Урматтуу Чаткал районунун тургундары! 💊 Чаткал райондук санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө бөлүмү маалымдайт: 💊Кыргызстанда калкты вирустук гепатиттин «В» түрүнө каршы эмдөө башталды. 💊Эмдөөнү 23 жаштан 65 жашка чейинки курактагы, бардык каалоочулар жашаган жери боюнча медициналык мекемелерден акысыз ала алышат. 💊Вирустук гепатиттин «В» түрү – бул боорду жабыркатуучу жана цирроз, боордун рагы сыяктуу ооруларга алып келүүчү, кеңири жайылган жана кооптуу жугуштуу оору болуп саналат. Бул оору жылдан жылга көбөйүп жаткандыгы жана аны дарылоо үчүн көптөгөн каражатты гана талап кылбастан адамга жылдап моралдык жана материалдык көйгөй жаратып келүүчү оору катары белгилүү. 💊Эмдөөнүн алдында вирустук гепатиттин «В» түрүнүн бары же жогун аныктоо үчүн акысыз экспресс тестирлөө жүргүзүлөт (лаборатордук текшерүү). 💊Эгерде канынызда гепатит «В» вирусу жок болсо эмдөө ала аласыз. Ал эми канынызда гепатит «В» вирусу табылса, анда эмдөө жүргүзүлбөйт. Андай учурда дарыгер учетко алып, вирустук гепатитти дарылоо курсу белгиленет. 💊«В» гепатитине каршы эмдөө атайын схеманын негизинде, аралыктар менен 3 жолу жасалат(0-1-6). Эмдөөдөн кийин туруктуу иммунитет пайда болот. Башкача айтканда кайрадан жугуп, ооруп калуу мүмкүн эмес : ✅биринчи дозасы: эмделген күнү; ✅экинчи дозасы: 1 ай болгондо ✅үчүнчү дозасы: 6 ай болгондо жасалат. 💊«В» гепатитине каршы эмдөө, Сиздин ден соолугуңузду коргойт жана боор ооруларынын оорлошуусун (осложнения) алдын алууга жардам берет! 💊Эмдөө Россиялык «Регевак» вакцинасы менен жүргүзүлөт. 💊2023-жылдын 23-январынан баштап, райондук ооруканада эмдөө жүргүзүлө баштайт. Эмдөө алып өзүнүздү жана жакындарынызды оорудан сактап калыныз! 💊Ооруну дарылаганга караганда алдын алган жакшы! 💊Дени сак адам, дени сак үй бүлөө! Дени сак улут- өнүккөн өлкө!
Даярдаган эпид дарыгердин
жардамчысы: Ж.М. Жайчибекова