Жергиликтүү кабарлар

Тамекинин ден соолукка зыяндуулугу

745

Тамеки (Nikotina) – өсүмдүктөрдүн ит жүзүмдөр тукумунун уруусу.Бир жана көп жылдык чөп,чанда бадал.Тамекинин Тамекинин сабагы түз,бийиктиги 1,0-1,5 м ,ири жалбырагы сапсыз жана кыска саптуу,сүйрү. Тамеки жылуу (температура 27-28 гр С) жана жумшак топурактуу жерде жакшы өсөт. Кургак жалбырагынын курамында 1,9 – 3,76 % никотин бар.
Калыптануу мезгили:
Көбүнчө өспүрүмдөр чоңдорду туроодон калыптанат. Тамеки чегүүнүн адатка айланып кетишине андагы негизги таасир этүүчү зат – никотиндин бир аз дүүлүктүргүч касиетке ээ болгондугу да түркү берет. Мунун негизинде тамеки чегүүнүн сергитичүү таасири бар, интелектуалдуу активдүүлүктү стимулдаштырат деген ой пайда болот. Бирок мындай физиологиялык эмес стимулдоо акырында адамдын нерв системасын бошоңдотот.Стимулдаштыруу натыйжасына жетүү үчүн ден соолукка зыяндуулугуна карабастан тамекини көп чегүүгө туура келет.
Зыяны:
Психикалык күчтү талап кылуучу кырдаалда тамеки чеккендер үзгүлтүксүз чегет, натыйжада көп учурда никотинге катуу ууланышы мүмкүн. Ар бир адам тамеки чеккенде өпкөсү ышталат,акырындап барып өпкө рагына айланат. Тиштери түшөт, боюнда бар аялдардын балдары начар төрөлөт, боюнан түшө берет. Тамеки чеккендер инфекциялык ооруларга тез кабылып ( мисалы, алар тамеки тартпагандарга караганда сасык тумоо менен 4 эсе көп оорушат),жаратылыш жана өндүрүштүк жагымсыз факторлорго чыдамсыз келет. Тамеки чегүү жүрөк-кан тамыр сиситемасын ,дем алуу жана тамак сиңирүү органдарынын ооруларынын , коркунучтуу шишиктин пайда болуу мүмкүнчүлугүн жогорулатат. Айрыкча оорулуу адамдар үчүн өтө коркунучтуу. Тамеки чекпегендерге караганда тамеки чеккендерде өлүм өпкө эмфиземасынан 25 эсе, өнөкөт бронхиттен 21 эсе , жүрөктүн ишемиялык оорусунан 3-5 эсе көп болот. Ичеги – карынында жара бар оорулуулардын абалын абдан начарлатат.
Тамеки таштоого чаралар:
Тамеки чегүү адамдардын ден соолугуна чоң зыян келиргендиктен көп өлкөдө ага каршы күрөшүү боюнча атайын чаралар ( тамекини рекламалоого,коомдук жайларда чегүүгө тыюу салуу) көрүлүүдө. Ар бир эрки күчтүү адам тамеки чегүүнү таштай алат. Аны дароо таштоо керек, тамекини аз-аздан чегип ,акырындык менен таштоого аракет кылуу максатка жеткирбейт,мындай чектөөдөн чегүүгө кумарлануу күчөйт ( дароо таштаганда 3-5 күн гана кыйналышы мүмкүн). Тамекини таштоону жеңилдетүүчү медикаменттик каражаттар да бар.Аны пайдаланууну врач менен кеңешүү зарыл.Көп учурда тамекини таштаганда аппетит жакшырып,адам семирип кетиши мүмкүн. Бирок демейде ал тез эле калыбына келет. Тамекини таштагандан кийин толуп кетпөө үчүн сүт-өсүмдүк диетасына жана акырындык менен күч эмгегине өтүү керек.

Даярдаган:
сандарыгердин жардамчысы  А.Өмүрбек кызы