Токтом

Чаткал айылдык кеңешинин токтому (29.08.2017-ж)

80

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН

ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ ЧАТКАЛЬСКИЙ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ

Жаны-Базар айылы Досматов көчөсү с.Жаны-Базар ул.Досматова
Чаткал айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын IХ сессиясынын

№ 2 Токтому
29.08.2017-жыл Жаңы-Базар айылы

Чаткал айылдык кенеши 20.06.2017-жылкы элдик жыйындын № 27 токтомун
эске алып, ошондой эле Өзбекстан мамлекети менен чектешкен мамлекеттик чек араны чындоо максатында эски жолду жаныртуу үчүн,элдердин койгон суроо талаптарын орундатуу максатында Чаткал айыл өкмөтүнүн сунушун угуп жана талкуулап Чаткал айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал айыл аймагына караштуу Беш Арал мамлекеттик коругунда
жайгашкан 200 га жерин, чек араны тейлөө үчүн жол куруу, эски жолду калыбына келтирүү жана жолдун мындан ары ондоп түзөө иштерин жүргүзүү үчүн жана чек ара кызматкерлерине кошумча зардал курууга багытталган жер тилкесин өздөштүрүү үчүн “ Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери » категориясынан «Өнөр
жай, транспорт,байланыш,коргонуунун жана башка багыттагы жерлер » категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Чаткал айыл өкмөтү тарабынан каралып жердин категориясын которуу маселеси тууралуу арызы Чаткал райондук мамлекеттик админстрациясынан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чаткал айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын жана 10 күндүк мөөнөт менен каралышын көзөмөлгө алуу милдетендирилсин

 

Чаткал айылдык кенешинин төрагасы; Эргеш уулу У