Аба аркылуу жугуучу- суу чечек оорусу
Суу чечек (ветрянка) оорусу — териде жана былжыр челдерде майда бүртүк түрүндө пайда болгон аба аркылуу жугуучу курч вирустук инфекция.
Дартка чалдыккандардын басымдуусу-14 жашка чейинки балдар эсептелет, бирок алар жеңил өткөрөт. Ал эми чоң кишилерде сейрек учурайт. Кокус чоң адам дарт жугузуп алса, өтө оор болуп, кыйналып калышы мүмкүн. Ошол эле учурда ооруган адамдын организминде илдетке туруктуу иммунитет пайда болуп, кайталап оорубайт.Кыргызстанда суу чечекке каршы вакцина жок. Себеби бул — жеңил түрдө өтө турган, адам баласы бир гана жолу чалдыга турган оору.
Суу чечек оорусунун көбөйүү себебин эпидемиологдор биз мурдагы калыбыбызга тагыраагы, коронавирустук пандемияга чейинки абалга кайтып келгенибизден бул инфекция көбөйө баштагандыгына байланыштуу деп түшүндүрүшөт. Себеби 2020-2021-жылдары чектөөлөр киргизилип, баары үйдө отуруп, карым-катнаш болгон жок. Ошондуктан буга чейин бул оорунун көрсөткүчтөрү төмөн болуп жаткан.
Бул оору «жеңил» деп айтылганы менен өөрчүп кетсе, өтө оор кесепеттерге алып келет. Мунун оор түрү адамды майып да кылып коюшу мүмкүн. Мисалы, энцефалит, менингит сыяктуу оор түрлөрүнө өтүп кетсе, бейтап бир топ жапа чегип калат. Денеге чыккан ысытмаларды тырмаса, ириңдеп, андан улам башка ооруларды пайда кылып коёт. Ошондуктан бул жөнөкөй оору эмес. Кош бойлуу аялдар жыйырманчы жумага чейин суу чечеги менен ооруп калса, анда ичиндеги баласы чарчап калышы мүмкүн. Ушул сыяктуу бир топ көйгөйлөр бар.
Суу чечек оорусунун вирусу адамдын денесине киргенде жети күндөн жыйырма бир күнгө чейин козголбой жүрө берет.
Көпчүлүк учурда оорунун баштапкы көрүнүшү 3-7 күн бою сакталып турат. Илдеттин белгилери: бейтаптын сөөгү сыздап, башы катуу ооруйт; дене табы көтөрүлөт; уйкусу качып, табити жоголот. Муну менен катар денесинин чоло жери калбай кызыл бүртүкчө каптап, ал акырындап исиркектеп (ыйлаакча) кетет.
Денедеги ысытмаларга (исиркек) «зелёнка» сыйпап туруу керек. Себеби бул ысытмалар жарылганда суу чыгат, ал эми ичине инфекция кирип кетиши мүмкүн. Дарыларды ичкенге болбойт. Дене табы аябай көтөрүлүп кетсе, парацетамол берип койсо болот. Жуунганга жана сыртка чыкканга болбойт. Диета кармоо керек. Таттуу жана цитрус жемиштерди жегенге уруксат эмес. Суюктукту көбүрөөк ичүү керек.
Ар бир инфекциялык оорунун пайда болуу, таралуу толкундары болот. Мисалы, гепатит төрт жылда, кызылча беш жылда, ал эми суу чечеги төрт жылда жапырт кайталанып турат.
Оорунун алгачкы белгилери байкалары менен дароо дарыгерге кайрылуу сунушталат.
Чаткал райондук санэпид борбору