Токтом

Чаткал айылдык кеңешинин токтомдору (17. 08. 2022-жыл)

53

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ                                                     КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ                                                      ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ

ЧАТКАЛ РАЙОНУ                                                                      ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН

 

ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ                                      ЧАТКАЛЬСКИЙ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ

Жаны-Базар айылы  Досматов  көчөсү                                                       с.Жаны-Базар ул.Досматова

 

Чаткал айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын  XIV кезектеги сессиясынын

Токтому  № 1

17.08.2022-жыл

 

““Кичи ГЭС куруу  жөнүндө”

 

Чаткал айыл өкмөтүнүно “Сапат-электро.КТ”  ЖЧКсынын ГЭС куруу боюнча сунушун жана угуп жана талкуулап Чаткал айылдык кенешинин VII-чакырылышынын кезектеги  XIV-сессиясы

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Чаткал айыл өкмөтүнүн караштуу Чандалаш айылындагы Чандалаш дарыясына кичи ГЭС куруу боюнча “ Сапат Электро.КТ” ЖЧКсынын кайрылуусу эске алынсын.

 

  1. Чаткал айыл окмотуно караштуу Чандалаш участкасынан жалпы 5 жылдык моонот менен 0,20 га жер аянты айыл чарба багытындагы жер аянтынан  “Сапат энерго КТ” ЖЧК сынын жер аянтына кичи ГЭС куруу үчүн    “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясындагы жер участогун “Өнөр жайынын, транспорттун ,байланыштын,коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук  берилсин

 

  1. ГЭС куруу үчүн бөлүнүп берилген 0,20 га жер аянтына болгон тийиштуу иш кагаздарын КРнын Мыйзамдарына ылайык  тийешелүү райондук мекемелерден, компетентүү органдардан суралсын жана “Сапат Электро.КТ” ЖЧКсына  милдеттендирилсин.

 

  1. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жонундо” мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик админстрациясынын расмий www:Chatkal.kg  маалымат сайтына чыгарылсын.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаткал айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

 

 

 

 

      Чаткал айылдык Кеңешинин

      төрагасы:                                                                     М.Козубаев

 ************************************************

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ                                                     КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ                                                      ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ

ЧАТКАЛ РАЙОНУ                                                                      ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН

 

ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ                                      ЧАТКАЛЬСКИЙ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ

Жаны-Базар айылы  Досматов  көчөсү                                                      с.Жаны-Базар ул.Досматова

 

Чаткал айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын  XIV кезектеги сессиясынын

Токтому  № 2

17.08.2022-жыл

 

Кыргыз Энерго” ЖЧКсынын кайрылуусун кароо жөнүндө”

 

Чаткал айыл өкмөтүнө “Кыргыз Энерго ”  ЖЧК сынын ГЭС куруу боюнча сунушун жана угуп жана талкуулап Чаткал айылдык кенешинин VII-чакырылышынын кезектеги  XIV-сессиясы

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Чаткал айыл өкмөтүнүн караштуу Чандалаш айылындагы Чандалаш дарыясына кичи ГЭС куруу боюнча “ Кыргыз Энерго” ЖЧКсынын кайрылуусу эске алынсын.

 

  1. Чаткал айыл окмотуно караштуу Чандалаш участкасынан жалпы 4,0423 га жер аянты айыл чарба багытындагы жер аянтынан “Кыргыз Энерго”ЖЧКсынын (жайыт 4,0423 ) жер аянтына кичи ГЭС куруу үчүн    КыргызМамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын республикалык топурак-агрохимиялык станциясынын 2022-жылдын 02-августундагы №01-13/665 аныктамасына ылайык бул жерлердин категориясы боюнча “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясындагы жер участогун “Өнөр жайынын, транспорттун ,байланыштын,коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук  берилсин.

 

  1. ГЭС куруу үчүн бөлүнүп берилген 4,0423 га жер аянтына болгон тийиштуу иш кагаздарын КРнын Мыйзамдарына ылайык  тийешелүү райондук мекемелерден, компетентүү органдардан суралсын жана “Кыргыз Энерго” ЖЧКсына  милдеттендирилсин.

 

  1. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жонундо” мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик админстрациясынын расмий www:Chatkal.kg  маалымат сайтына чыгарылсын.

 

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаткал айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

 

 

 

      Чаткал айылдык Кеңешинин

      төрагасы:                                                                     М.Козубаев