Жалал-Абад областынын Чаткал районунун Сумсар айылдык аймагынын Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын У С Т А В Ы

Сумсар
АКИАнын Конференциясында
«___» ____________________ 2022-ж.
№_1__ протоколу менен
БЕКИТИЛДИ
Сумсар Айылдык Аймагынын
Айылдык кеңешинен эсептик каттоодон өттү
«___» ____________________ 2022-ж.

Каттоо №_________________

Жалал-Абад областынын
Чаткал районунун
Сумсар айылдык аймагынын
Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын
У С Т А В Ы

Сумсар айылы 2022- ж.

I.Жалпы жоболор
1. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органы катары түзүлгөнАйылдык коомчулуктун инвестициялык Ассоциациясынынтолук аталышы:
 мамлекеттик тилде: Жалал-Абад областынын, Чаткал районунун,Сумсар айылдык аймагынын «Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясы»;
 расмий тилде: «Инвестиционная ассоциация селских сообществ» Сумсарского айыльного аймака Чаткалского района Жалал-Абадской области.
2. Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынынкыскартылган аталышы:
 мамлекеттик тилде: Сумсар айылдык аймагынын АКИА;
 расмий тилде: ИАСС Сумсарского айыльного аймака.
3. Сумсар айылдык аймагынын Айылдык коомчулуктун инвестициялык Ассоциациясынын (мындан ары АКИА) юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад областы, Чаткал району, Сумсар айылы, Т.Кошбаев , көчөсү №120.
4. АКИА өз ишмердүүлүгүн Сумсар айылдык аймагында жүргүзөт.
5. АКИАнын иштөө мөөнөтү чектелбейт.
6. АКИАаймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы катары өз ишкердигинде Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин нормативдик укуктук актыларына, тийиштүү кеңештин жана алардын аткаруучу-тескөөчү органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын токтомдору менен буйруктарына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 10-октябрындагы № 625 токтому менен бекитилген Жобого, ошондой эле өздөрүнүн Уставына жана чечимдерине таянат.
7. АКИА аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы катары өз статусун ал жергиликтүү кеңеште эсептик каттоого алынган учурдан баштап алат. Эсептик каттоого туруу үчүн АКИА айылдык кеңешке өз мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунунчечимин (протоколун), Уставын тапшырат.
8. АКИА өз ишинде аны түзгөн жергиликтүү коомчулуктун мүчөлөрүнө жана аны каттаган айылдык кеңешке отчет берет.
II. АКИАнынмаксаттары жана иш-милдеттери
9. АКИАнын түзүлүү максаттары:
 социалдыкэкономикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө коомчулуктарды тартуу;
 кызмат көрсөтүүлөрдү өркүндөтүүгө, ишкердүүлүктү өнүктүрүүгө коомчулуктарды тартуу;
 калктын активдүүлүгүн жогорулатуу жана чечим кабыл алуу процесстерине катышуусун арттыруу.
10. АКИАнын иш-милдеттери:
 Жергиликтүү аймактын социалдык-экономикалык программасын иштеп чыгууга, аны жаңылоого жана ишке ашырууга катышуу, көмөктөшүү;
 Жергиликтүү аймактын социалдык-экономикалык инфраструктурасына байланыштуу көйгөйлөрдү аныктоого жана чечүүгө катышуу, көмөктөшүү;
 Жергиликтүү коомчулук тарабынан аныкталган көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган жергиликтүү жамааттын долбоордук сунуштарын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу, көмөктөшүү;
 эл аралык жана жергиликтүү донордук уюмдар, финансалык институттар менен иштешүү, алардан жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүү үчүн каражаттары/инвестицияларды тартуу;
 мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарында, соттордо жана башка мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мекемелерде коомдун кызыкчылыктарын, өздөрүнүн укуктарын, ал аймакта жашаган граждандардын мыйзамдуу таламдарынын атынан чыгуу жана коргоо;
 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын чечимдеринин аткарылышына жардамдашуу;
 аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аймагында ишканаларды, өндүрүштүк жана социалдык-маданий багыттагы башка ишканалар менен обьекттерди куруу жана кеңейтүү, соода, коомдук тамактануу, тиричиликтик тейлөө ишканаларын жана башка социалдык-маданий мекемелерди жайгаштыруу үчүн жер бөлүү маселеси, алардын иштөө режимдери боюнча маселелерде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жардамдашуу;
 курулуш куруунун, турак жайлык имараттарды пайдалануунун, турак үйлөрдү жана үйдүн жанындагы аймактарды күтүүнүн, өрт коопсуздугунун эрежелеринин жана санитардык нормалардын сакталышына, жердин, суунун жана башка табигый ресурстардын сарамжалдуу пайдаланылышына коомдук көзөмөл жүргүзүү, тийиштүү органдарга аныкталган кемчиликтерди жоюу жөнүндө сунуштарды киргизүү;
 коомдук турмуштун ар кыл маселелери боюнча демилге көтөрүү, мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарына сунуштарды киргизүү;
 калкка жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын АКИАнын сунушу боюнча же анын катышуусу менен кабыл алынган чечимдери жөнүндө кабарлоо;
 жергиликтүү жарандардын кызыкчылыгына тикелей таасир тийгизген маселелер боюнча чечимдерди даярдоодо жана кабыл алууда мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жүргүзгөн кеңеш берүүлөргө жана талкууларга катышуу;
 Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген жана айылдык аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган ар кандай башка иш-аракеттерди жүргүзүү.
III. АКИАнынукуктары жана жоопкерчилиги
11. Тиешелүүайылдык кеӊеш жана анын аткаруучу-тескөөчү органынын, жергиликтүү мамлекеттик администрация, ошондой эле ишканалар, мекемелер, уюмдар, кооперативдер, жамааттар жана башка чарбакер субъекттер менен келишимдик негизде эриш-аркак аракеттенүүгө укуктуу;
12. АКИАнын максаттары менен милдеттерин ишке ашыруу үчүн эл аралык донордук уюмдардын каражаттарын жана инвестицияларды тартууга укуктуу;
13. АКИА жергиликтүү жана эл аралык мамлекеттик эмес коомдук уюмдарга мγчѳ болуп кире алат жана тγз эл аралык байланыштарды тγзγγгѳ жана тийиштγγ макулдашууларды тγзγγгѳ укуктуу;
14. АКИА мамлекеттик жана жергиликтγγ башкаруу органдарынын милдеттери боюнча жооп бербейт, ал эми алар АИКАнын милдеттери боюнча жооп бербейт.
15. АКИАөзү кабыл алган чечимдердин мыйзамдуулугу үчүн жоопкерчилик тартат.
IV.АКИАнын башкаруу органдары
16. АКИАнын башкаруу органдары:
 Жогоркуорган–делегаттардын Конференциясы;
 Аткаруучу орган – аткаруу комитети;
 Текшерүүчү орган — текшерүү комиссиясы.
V. АКИАнын мүчөлөрү жанаалардын укуктары
17. АКИАнын уставына ылайык, жергиликтүү коомчулуктун тиешелүү аймагында туруктуу жашаган, АКИА менен өз ара таламдары боюнча байланышкан, бир үй чарбачылыгынын таламын билдирүүчү адам АКИАнын мүчөсү болот;
18. АКИАнын уставына ылайык ага мүчө болуу жана андан чыгуу ыктыярдуу болуп саналат;
19. АКИАнын мүчөлөрүАКИАнынанын жалпы чогулушуна катышууга укуктуу;
20. АКИАнын мүчөлөрү АКИАнын жалпы чогулушунун, анын аткаруучу комитетинин, текшерүүчү комиссиясынын бардык чечимдери,протоколдору менен таанышууга,алардынишмердүүлүгүнө байланыштуу ар кандай маалыматтарды алууга укуктуу;
21. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка укутарга ээ.

VI. АКИАнын Конференциясы
22. Конференция – АКИАнын жогорку башкаруу органы болуп саналат жана анын делегаттары Сумсар айылдык аймагынын курамына кирген айылдарынын жалпы чогулуштарында атайын бекитилген кворумдун негизинде шайланышат. Ар бир айылдан шайланган делегаттардын 50% аялдар жана 50% жаштар болушу керек;
23. Конференциянын делегаттарынын жалпы саны 100 киши, анын ичинен 50% аялдар жана 50% жаштар;
24. АКИАнын Конференциясы жылына кеминде бир жолу өткөрүлөт. Конференция АКИАнын аткаруу комитетинин чечими менен дайындалган күнү өткөрүлөт;
25. Кезексиз КонференцияАКИАнын аткаруу комитетинин төрагасы тарабынан же текшерүү комиссиянын, Конференциянынжалпы делегаттарынын 50%нан кем эмес мүчөлөрүнүн демилгеси жана айылдык кеңештин сунушу менен чакырылат;
26. Конференцияны өткөрүү үчүн АКИАнын жалпы мүчөлөрүнүн 60% нан кем эмес катышуусу талап кылынат, анын ичинен 50% аялдар жана 50% жаштар болуусу керек. Кворум жок болгон учурда, АКИАнын аткаруу комитетинин төрагасы Конференциянын жаңы датасын жана ордун белгилейт;
27. АКИАнын Конференцияларынын ишине айылдык кеңештин төрагасы, анын орунбасары, ар бир айылдан бирден көп эмес депутаты, айыл өкмөтүнүн төрагасы, ал жокто анын орун басары кеңешүүчү добуш менен катышыша алышат;
28. Бардык Конференциялардаярдык менен ачык, айкын өткөрүлүшү керек;
29. Биринчи Конференцияны катышуучулардын ичинен эң улуу аксакал башкарат. Ал күн тартибинин алгачкы эки маселеси боюнча: 1) кворумдун болушун аныктайт; 2) Конференциянын төрагасын жана катчысын шайлоону жүргүзөт. Андан ары бул Конференцияжана андан кийинки Конференциялар жаңы шайланган төраганын төрагалыгы астында жүргүзүлөт;
30. Биринчи Конференциянын күн тартибине АКИАнын уставын талкуулоо жана кабыл алуу жана АКИАнын ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу башка маселелер кирет;
31. Чечимдер Конференцияга катышкан делегаттардын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
VII. Конференциянын компетенциясы/укуктары
32. Конференциянын компетенциясына төмөндөгүдөй маселелер кирет:
 АКИАнын уставына жана башка ички документтерге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
 АКИАнын ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо;
 АКИАнынаткаруучу комитетинин жана ревизиондук комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо жана ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
 Жылдык отчетту бекитүү;
 АКИАны өзгөртүп кайра түзүү жана жоюу;
 АКИАнын уставында жана башка ички документтерде каралган дагы башка маселелер.
VIII. АКИАнын аткаруу комитети.
33. Аткаруу комитет АКИАнын учурдагы ишмердүүлүгүн башкарат жана Конференциялардын ортосундагы аралыкта АКИАнын ишмердүүлүгүн башкарууга жооп берет. Ушул уставга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Конференциянын компетенциясынан тышкары, аткаруучу комитет АКИАнын бардык функцияларын жана милдеттерин аткарат;
34. Аткаруу комитетинин мүчөлөрү Конференциянын делегаттарынын арасынан шайланат;
35. Аткаруу комитетинин мүчөлөрү Конференция тарабынан бир жылдан кийин кайра шайланышы мүмкүн. Аткаруу комитетинин бардык мүчөлөрү өз ыйгарым укуктарын мөөнөтү аяктагандан кийин токтотушат;
36. Аткаруу комитетинин ыйгарым укуктары:
— АКИАнын Конференцияларынуюштуруу;
— Жергиликтүү аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасын иштеп чыгууга катышуу;
— Айылдык кеңеште аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасын бекитүүгө катышуу;
— Донорлорго долбоорлорду тандоо жөнүндө маалымат берүү, тандалган инвестициялардын техникалык өнүгүүсү боюнча донорлор менен макулдашуу;
— Донорлорго сатып алуулардын абалы жөнүндө маалымдоо (тендердик документтерди макулдашуу, конкурстун мөөнөттөрү жана жыйынтыктары);
— Подрядчиктерге (жеткирүүчүлөргө) көмөк көрсөтүү, алардын ишине мониторинг жүргүзүү;
— Бүткөрүлгөн долбоорлорду эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө (ЭТТ) боюнча пландарды түзүү;
— Социалдык мобилизациялоону жана дараметти жогорулатууну жүргүзүү жана жүргүзүүгө көмөктөшүү;
— АКИАнын мүчөлөрүнүн, климаттын өзгөрүшү боюнча коомчулуктардын элчилеринин, коомдук кабарчылардын дараметин жогорулатууга көмөктөшүү;
— Социалдык отчеттуулук боюнча иш-чараларды координациялоо;
— Конференциянын/Жалпы чогулуштун чечимдерин ишке ашыруу.
37. Аткаруу комитети өзүнүн ишмердүүлүгү боюнча Конференцияга, эсептик катоодон өткөзгөн айылдык кеңешкеотчет берет;
38. Аткаруу комитети өзүнүн иш-милдеттерин жүзөгө ашырууда төмөнкүдөй принциптерди карманат: ыктыярдуулук, мүчөлөрдүн тең укуктуулугу, ачыктык, чынчылдык, мыйзамдуулук, айкындуулук, өз алдынча башкаруу жана Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарын сактоо;
39. Жаңы түзүлгөн аткаруу комитетинин уюштуруу отуруму Конференциядан кийин өткөрүлөт, аткаруу комитетинин биринчи отурумунда анын катчысы шайланат жана кийинки отурумдун датасы аныкталат;
40. Аткаруу комитетинин мүчөлөрүнүн отурумунда аткаруу комитетинин төрагасы жана анын орун басары шайланат. Аткаруу комитетинин курамы төрагадан, төраганын орун басарынан жана башка мүчөлөрдөн турат;
41. Аткаруу комитетинин төрагасы бир жылга шайланат. Аткаруу комитетинин мүчөлөрүнүн саны так болушу керек. Аткаруучу комитетинин жалпы саны 17 адамдан ашпайт, анын ичинен 50% аялдар жана 50% жаштар;
42. Аткаруу комитетинин кийинки отуруму кеминде 5 (беш) күн мурун бардык мүчөлөрүн кабардар кылуу менен аткаруу комитетинин төрагасы тарабынан чакырылат. Кезексиз отурумдар АКИАнын аткаруу комитетинин кеминде үч мүчөсүнүн жазуу жүзүндөгү талабы боюнча чакырылышы мүмкүн;
43. Аткаруу комитетинин отуруму анын мүчөлөрүнүн 2/3 катышуусунда гана өткөрүлөт. Аткаруу комитетинин мүчөлөрүнүн кворуму жок болгон учурда, төрага жыйынды жокко чыгарып, кийинки жыйынды 10 (он) күндөн ашпаган мөөнөткө жылдырышы керек;
44. Аткаруучу органынын мүчөлөрүнүн чечимдери добуш берүү жолу менен кабыл алынат, б.а. катышкан мүчөлөрдүн көпчүлүк добушу менен. Добуштар тең болуп калган учурда, төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп саналат;
45. Айыл өкмөтүнүн башчысы ээлеген кызматтына ылайык автоматтык түрдө аткаруу комитетинин мүчөсү болуп эсептелет жана аткаруу комитетинин бардык иштерине активдүү катышат;
46. Аткаруу комитетинин төрагасынын (төрайымынын) компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
— АКИАнын уставына кол коет;
— Бардык мамлекеттик, жеке, коомдук уюмдарда жана бирикмелерде АКИАнын атынан өкүлчүлүк кылуу;
— Аткаруу комитетинин отурумдарын өткөрүү;
— Конференциянын жана аткаруу комитетинин тапшырмаларын аткаруу;
— Конференцияда өзүнүн ишмердүүлүгү жөнүндө отчет берүү;
— АКИАнын атынан келишимдерге кол коюу;
— Аткаруу комитетинин компетенциясына кирген жана ушул Уставга карама-каршы келбеген башка ыйгарым укуктарды, функцияларды аткаруу.
47. Эгерде АКИАнын аткаруу комитетинин төрагасы (төрайымы) өзүнүн иш-милдеттерин аткара албаса, кайрадан аткаруу комитетинин төрагасы аткаруу комитеттин отурумунда көпчүлүк добуш менен шайланганга чейин төраганын милдеттерин төраганын орун басары аткарат;
48. Аткаруу комитетинин мүчөсү иш мөөнөтү аяктаганга чейин Конференциянынчечими менен кайра чакыртылып алынышы же алмаштырылышы мүмкүн.Ага себеп бул же тигил мүчөнүн өз милдеттерине кайдыгерлик кылгандыгы же аларды аткарбагандыгы же өз ыктыяры менен арыз жазышы болушу мүмкүн. Аткаруу комитетинин жаңы мүчөсүн шайлоо кийинки Конференцияда айылдарда өткөрүлгөн жалпы чогулуштардын чечимдерине ылайык өткөрүлөт.
IX. Текшерүү комиссиясы
49. ТекшерүүкомиссиясыАКИАнынКонференциясындабир жылдык мѳѳнѳткѳ АКИАнын мγчѳлѳрγнѳн 3 кишиден турган курамда шайланат. Текшерүү комиссиясы ѳз ишин акысыз тγрдѳ аткарат;
50. Текшерүүкомиссиянын мүчөлөрү АКИАнын аткаруу комитетинде кандайдыр бир кызматтарды ээлеген адамдар болбоосу керек;
51. Текшерүү комиссиясы АКИАнын аткаруу органынын жана анын башка структураларынын финансылык-чарбалык иштерин көзөмөлдөйт;
52. Текшерүүкомиссиясы жыл аягында отчетун берет жана ал отчет Конференциятарабынан бекитилет;
53. АКИАнын бардык кызмат адамдары текшерүүкомиссиясынын өз милдеттерин аткаруусуна көмөктөшүүгө милдеттүү;
54. Текшерүү комиссиянын мүчөлөрүн кайра шайлоо Конференциянын делегаттарынынтөрттөн биринин талабы боюнча мөөнөтүнөн мурда өткөрүлүшү мүмкүн;
55. Текшерүүкомиссиясынын төрагасы анын мүчөлөрү тарабынан мүчөлөрдүн ичинен шайланат.
Х. АКИАны жоюу жана реорганизациялоо
56. АКИАнын ѳз ишин токтотуу АКИАны реорганизациялоо же болбосо жоюу жолу менен Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексинде каралаган тартипте жγргγзγлѳт.

Сумсар Айылдык аймагынын
АКИАнын аткаруу комитетинин
Төрагасы _______________ /______________________________/
(колу) (аты-жөнү)