- Баарыбызга белгилүү болгондой жыл сайын 1-декабрда биздин өлкөдө да ВИЧ/спид оорусуна каршы күрөшүү күнү белгиленип келет. Ошондуктан бул оорунун таралышына каршы райондо иш-чаралар өткөрүлүп келет.
Бул күн качантан бери белгиленип келүүдө жана максаты кандай?
-Бул күндү белгилөө Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жана БУУнун Башкы Ассамблеясынын чечими менен 1988-жылы бекитилген. Бул күндүн белгиленип келе жатканына быйыл 34 жыл болду жана девизи-“Өзүңдүн статусуңду бил”.1-декабрь бүткул дүйнөлүк спид оорусуна каршы күрөшүү күндү өткөрүү үчүн саламаттыкты сактоо министирлиги тарабынан жыл сайын бир айлык жарыяланат. Анын негизги максаты коомчулуктун көңүлүн буруу жана калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, спид оорусунан өлгөндөрдү эскерүү, ооруну жеңип чыгуу боюнча жетишкендиктерди айтуу болуп саналат.Белгилей кетчү жетишкендиктердин бири:дарылануунун негизинде вич-инфекциясын жуктуруп алгандардын ден соолугунун оңолушу , узак жашоосу, өнөктөшүнө жана ымыркайларга вич инфекциясынын жуктуруу коркунучунун жоктугу.
Бүгүнкү күндүн символу-“Кызыл лента”. Ал 1991-жылы америкалык сүрөтчү Франк Муру тарабынан ойлоп чыгарылган, кошуналарынын Персид булуңунда согушта жүргөн солдат кызынын аман-эсен келишин күтүп жаткандыгынын белгиси катары сары түстөгү лентаны жана Атлантада өлтүрүлгөн балдарды эскерүү күнүндө жашыл лентаны тагышкандарын көрүп, 1-декабрга карата кызыл лентаны тагынууну сунуштаган .Бүгүнкү күндө кызыл лента эң популярдуу болуп саналат.
АИВ инфекциясы жаатындагы мамлекеттик саясат көп сектордук мамилеге негизделген. 2005-жылдын 13-августунда №149 “КР вич/спид жөнүндө” КР мыйзамы жана КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы №852 токтому менен бекитилген. 2017-2021-жылдарга КРда АИВ-инфекциясын жеңүү боюнча КР Өкмөтүнүн программасы кабыл алынган. Бул программада адамдын иммунодефицит вирусунан (АИВ инфекциясы) пайда болуучу өнөкөт оорулардын жайылышын алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын максаты , милдеттери жана негизги максаттары аныкталган. Программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы бекитилген. Кыргыз Республикасынын министирликтерине, мамлекеттик комитеттерине, админстративдик ведомсттволоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүу мамлекеттик өз алдынча башкаруу органдарына иш-чаралар планын аткаруу милдеттендирилген.
АИВ –инфекциясын жеңүү боюнча маселелер жаатындагы министирликтердин, ведомстволордун маселелер жаатындагы министирликтердин, ведомстволордун жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын, жарандык коом мекемелеринин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишин координациялоону жана оптималдаштырууну күчөтүү үчүн КР Өкмөтүнө караштуу АИВ/СПИДге, кургак учукка жана безгекке каршы күрөшүу боюнча өлкөлүк координациялык кеңештин иши КР Өкмөтүнө караштуу коомдук саламаттыкты сактоо боюнча коомдук координациялык кеңештин ишине интеграцияланган.
2015-жылдын 25-сентябрында БУУнун башкы ассамблеясы тарабынан кабыл алынган резолюция Туруктуу Өнүгүүнүн максаттарынын бири катары дүйнө коомчулугуну менен биргеликте 2030-жылга СПИД эпидемиясын жок кылуу деп белгиленген. Бул максаттарды ишке ашыруу үчүн ЮНЭЙДС (Бириккен улуттар уюмунун ВИЧ/СПИД боюнча программасы) эл аралык уюму тарабынан 90:90:90 стратегиясы кабыл алынган. Бул стратегиянын негизинде 2020-жылга:
- 90% вич инфекциясын алып жүргөндөр өзүнүн статусун билет;
- 90% вич инфекциясын алып жүргөндөрдарыланууга камтылат;
- 90% дарыланып жаткан вич-инфекциясын алып жүргөндөрдүн канынан вирустун саны аныкталбайт.
Бул стратегияны аткаруу үчүн биздин мамлекетте бардык мүмкүнчүлүктөр бар: мамлекеттик каржылоонун жылдан-жылга көбөйүшү ВИЧ-инфекциясын аныктоо үчүн жаңы ыкмалардын киргизилиши, ВИЧ-инфекция аныкталаары менен дарылоонун башталышы, аярлуу топтордун арасында алдын алуу программалардын иштеши. Энеден балага АИВди жугузуу үлүшүн 2%дан азыраак деңгээлге чейин кыскартууга жетишүү натыйжасында 2030-жылга карата толугу менен жоюуу (2010-жылы энеден-балага берүү жолу 3,6%ды түзсө 2017-жылы 1.8%түздү)
ВИЧ/СПИД оорусу Кыргыз Республикасында да күч алып, чагылган сыяктуу тез таркап, бардык адамзат үчүн коркунуч туудуруп,сан жагынан арбып келүүдө дүйнө жүзү боюнча окумуштуулардын маалыматына ылайыкбир күндө 16000, минутасына 11 киши ооруну жуктуруп алып турат. Дагы бир коркунучтуу жагы бул оору проддуктивдүу эмгекке жарамдуу калктын катмарына таралып жаткандыгында. Бүгүнкү күнү Африканын айрым жерлеринде жаш балдар жана кары-картаңдар эле калып, ал эми ортодогу эмгекке жарамдуу катмардагылар СПИД оорусунан кырылып калган. Бул оору менен оорубайм деп эч ким кепилдик бере албайт. Жашпы, карыбы, колунда барбы, жокпу эч тандалбайт, баарыбызга тең бирдей коркунуч бар. Республикада 1987-жылы эң биринчи оору катталган, 1987-1996-жылга чейин жалаң чет элдик атуулдар катталып келген. Учкучтарды даярдоочу аскердик окуу жайына Африкадан жана башка өлкөлөрдөн келип окушчу. Эң алгач ошолордун арасынан чыккан. Бизге, доктор Назаралиевдин клиникасына келип дарылануучу баңгиден жапа чеккендердин арасында чыгып турган. 1996-жылга чейин өз атуулдарынан СПИД оорусу катталбаган бирден-бир өлкө болуп келгенбиз.
2022-жылдын 1-июнуна карата Кыргыз Республикасы боюнча 10825 киши бул ооруну жуктуруп алгандыгы катталып, 2920 киши каза болду. Мунун ичинен 3544 (43.9%) баңги затын сайынып колдонгон наркомандар жана эмгекке жарактуу 20-39-жашка чейинки жаштар жуктуруп алышууда, алар 65%ды (5312) түзүүдө.
ВИЧ-инфекциясынын 100.000 кишиге көрсөткүчү 2012-жылга-12, 2013-жылга -9, 2014-жылга – 10,5 , 2015-жылга – 9,9 , 2012-жылга – 11,8 , 2017-жылга – 13 киши туура келет. Жылдан жылга бул ооруну жуктуруп алгандардын саны өсүүдө (2016-жылы-707, 2017-жылы – 793, 2018-жылы-813, 2019-жылы-783, 2020-жылы-635, 2021-жылы800 ал эми 2022-жылдын май айына карата-298 учур, ал эми 1-сентябрына карата жалпы -626 учуркатталган ) Акыркы 10 жылдын ичинде салыштырмалуу алсак жугуу жолдору өзгөрүлдү 2008-жылы жыныстык катнаш аркылуу жугуу 28%ды түзсө, ал эми 2018-жылы 63.5%ды 2008-жылы кан аркылуу жугуу 53%ды, ал эми 2018-жылы 18%ды түздү. Учурда КРда жалпы-11151 учур катталып, 2984 вичтен, 767-спидтен каза болду.
- 21 бейөкмөттүк уюмдардын базасында аярлуу топтордун арасында ВИЧ-инфекциясын алып жүргөндөрдү шилекейден аныктоо ыкмасы киргизилди.
- Лабораториялык жол менен тастыктоо мөөнөтү кыскартылды, мурда 2 ай ичинде жыйынтыгы чыкса, бүгүнкү күндө 2 жума ичинде жыйынтыгы берилет.
- ВИЧ-инфекция аныкталгандан баштап эле дарылоо ыкмасы киргизилди. Белгилей кетчү жетишкендиктердин бири – бул ыкманын негизинде ВИЧ-инфекциясын жуктуруп алгандардын ден соолугунун оңолушу, узак жашоосу, өнөктөшүнө жана кош бойлуу кезде түйүлдүккө ВИЧ-инфекциясын жуктуруу коркунучунун азайышы.
- Электрондук система(ЭС) толук киргизилди.
- Республика боюнча 4 мобилдик клиника иштеп жатат, аярлуу топтогуларды экспресс-тест ыкмасы менен СПИДке, кургак учукка, сифилиске жана сарык оорусунун “С” түрүнө текшеришет. Экспресс жолу менен шилекейден жана кургатылган кандан ВИЧке текшерүу жүргүзүлөт.
- АИВди алып жүргөн энеден төрөлгөн ымыркайдан согончогунан кан алып текшерүү ыкмасы киргизилген.
АИВ-инфекциясына чалдыгуу өлкөнүн бардык региондорунда катталган. Бүгүнкү күнгө(01.05.2022)
Чүй облусунда-2975 анын ичинен каза болгону 822 жаран
Ош облусунда-1641 анын ичинен каза болгону 375 жаран
Бишкек шаарында-2432 каза болгону 253 жаран
Ош шаарында-1227 анын ичинен каза болгону 462 жаран
Жалал-Абад облусунда-1190 анын ичинен каза болгону 301 жаран
Ыссык-Көл облусунда- 359анын ичинен каза болгону 52 жаран
Баткен облусунда-265 анын ичинен каза болгону 60 жаран
Нарын облусунда-206 анын ичинен каза болгону 44 жаран
Талас облусунда-159 анын ичинен каза болгону 38 жаран
Жугуу жолдору боюнча алганда:
- Жыныстык катнаш аркылуу — 5453
- Кан аркылуу жугуу — 4153
- Энеден балага берилүүсү — 285
- Белгисиз-563
Жынысы боюнча алсак:
Эркектер- 6607, Аялдар-3847.
Оорунун көбөйүшүнүн негизги себептери:
- Өлкөнүн баңги зат трафигинин жолунда жайгашуусу
- Ички жана сырткы миграция
- Секс кызматынын өнүгушү (туш келди жыныстык катнашка баруу, өнөктөшүн бат-баттан алмаштыруу,)
- Стигма жана дискриминация.
ВИЧ/СПИД терминдеринин айырмасы: ВИЧ-кишинин иммундук жетишсиздигинин вирусу (КИЖВ), адам алгач ушул вирус менен жабыркайт. Вирус канда, спермада жана кан суюктуктарында аябагандай көп өлчөмдө болот, ал эми шилекейде, терде, заарада, көз жашта жана башка суюктуктарда аз өлчөмдө болот.
СПИД- кабылданган иммуно тырыштык синдрому (синдром оорулардын белгилеринин комплекси) пайда болгон иммундук жетишсиз синдрому, бул оорунун акыркы терминалдык стадиясы.
Ушул ооруну козгогон вирус боюнча: Оорунун козгогучу адамдын организминде гана жашоочу вирус, ал сырткы чөйрөдө туруксуз, 56 градуста 30 мүнөттө өлөт. Жугушсуздандыруучу каражаттар(хлорамин, НГК) бат өлтүрөт. Климаттык шартка жараша, адамдын организмине жараша өзгөрүп турган вирус, ошон үчүн бүгүнкү күнгө чейин дарысы табылбайт.
ВИЧ/СПИДдин жугуу жолдору кандай? Оорунун 3 жугуу жолу бар:
- Жыныстык катнаш аркылуу: презервативсиз туш келди жыныстык катнаш, эркек менен эркектер жыныстык катнашка барганда .
- Кан аркылуу: ооруларга текшерилбеген донордун каны куюлганда, жугушсуздандырылбаган медициналык аспаптар аркылуу, медициналык эмес аспаптарды колдонууда (балдарды сүннөткө отургузууда, татуировка жасоодо, чач тарачтарда жугушсуздандырылбаган кайчы, маникюрдук каражаттар,сакал-мурут алуучу станоктор).
3.ВИЧ-инфекциясын жуктуруп алган энеден балага: боюнда барда, төрөт учурунда, эмчек сүтү аркылуу.
Башка учурларда: учурашууда, тамак ичкенде, идиш-аяк аркылуу, мончодон, саунадан, курт-кумурска аркылуу жукпайт.
Оорунун биринчи белгилери: Адамдын сыртынан карап анын оорулуу экенин айтыш кыйын, бир гана лабораториялык жол менен аныкталат. Анализ эки жолу алынып, Бишкектеги Республикалык СПИД борборунун референц лабораториясынан тастыкталып келгенден кийин гана каттоого алынып, көзөмөл жүргүзүлөт. Вирус организмге киргенден кийин адамдын иммунитет чыгаруучу клеткаларын жабыркатат, бара-бара иммундук клеткалардын сырткы чөйрөдөн кирген микробдорду жоготуу функциясы жоголуп, адамдын иммунитети начарлай баштайт дагы, адам кайсыл оору менен ооруп жүрсө ошол оорулары күчөйт жана сырттан ар кандай жугуштуу ооруларды бат жугузуп алат (кургак учук, онкологиялык оорулар, сарык оорулары, грипп, ж.б.). Узакубакытка 1-1.5 айга чейин эти ысып, башы ооруп, ичи өтөт. Тамак, колтук бездери жумуртканын көлөмүнө чейин чоңоюп, кандайдыр бир убакыттан кийин кайра кичирейип, өзүнөн өзү билинбей калат. Андан кийин адам оорубай 5-10 жылга чейин жүрө берет. Организмдеги иммунитет чыгаруучу клеткалар жабыркагандан кийин оорунун бардык белгилери: кургак учук, рак, стоматит, денеге жаралар чыга баштайт, акыл-эси начарлайт. Акыры адам бул оорулар менен күрөшө албай төшөккө жатып калат.
Ооруган адам канчага чейин жашайт жана аларды дарылоо боюнча: Ооруну жуктуруп алган адамдын аз же көп жашашы бир гана өзүнө жараша болот. Мисалы: наркомандар андан ары сайынып, өзүн-өзү карабаса өлүмү алыс эмес. Эгер спорт менен машыгып, калориялуу тамак ичип, өзүн-өзү карап, тамеки чекпей, арак ичпей, жаман жолдорго барбай оорулардан сактанып жүрсө көп жыл жашайт. Азыр антиретровирустук (АРВ) дарылар колдонулат, бирок бул дары вирустун өзүн өлтүрбөйт, ал кандын составындагы ичине кире элек, бош жүргөн вирустардын кыймылын азайтып, алардын иммундук клеткаларга жабышуусуна тоскоолдук кылат. Бул дарылар бекер берилет.
ВИЧ/СПИДге кимдер текшерилет? Текшерилүүнүн түрлөрү булар:
1.Милдеттүү медициналык текшерилүү-чет элдик атуулдар,донорлор, медициналык кызматкерлер.
- Ыктыярдуу.
- Мажбурлоо түрү-тергөөчүнүн, прокурордун чечиминин негизинде.
КРнын ССМнин буйругунун негизинде СПИД оорусуна текшерилүүгө көрсөткүчү бар контингенттер текшерилет: наркомандар, туш келди жыныстык катнашка баргандар, венерикалык оорулуулар, боюнда бар аялдар, түрмөдө жана убактылуу кармоочу жайда жаткандар, кургак учук, онкологиялык, гепатит, өнөкөт оору менен ооруган чоң кишилер жана жаш балдар, медициналык мекемелерде кырсык учурунда кабылган медициналык кызматкерлер, ВИЧ-инфекциясын алып жүргөндөр менен катнаш болгондор жана жогорудагы оорулардан каза болгондор менен контактта болгондор.
Медициналык кызматкерлер анализ алаардан мурда аңгемелешүү жүргүзүп(тестке чейинки), СПИД оорусу боюнча кеңири маалымат берип, жыйынтык оңже терс болушу мүмкүн деп айтып, анын макулдугун алып, макулдук берүү бланкасына кол койдуруп, андан кийин анализ алынат. Анализ тапшырган адам кандай жыйынтык болбосун даяр болот. Жыйынтыгы чыккандан кийин кайра (тесттен кийинки) аңгемелешүү жүргүзүлүп, жыйынтыгы угузулат. Эгер жыйынтык оң белги берсе тастыктоо үчүн Бишкек шаарындагы Республикалык СПИД борборуна жиберилет. Ал жерден ВИЧ-инфекциясын алып жүрүүчү деп аныкталса өзүн кандай алып жүруусү, жакындарын кандай сакташ керектиги, ал эми терс белги болсо 3 айдан кийин кайра текшерилүү керектиги айтылат.
Оорунун таралышын кантип токтотуу жана алдын алуу керек? Ооруну токтотуп калуунун бирден-бир куралы бул-маалымат. Элге тынбай маалымат берип, түшүндүрүү иштерин жүргүзө берүү керек. Оорукана ичинде ВИЧ-инфекциясынын, сарык оорусунун “В”, “С” түрлөрүнүн медициналык аспаптар аркылуу тарашын алдын алуу максатында колдонулган аспаптардын туура жугушсуздандырылышына, жууп-тазаланышына, стерилизация болушуна жана донордун канынын жогорудагы инфекцияга текшерилбей куюлушуна, ВИЧ-инфекцияга текшерилүүгө көрсөткүчү бар контингенттердин толук текшерилүүсүнө катуу көзөмөл жүргүзүлөт. СПИД оорусуна каршы күрөшүү бир гана медициналык кызматкерлердин жумушу эмес, жалпы коомчулук бирдикте иш алып барышыбыз керек.
Даярдаган Чаткал РСЭКБнүн эпидемиолог дарыгердин жардамчысы:
Жайчибекова Жылдыз Мамырбековна
18 – ноябрь 2022-жыл