КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ
СУМСАР АЙЫЛДЫК
КЕНЕШИ
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
СУМСАРСКИЙ АЙЫЛНЫЙ
КЕНЕШ
индекси, 721703 Сумсар айылы
Тел: 03749 60082,60086, 60272
e-mail: sumsar_okrug@mail.ru
Почтовый индекс, 721703, с. Сумсар
Тел: 03749 60082,60086, 60272
e-mail: sumsar_okrug@mail.ru
Сумсар айылдык Кенешинин VII-чакырылышынын кезексиз VIII сессиясынын
№ 8-8ТОКТОМУ
“14” март 2022-ж Шекафтар айылы
“ Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп адаттарын тартипке келтирүү жөнүндө “ №54 Жарлыгынын Жобосун бекитүү жөнүндө
Чаткал райондук мамлекеттик админстрациясынын “Кыргыз Республикасынын үй бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү жөнүндө”№54 Жарлыгынын Жобосун бекитүү жөнүндөгү № 1 Протоколун угуп жана талкуулап, Сумсар айылдык Кенешинин 7 чакырылышынын кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 “Кыргыз Республикасынын үй- бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүүүрп-адаттарын тартипке келтирүү” жөнүндө жарлыгына ылайык,Чаткал районунда каада салттарды,салтанаттарды,маркумга арналган иш-чараларды өткөрүүнүн тартиби жөнүндөгү ЖОБО Сумсар айыл аймагынын денгээлинде ынгайланыштырып кабыл алынсын жана бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын Сумсар айыл аймагынын тиешелүү адистерине милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин мыйзамдуулук, укук тартиби, жаратылышты коргоо,экологияны коргоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4 Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www/chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Сумсар айылдык Кенешинин төрагасы: К.М.Эргешов