Кулактандыруулар

Жарыя!

75

Ветеринардык кызматынын Чаткал райондук ветеринардык башкармалыгы кенже административдик кызмат орундарынын кадрлар резервин түзүү үчүн ачык сынак жарыялайт.

Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөндөгүдөй квалификациялык талаптар белгиленет.
— Кесиптик билим деңгээли: Ветеринар багытындагы жогорку билим;
— Иш тажрыйбасы жана стажы: иш тажрыйбасына талап коюлбайт.
— Кесиптик компетенттүүлүгү жалпы мыйзамдар.
— КРКонституциясы;
— КР “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызматы жөнүндө” мыйзамы;
— КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120-токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Предметтик мыйзамдар.
-КР “Ветеринария жөнүндө” Мыйзамы;
-КР “Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө” Мыйзамы;
-КР “Ишкердиктин субьектилерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Мыйзамы.
-КР “Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган продуктыларды идентификациялоо жөнүндө” Мыйзамы.

Кенже административдик бош кызмат ордуна:
Жетектөөчү адис 1 штаттык бирдик:
Кесиптик билим деңгээли: Ар кандай профилдеги жогорку кесиптик билим;
Эмгек стажы жана иш тажрыйбасы: 1 жылдык эмгек стажы талап кылынат.
Жалпы мыйзамдар:
— КРКонституциясы;
— КР“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
— КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120-токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Предметтик мыйзамдар:
-КР “ Улуттук архив фонду жөнүндө” Мыйзамы;
-КР “ Мамлекеттик тил жөнүндө” Мыйзамы.

Инспектор 1 штаттык бирдик:
-Кесиптик билим деңгээли: айыл чарба тармагында жогорку билим ветеринария багыты боюнча.
-Иш тажрыйбасы жана стажы: Ветеринария багыты боюнча 1 жылдык эмгек стажы талап кылынат.
Жалпы мыйзамдар:
-КР Конституциясы;
-КР “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
-КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120-токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Предметтик мыйзамдар:
-КР “Ветеринария жөнүндө” Мыйзамы;
-КР “Ишкердиктин субьектилерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнун тартиби жөнүндө” Мыйзамы.
-КР “Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган продуктыларды идентификациялоо жөнүндө” Мыйзамы.
-КР Өкмөтүнүн “Ишкердик субьекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобо” 2018-жылдын 29-январындагы №56-токтому.

Кенже кызматтардын бардык топтору үчүн:
-Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
-Компьютердик сабаттуулук жана керектүү программаларды билүү (Word, Excel, Санарип, СЭД, УЧР, маалыматтык-укуктук системасы). Компьютерде жана мобилдүү жабдууларда сабаттуу иштөө.
Ыктуулугу:
-Текст, графика жана таблица түрүндөгү редакторлор менен иштөө;
-файлдарды жана папкаларды түзүү жана иштөө (кайрадан ат коюу, көчүрүү, кыймылдатуу, жок кылуу жана калыбына келтирүү);
-сырттагы перифериялык жабдууларды кошуу, дисктеги мейкиндикти тазалоо (архивин түзүү);
-Компьютердик жана социалдык түйүндөрүндө иштөө: маалыматты издөө, алмашуу жана сактоо (Интернет, электрондук дарек ж.б);
Ыктуулугу:
-электрондук катты алуу жана жөнөтүү;
-издөө системаларын пайдалануу;
-ар түрдүү браузерлер менен иштөө;
-Кызматтык этика ченемдерин эске алуу менен социалдык түйүндөрдө бири-бирине сыпайы мамиле менен аракеттенүү.
-Маалыматтардын чоң көлөмү менен иш жүргүзүү жаңы маалыматты түзүү жана иштеп чыгуу.
Жеке сапаттары:
-Мамлекеттик кызматка өтө жоопкерчиликтүү аяр мамиле жасоо.
-маселени чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу, берилген тапшырмаларды так өз убагында аткаруу.
-өз ишин натыйжалуу пландаштыруу..
Ишкердик жазуу көндүмдөрү:
-Белгилүү бир чөйрөдөгү ишти талдоо жана божомолдоо, жаңы болгон көйгөйлөрдү чечүү ыкмалары;
-командада иштей билүү, ишкер баарлашуу компьютер орг техникаларды жогорку деңгээлде билүү.

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:
-жеке арыз;
-өздүк баракча сүрөтү менен;
-резюме (сүрөту, электрондук почта дарегин көрсөтүү менен)
-өмүр баян;
-соттолбогондугу боюнча тактама;
-паспорт көчүрмөсү;
-ден-соолугу боюнча тактама;
-нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн жогорку билимин тастыктаган документинин көчүрмөсү;
-нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү.

Документтер массалык маалымат каражаттарына жарыялангандан тартып 10 календарлык күндүн ичинде Чаткал райондук ветеринардык башкармалыгы, Каныш-Кыя айылы Северная көчөсү №26 дарегинде кабыл алынат. Сурап билүү телефон №: 03749: 6-01-96. 0755-12-04-77.
Эскертүү: Талапка жооп берген документтердин ээлерине конкурс өтө турган күн кошумча билдирилет.