Кабар

Тоо-кен тармагындагы гендерлик теңчилик талкууланды

22

15-сентябрда Жаңы-Базар айылында «Тоо-кен тармагындагы гендерлик теңчилик» аттуу темада семинар-тренинг болду.

Тренингде райондун тоо кен тармагына аялдардын ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү көйгөйлөрү талкууга алынды.

Долбоордун негизги максаты-жаратылыш ресурстарын башкарууда гендердик күн тартибин алга жылдыруу болуп саналат.

Негизинен, жаратылыш ресурстарын башкарууга аялдардын көбүрөөк катышуусу учур талабы болууда.

Аталган маселе тренингдин негизги күн тартибине коюлуп, катышуучулар тарабынан кызуу талкууга алынды.

Тренингдин уюштуруучусу Шекербү Жээнтаева аталган маселеге тиешелүү мыйзамдар менен катышуучуларды тааныштырды.

Катышуучулар тренингдин негизги темасы болгон тоо кен тармагына аялдардын ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү көйгөйлөрү жаатындагы ой-пикирлерин жана сунуштарын тийиштүү жактарга жеткирүү боюнча чечим кабыл алышты.