Кулактандыруулар

Кулактандыруу!

214

Урматтуу районубуздун фермерлери жана жалпы тургундары.

Финансы кредиттик фонду тарабынан сүт секторун кредиттөө багытында «Сүт тармагынын өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу» программасынын алкагында жеңилдетилген түрдө кредиттик насыялар берилүүдө.

Кредиттик насыянын максаты — сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн жакшыртуу, киреше алуу мүмкүнчүлүктөрүн илгерилетүү жана Кыргыз Республикасынын айрым аймактарында сүт өндүрүүчүлөрдүн туруктуулугун камсыз кылуу болуп саналат.

Насыя алууга талапкер арыз ээлери төмөнкү документтерди даярдоосу зарыл:

Фермердик чарбалар учун (юридикалык
жактар):

-насыя алууга арыз;

каттоо жана уюштуруу документтеринин көчүрмөсү (устав, каттоо тууралуу күбөлүк, патент, уюштуруу келишими);

жетекчинин паспортунун көчүрмөсү жана кызматка дайындоо жөнүндө буйрук;

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна жана салык кызматына карыздары жок экендиги жөнүндө маалым кат;

-күрөөгө коюлуп жаткан жана пайдаланылып жаткан мүлккө менчик укугун тастыктоочу документтердин көчүрмөсү (сатуу-сатып алуу келишими, инвентаризациялык иш, пайдалануу укугу жөнүндө акты);

берилген мүлк (кыймылсыз, кыймылдуу мүлк) күрөөдө турбагандыгы же ага чектөө коюлбагандыгы тууралуу каттоо кызматынан маалым кат;

— компетенттүү органдардын мүлктүк (ИММ, МЖ) абалы тууралуу маалым кат;

-Финасы-кредиттик уюмдарда карыздарынын жок/бар экендиги тууралуу «Ишеним» кибден маалымат:

— насыя алууга жана күрөөгө коюуга дыйкан чарбанын мүчөлөрүнүн жыйынынын чечими (макулдугу):

Юридикалык жак катары түзүлбөй, өз ишмердигин жүргүзүүчү айылдык товар өндүрүүчүлөр жана фермердик чарбалар үчүн:

-насыя алууга арыз;

— арыз ээсинин/кепилдик берүүчүнүн паспортунун көчүрмөсү (салыштырып текшеруу учун түп нускасы); зайымчынын/кепилдик берүүчүнүн нике тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү;

-жубайынын (-лардын), балдарынын паспортторунун көчүрмөсү же балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү (салыштырып текшерүү үчүн түп нускасы);
— жубайынын (-лардын) кредит алууга нотариус аркылуу тастыкталган макулдугу;

-арыз ээсинин/keпилдик берүүчүнүн жашаган жеринен жана үй-бүлөсүнүн курамы тууралуу маалым кат;

арыз ээсинин/кепилдик берүүчүнүн ээлеген кызматын, эмгек стажын, акыркы 12 айга эмгек акысын көрсөтүү менен иштеген жеринен маалым кат;

күрөөгө коюлуп жаткан жана пайдаланылып жаткан мүлккө менчик укугун тастыктоочу документтердин көчүрмөсү (сатуу-сатып алуу келишими, инвентаризациялык көктөмө, пайдалануу укугу жөнүндө акты);

компетенттүү органдардын мүлктүк (имм, МЖ) абалы тууралуу маалым кат;

Финансы-кредиттик уюмдарда карыздарынын жок/бар экендиги тууралуу «Ишеним» КИБден маалымат:

мурда берилген бюджеттик кредиттери боюнча карызы жок болуусу;

— берилген мулк (кыймылсыз, кыймылдуу мүлк) күрөөдө турбагандыгы же ага чектөө коюлбагандыгы тууралуу каттоо кызматынан маалым кат;

кошумча кирешелери бар экендигин тастыктаган документтери.

Кредит төмөнкү шарттар менен
берилет:

Максаттуу багыт — сүт өндүрүү үчүн же ири мүйүздүү малдын башын көбөйтүү үчүн ири мүйүздүү мал (уй) сатып алуу;

1. Насыянын суммасы — сүт
өндүрүүнү жүзөгө ашыруучу же ишмердиги сүт өндүрүүгө
багытталган айылдык товар өндүрүүчүлөргө,

500 000 (беш жуз миң) сомдон көп эмес;

2. фермердик чарбаларга — сут өндүрүүнү жүзөгө ашыруучу же ишмердиги сүт өндүрүүгө багытталган айылдык товар өндүрүүчүлөргө, 1 000 000 (бир миллион) сомдон кеп эмес;

насыянын мөөнөтү 3 жылга чейин, анын ичинде, негизги сумманы төлөө боюнча 9 айга чейинки жеңилдетилген мезгил;

насыя боюнча пайыздык коюм- жылдык 6 (алты) пайыз;

финансылык санкция мөөнөтү өткөн төлөмдүн суммасына жылдык 12 пайыз;

күрөөлүк камсыздоо: кепилдик берүүчүсү болсо 150 000 (жуз элүү миң) сомго чейин кредит берүү каралат.

Кошумча маалымат алууну каалагандар төмөнкү дареке кайрылса болот; Каныш-Кыя айылы, Т. Айдаров көчөсү 17, раймамадминистрациясынын имараты. Тел: +996 (3749) 60292, +996 (705) 000125, +996 (777) 000125,