Токтом

Чаткал айылдык кеңешинин токтомдору (август-декабрь. 2022-жыл)

78

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ ЧАТКАЛ РАЙОНУ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
ЧАТКАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЧАТКАЛЬСКИЙ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ЧАТКАЛЬСКОГО АЙЫЛНОГО КЕНЕША

Жаңы-Базар айылы, Б. Досматов кочосү с.Жаңы-Базар ул.Досматова

Чаткал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XVII- сессиясы токтом кылат:
Токтом №1.

16.12.2022-жыл Жаңы-Базар айылы
“Чаткал айыл Өкмөтүнүн жергиликтүү
бюджетине өзөртүүлөрдү киргизүү
жөнүндө”

Чаткал айыл өкмотүнун ФЭБнүн жергиликтүү бюджетке өзгөртүү киргизүү боюнча сунушун жана Чаткал айылдык Кеңешинин айылдык Кеңешинин туруктуу “Буджет” комитетинин чичимин эске алуу менен Чаткал айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 17- сессиясы
Токтом кылат:

1. Чаткал айылдык Кеңешинин бюджет комитетинин №1 чечими канаттандырылсын.
2. Чаткал айыл Өкмөтүнө Каныш Кыя айыл өкмөтүнөн максаттуу трансферт катары түшкөн акча каражатынын 3562,8 миң сом акча каражаты төмөнкүлөргө жумшалсын.
3. Башкаруу тармагынын 22154900 статьясына- 3145,6 миң сом;
4. Башкаруу тармагынын 2222 статьясына-100,0 миң сом;
5. Башкаруу тармагынын 2721 статьясына-155,0 миң сом;
6. Билим берүү тармагынын 2222 статьясына -162,2 миң сом;
7. Жогоруда көрсөтүлгөн акча каражатын сарамжалдуу жана өз багытында жумшоо жагы Чаткал айыл Өкмөтүнүн ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
8. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик расмий www: chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
9. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Чаткал айылдык Кеңешинин катчысына милдеттендирилсин.
10. Бул чечимдин көзөмөлдөө жагы бюджет комитетинин төрагасы К.Карабаевге жүктөлсүн.

Чаткал айылдык Кенешинин төрагасы: М.Козубаев
жжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжж

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ЧАТКАЛЬСКИЙ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ

Жаңы-Базар айылы Досматов көчөсү с.Жаңы-Базар ул.Досматова

Чаткал айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын XVII кезексиз сессиясынын

Токтому № 2

16.12.2022-жыл Жаңы-Базар айылы

“Чаткал айыл аймагында мүлк
салыгын кабыл алуу жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 3-беренесинин 2-бөлүкчөсүнө ылайык “Мүлк салыгын” кабыл алуу жөнүндө маселени талкуулап Чаткал айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XVII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “ Чаткал Айылдык Кенешинин туруктуу “Бюджет” комиссиясынын сунушу эске алынсын.

2. Чаткал айыл айманында 2023-жылдан мүлк салыгы” кабыл алынсын.

3. Мүлк салыгын эсептеп жыйноо жагы Чаткал айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.

4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик расмий www: chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Чаткал айылдык Кеңешинин катчысына милдеттендирилсин.

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаткал айыл Өкмөтүнүн башчысы Ө.Токтогуловго милдеттендирилсин.

Чаткал айылдык Кеңешинин
төрагасы: М.Козубаев

жжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжж

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ЧАТКАЛЬСКИЙ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ

Жаңы-Базар айылы Досматов көчөсү с.Жаңы-Базар ул.Досматова

Чаткал айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын XVII кезексиз сессиясынын
Токтому № 3

14.12.2022-жыл Жаны-Базар айылы

“Чаткал тазалык таза суу” МИнын тарифтер
боюнча сунушун кароо жөнүндө”

“Чаткал тазалык таза суу” МИнын сунушун угуп жана талкуулап Чаткал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XVII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “ Чаткал тазалык таза суу” муниципиалдык ишканасынын сунуштары жактырылсын.

2. Чаткал айылдык кеңешинин 23- июнь 2022-жылдагы № 13-сессиясында бекитилген тарифтердин реестрине өзгөртүү киргизилип бекитилсин

3. Таштанды чыгаруу акысы Чаткал айыл аймагынын бардык айылдарында ар бир кожолукка бир айга 100 сомдон деп бекитилсин.

4. Жаңы-Базар айылында суу-түтүгүнөн пайдалангандар үчүн суунун акысы 1м.кубу-12.1сомдон бекитилсин.

5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик расмий www: chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

6. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Чаткал айылдык Кеңешинин катчысына милдеттендирилсин.

7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Чаткал тазалык таза суу” МИнын жетекчиси И.Барпиевге жүктөлсүн.

Чаткал айылдык Кеңешинин
төрагасы: М.Козубаев.

жжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжж

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ЧАТКАЛЬСКИЙ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ

Жаңы-Базар айылы Досматов көчөсү с.Жаңы-Базар ул.Досматова

Чаткал айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын XVII кезексиз сессиясынын

Токтому № 4

14.12.2022-жыл Жаңы-Базар айылы

Чаткал айыл аймагынгында “Коомчулуктагы
айылдардын инвестициялык ассоциациясын”
түзүү жөнүндө

“Коомчулуктагы айылдардын инвестициалык ассоциациясынын” (КАИА) аткаруу комитетинин жетекчиси Г.Таированын маалыматын угуп жана талкуулап, 2005-жылдын 21-февралындагы №36 “Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө” КР Мыйзамынын жана 2011-жылдын 15-июлундагы №101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамын жертекчиликке алып, Чаткал айыл аймагында түзүлгөн “Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациасын” кеңеште каттоо боюнча Чаткал айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XVII-сессиясы, угуп талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Коомчулуктагы айылдын инвестициялык ассоциациясы” (КАИА) айылдык Кеңештен каттодон өткөрүлсүн.

2. Чаткал айыл аймагында түзүлгөн аткаруу комитетинин уставы Чаткал айыл аймагынын , аймагында аткарылсын.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик расмий www: сhatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Чаткал айылдык Кеңешинин катчысына милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары К.Оморовго милдеттендирилсин.

Чаткал айылдык Кеңешинин
төрагасы: М.Козубаев
жжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжж
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ЧАТКАЛЬСКИЙ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ

Жаңы-Базар айылы Досматов көчөсү с.Жаңы-Базар ул.Досматова

Чаткал айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын XVII кезексиз сессиясынын

Токтому № 5

14.12.2022-жыл Жаны-Базар айылы

Чаткал айыл Өкмөтүнүн, Чаткал райондук
мамлекеттик администрация башчысынын
сунушу боюнча Чаткал районунун
отрибуттарынын бири “желегин” өзгөртүү
сунушун кароо жөнүндө

Чаткал айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XVII-сессиясы Чаткал районунун отрибуттарынын бири “желегин” өзгөртүү боюнча Чаткал райондук мамлекеттик администрация башчысынын, Чаткал айыл Өкмөтүнүн башчысынын сунушун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чаткал районунун мамлекеттик администрация башчысы, Чаткал айыл Өкмөтүнүн сунуштары эске алынсын.
2. Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан сунушталган Чаткал районунун “желегинин” үлгүсү жактырылсын.
3. Чаткал районунун “желеги” Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан сунушталган үлгүсү Чаткал районунун “желеги” катары бекитүү жагы райондук мамлекеттик администрациясына калтырылсын.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик расмий www: сhatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Чаткал айылдык Кеңешинин катчысына милдеттендирилсин.
6. Аталган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары К.Оморовго милдеттендирилсин.

Чаткал айылдык Кеңешинин төрагасы: М.Козубаев.

жжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжж

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ ЧАТКАЛЬСКИЙ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ

Жаны-Базар айылы Досматов көчөсү с.Жаны-Базар ул.Досматова

Чаткал айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын XVII кезексиз сессиясынын
Токтому №6

14.12.2022-жыл Жаны-Базар айылы

“Райондук өнүктрүү фондуна сунуштоо жөнүндө”

Чаткал айыл Өкмөтүнүн Жаңы Базар айылындагы көчкү түшкөн участокко тосмо куруу үчүн күйүүчү май сатып алууга 250 000 сом акча каражатын бөлдүрүү боюнча райондук фондуна сунуштоо жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Чаткал айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XVII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал айыл Өкмөтүндөгү даярдалган долбоорлорду ишке ашыруу максатында бюджетин тартыштыгына байланыштуу райондук өнүктүрүү фондуна сунуштоо жөнүндөгү сунушу жактырылсын.

2. Чаткал айыл аймагына караштуу Жаңы Базар айылындагы көчкү түшкөн участокко тосмо куруу үчүн күйүүчү май сатып алууга 250 000 сом акча каражаты райондук өнүктүрүү фондунан суралсын.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик расмий WWW: Chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Чаткал айылдык Кеңешинин катчысына милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чаткал айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары К.Оморовго жүктөлсүн.

Чаткал айылдык Кеңешинин
төрагасы: М.Козубаев

жжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжж

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ЧАТКАЛЬСКИЙ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ

Жаңы-Базар айылы Досматов көчөсү с.Жаңы-Базар ул.Досматова
Чаткал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XVII сессиясы токтом кылат:
ТОКТОМ № 7
15.12.2022-жыл Жаңы-Базар айылы

“Чаткал айыл Өкмөтүнүн жергиликтүү
бюджетине өзөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”

Чаткал айыл Өкмотүнүн ФЭБнүн жергиликтүү бюджетке өзгөртүү киргизүү боюнча сунушун жана Чаткал айылдык Кеңешинин туруктуу “Буджет” комитетинин чичимин эске алуу менен Чаткал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз 17- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал айылдык Кеңешинин бюджет комитетинин №2 чечими канаттандырылсын.
2.Чаткал айыл Өкмөтүнүн киреше бөлүгүнө 2000,0 миң сом акча каражаты кириштелсин.
3.Жогоруда көрсөтүлгөн акча каражаты төмөнкүлөргө чыгышталсын:
4.Чаткал айыл Өкмөтүнүн башкаруу тармагынын 22154900 статьясына- 1567,0 миң сом;
5.Башкаруу тармагынын 2214 статьясына 98,0 миң сом:
6.Башкаруу тармагынын 2721 статьясына-335,0 миң сом коюлуп берилсин.
7.Жогоруда көрсөтүлгөн акча каражатын сарамжалдуу жана өз багытында жумшоо жагы Чаткал айыл Өкмөтүнүн ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
8.Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик расмий WWW: Chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
9. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик
укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Чаткал айылдык
Кеңешинин катчысына милдеттендирилсин.
10. Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет комитетинин төрагасы К.Карабаевге жүктөлсүн.

Чаткал айылдык Кеңешинин төрагасы: М.Козубаев

жжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжж
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН

ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ ЧАТКАЛЬСКИЙ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ
Жаны-Базар айылы Досматов көчөсү с.Жаны-Базар ул.Досматова

Чаткал айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын XV II кезексиз сессиясынын
Токтому №8

14.12.2022-жыл
“ Райондук өнүктрүү фондуна сунуштоо жөнүндө”

Чаткал айыл Өкмөтүнүн райондук өнүктүрүү фондуна долбоорлорду сунуштоо жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап Чаткал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XVII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал айыл Өкмөтүндөгү даярдалган долбоорлорду ишке ашыруу максатында бюджетин тартыштыгына байланыштуу райондук өнүктүрүү фондуна сунуштоо жөнүндөгу сунуштары жактырылсын.

2. Чаткал айыл аймагына караштуу Жаны Базар айылындагы “Баластан” МЧББУнун имаратынын курулуш иштерин бүтүрүү жана керектелүүчү эмеректерди (инвентар) сатып алуу долбоорун ишке ашыруудагы керектелүүчү 3 606 783 (үч миллион алты жүз алты мин жети жүз сексен үч) сом акча каражаты райондук өнүктүрүү фондунан суралсын.

3. Чаткал айыл аймагына караштуу Жаны-Базар айылындагы “Алтын Өрөөн” МЧББУнун керектелүүчү эмеректерди (инвентар) сатып алуу долбоорун ишке ашыруудагы керектелүүчү 900 000 (тогуз жүз мин ) сом акча каражаты райондук өнүктүрүү фондунан суралсын.

4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик расмий WWW: Chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Чаткал айылдык Кеңешинин катчысына милдеттендирилсин.

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаткал айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары К.Оморовго жүктөлсүн.

Чаткал айылдык Кеңешинин
төрагасы: М.Козубаев.
жжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжж

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН

ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ЧАТКАЛЬСКИЙ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ
Жаны-Базар айылы Досматов көчөсү с.Жаны-Базар ул.Досматова

Чаткал айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын XIV кезектеги сессиясынын
Токтому № 1
17.08.2022-жыл

““Кичи ГЭС куруу жөнүндө”

Чаткал айыл Өкмөтүнө түшкөн “Сапат-электро.КТ” ЖЧКсынын ГЭС куруу боюнча сунушун угуп жана талкуулап Чаткал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XIV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Чаткал айыл Өкмөтүнө караштуу Чандалаш айылындагы Чандалаш дарыясына кичи ГЭС куруу боюнча “ Сапат Электро.КТ” ЖЧКсынын кайрылуусу эске алынсын.

1. Чаткал айыл Өкмөтүнө караштуу Чандалаш участкасынан жалпы 5 жылдык мөөнөт менен 0,20 га жер аянты айыл чарба багытындагы жер аянтынан “Сапат энерго КТ” ЖЧК сынын жер аянтына кичи ГЭС куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясындагы жер участогун “Өнөр жайынын, транспорттун ,байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин
2. ГЭС куруу үчүн бөлүнүп берилген 0,20 га жер аянтына болгон тийиштүү иш кагаздарын КРнын Мыйзамдарына ылайык тийешелүү райондук мекемелерден, компетентүү органдардан суралсын жана иш кагаздарын даярдоо жагы “Сапат Электро.КТ” ЖЧКсына милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук
актылары жонундо” мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик
админстрациясынын расмий www:Сhatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн
тартып күчүнө кирет.

4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Чаткал айылдык Кеңешинин катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаткал айыл Өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

Чаткал айылдык Кеңешинин
төрагасы: М.Козубаев
жжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжжж

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН

ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ЧАТКАЛЬСКИЙ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ
Жаны-Базар айылы Досматов көчөсү с.Жаны-Базар ул.Досматова

Чаткал айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын XIV кезектеги сессиясынын
Токтому № 2
17.08.2022-жыл

“ Кыргыз Энерго” ЖЧКсынын кайрылуусун кароо жөнүндө”

Чаткал айыл Өкмөтүнө “Кыргыз Энерго ” ЖЧК сынын ГЭС куруу боюнча түшкөн сунушун угуп жана талкуулап Чаткал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XIV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал айыл өкмөтүнө караштуу Чандалаш айылындагы Чандалаш дарыясына кичи ГЭС куруу боюнча “ Кыргыз Энерго” ЖЧКсынын кайрылуусу эске алынсын.
2. Чаткал айыл Өкмөтүнө караштуу Чандалаш участкасынан жалпы 4,0423 га жер аянты айыл чарба багытындагы жер аянтынан “Кыргыз Энерго”ЖЧКсына (жайыт 4,0423 га) жер аянтына кичи ГЭС куруу үчүн Кыргыз Мамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын республикалык топурак-агрохимиялык станциясынын 2022-жылдын 02-августундагы №01-13/665 аныктамасына ылайык бул жерлердин категориясы боюнча “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясындагы жер участогун “Өнөр жайынын, транспорттун байланыштын,коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
3. ГЭС куруу үчүн бөлүнүп берилген 4,0423 га жер аянтына тийиштүү иш кагаздарын КРнын Мыйзамдарына ылайык тийешелүү райондук мекемелерден, компетентүү органдардан суралсын жана иш кагаздарын даярдоо жагы “Кыргыз Энерго” ЖЧКсына милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик админстрациясынын расмий www:сhatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Чаткал айылдык Кеңешинин катчысына милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаткал айыл Өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

Чаткал айылдык Кеңешинин
төрагасы: М.Козубаев