Учурда балдарды чүчкүртүп, мурдунан чимкирик агызып, жөтөлтүп, какыртып, дене табын көтөртүп сасык тумоо сыяктуу кыйнаган тумоо жүрүп жатат. Врачтар балдарга көбүнчө ОРВИ диагнозун коюшууда. Бул эмне болгон дарт, кантип жугат, дарылануу жана алдын алуу жолдору тууралуу маалымат .
«ОРВИ ЧҮЧКҮРҮК, ЖӨТӨЛ АРКЫЛУУ ЖУГАТ»
– ОРВИ–(острая респираторная вирусная инфекция) кыргызча дем алуу жолдорунун вирустар чакырган курч кармаган жугуштуу инфекциясы (оорусу). Аба аркылуу, тагыраак айтканда, жөтөл, чүчкүрүк аркылуу жугат. Инкубациялык мезгили 3-4 сааттан 3-4 күнгө чейин. Дүйнөдө эң көп таралган оору тобу. Анткени курамына грипп, парагрипп, респиратордук-синцитиалдык вирусту, аденовирусту, риновирусту, метапневмовирусту жана вирустун 300дөн ашык подтиптерин камтыйт.
ОРВИнин жалпы белгилери сүрөттө, ал эми ОРВИнин курамына кирген оорулар тууралуу маалымат төмөндөгү таблицада берилди. Оорунун булагы ооруган адам. Ал чүчкүргөндө, жөтөлгөндө вирустар 2-3 метр аралыкка чейин тарап, соо адамга жугат. Ошондуктан эл көп топтолгон жерлерде, мисалы, мектепте, балдар бакчасында, базарда бат таралат. Кээде оюнчук, сүлгү, бет аарчы аркылуу жугуп калуусу мүмкүн.
Оорунун таралуу кези – жаз жана күз. 1-6 жаш тегерегиндеги балдарда ОРВИ көп кездешет, анткени аларда чоңдорго караганда иммунитет төмөн.
6 жаштан өйдөлөгөндө оорунун саны азаят. Бала, чоң адам деле ОРВИ менен ооруган соң организминде ОРВИге каршы 6-8 айга чейин туруктуу эмес иммунитет иштелип чыгат. Андыктан адам кайра эле ооруп калышы мүмкүн, бирок кийинкисинде жеңилирээк түрдө өтөт.
ОРВИ менен ооруган адамга бактериалдык инфекция кошулуп кетсе дарты кабылдап кетүүсү мүмкүн.Грипп же сасык тумоо күчтүү респиратордук вирустук инфекциялар тобуна кирет. Бул топтогу оорулар окшош белгилерге жана аны дарылоонун окшош ыкмаларына ээ болгондугуна карабай, алар ар кандай вирустар аркылуу тарайт. Грипп кичинекей балдар, өнөкөт оорулуу адамдар жана кош бойлуу аялдар үчүн өзгөчө коркунучтуу. Кош бойлуу аялдар сасык тумоо менен ооруп калса, шартка байланыштуу адистердин кеңешисиз дары-дармектерди ичүүгө тыюу салынат.
Дарыларды ичкенге болбойт. Себеби дары зыян этип, баланын ден соолугуна таасирин тийгизет. Көбүнчө ар кандай чөптөрдөн жасалган витаминдерди беребиз. Эгерде алар жардам бербесе гана, дары-дармек бергенге аргасыз болобуз.
Эгер 12 жумага чейинки аралыкта боюнда бар эне сасык тумоого чалдыкса баланын ден соолугуна таасирин тийгизет. Тактап айтканда наристенин тубаса жүрөк оорусу менен төрөлүшүнө , денесинин айрым мүчөлөрүнүн толук калыптанбай калышына шарт түзөт. Наристелердин таңдайы же эрини айрык болуп төрөлүшүнүн бир себеби да мына ушул сасык тумоо илдети.
ДАРЫЛОО
Оору белгилери билинер замат дарт кабылдап кете электе врачка алып барып текшертүү зарыл. Баланы же адам өзүн-өзү өз алдынча дарылабашы керек. Туура эмес дарылоо дарттын өтүшүп кетүүсүнө жеткирет. Кээ бирлер антибиотик бере башташат. Антибиотик бактерияларды өлтүргөнү менен, вирустарды өлтүрө албайт. Антибиотикти врач баланы текшергенде бактериялык инфекция да бар экени билинсе (мисалы ичи өтсө) жазып берүүсү ыктымал. Айыгат деп иттин майын берүүгө болбойт! Ал балдардын ичин өткөзүүсү мүмкүн, анын үстүнө вирустардан улам күч келип жаткан боорго ого бетер күч келтирет.
Дарылоо жалпысынан ичине төмөнкүлөрдү камтыйт: мурун бүтүү менен чимкирик агууга каршы мурунга тамчылатчу каражат, көз чылпактаса чылпакты кетирүүчү дары май, дене табын түшүрүүчү дары, иммунитетти көтөрүүчү дары свеча, жөтөлдү басып, какырыкты чыгарчу дары-дармек жана башка. Суюктуктарды көп берүү кажет, мисалы, компот, шире, морс, шорпо. Ал организмдеги ууларды жана какырыктарды чыгаруу менен какырыктын жибишин шарттайт.
ООРУНУН АЛДЫН АЛУУ
- Оору жайылып жаткан кезде эл топтошкон жерге балдарды алып барбоо кажет.
• Жеке гигиенанын эрежелерин сактоо зарыл: бат-баттан колду самындап жууп, кол менен оозду, мурунду кармалабоо сунушталат. Балдарды буга үйрөтүү зарыл.
•Балдарды таза абада күн сайын сейилдетип, бөлмөлөрдү желдетүүнү унутпаңыздар!
• Тамактануу рационуна жашылча-жемиштер, сүт азыктары жана курамында A (боор, каймак май),B1 (жер жаңгак, жумуртка, быштак),C (карагат, лимон, капуста) витаминдери бар азыктар кошулушу керек.
•Балдар оорубаш үчүн спорт менен достоштуруу керек
Түрдүү вирустар чакырган ОРВИнин салыштырмалуу оору белгилери
Аталыштары | Грипп
(сасык тумоо) |
Парагрипп | Респиратордук
синцитиалдык вирус |
Аденовирус | Реновирус |
Эмнени
жабылкатат |
Жогорку дем алуу жолдорунун былжыр кабыкчаларын, нерв системин жабыркатат жана организмди кату ууланууга жеткирет. | Жогорку дем алуу жолдорунун былжыр кабыкчаларын жабыркатат. | Дем алуу жолдорунун төмөнкү бөлүкчөлөрүн жабыркатат (кекиртек, трахея, бронхтор) | Дем алуу жолдорунун былжыр кабыкчаларын көздү, ичегини, боорду, ички бездерди жабыркатат. | Мурундун былжыр кабыкчаларын жабыркатат. |
Белгилери | 1-3 сутка аралыгында дене табы 38-40 градуска дейре көтөрүлөт. Баш катуу ооруйт, чыйрыгат, булчуңдар ооруйт, тамак буулуп, үн каргылданат, бактериялык инфекция кошулгандан улам жөтөл жаралат. | Мурундан суу, чимкирик агат, үн каргылдайт, күрсүлдөгөн жөтөл жаралат, баш азыраак ооруйт, айрымдарда дене табы 38 градуска азыраак убакыт көтөрүлөт. | Үн каргылдайт, жутканда тамак оорутат, мурун бүтөт, дене табы 37-38 градуска жетет, 3-4 сутка дегенде кургак жөтөл пайда болот, бала ынтыгат, кыйылдап дем алып калат. | 3-4 суткада дене табы 38 градуска дейре көтөрүлүшү мүмкүн. Баш ооруйт, чыйрыгат, чимкирик жана көздөн жаш агат, көз чырпактайт, коньюктивит жана лорингит жаралат. | Мурун бүтөт, мурундан суу токтобой агат, дене табы калыптагыдай болуп, 38 градустан көтөрүлгөну чанда кездешет, баш катуу ооруйт. |
Кабылдап
кетсе кайсы оорулар жаралат? |
Миокардит, пиелонефрит, өпкөнүн же мээнин шишиги(отек), менингит, пневмония | Бактериалдык пневмония, ангина, тамак буулуп, демигүү жаралат(круп) | Отит, пневмония, мээнин шишиги(отег) | Гайморит, отит, пневмония, жаралат, бөйрөктүн иштөөсү начарлайт. | Чанда отит, бронхит, синусит жаралуусу мүмкүн. |
Даярдаган Ала-Бука райондор аралык ОААжМСЭК борборунун
Чаткал райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө
бөлүмүнүн эпидемиолог дарыгердин жардамчысы:Ж.М.Жайчибекова