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү тартиби жөнүндө токтому менен бекитилген, Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобонун 4-пунктуна ылайык, Чаткал айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу боюнча конкурс жарыялайт.
Жеке жана юридикалык жактар жайыттарды төмөнкү максаттарга пайдалана алышат:
— эс алуу үчүн;
— чөп жыйноо;
— жапайы өскөн мөмө, жемиш, козукарын, башка тамак-аш продуктуларын жеке пайдалануу максатында чогултуу;
— дарылык-техникалык чийки затты чогултуу жана бал аарычылык;
— маданий-ден соолукту чыңдоочу, туристтик жана спорттук иш-чараларга катышуу.

Документтерди кабыл алуу Чаткал айыл аймагынын кенсесинде маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып он күндүн ичинде 9:00дөн 17:00 го чейин кабыл алынат.
17.04.2023-жыл

Маалымат алуу үчүн 0771 214 248, 0777 455 369