1-июнь-Балдарды коргоо күнүндө

1-июнда №10 филиалда балдарды коргоо күнүнө карата «Бала жылмайса аалам жылмаят» деген темада майрамдык кече болуп отту.

Майрамдык кечеге Чакмак-Суу жалпы билим берүү орто мектебинин кенже курактан баштап 4-класска чейинки окуучулар, мектеп мугалимдери жана ата-энелери катышты.

Кече мектеп директору куттуктоо сүйлѳѳ менен ачылды. Андан кийин окуучулар тарабынан ыр бийлер аткарылып, кече көңүлдүү өттү.
Андан кийин ата-энелер тарабынан куттуктоолор айтылып, аз камсыз болгон үй- бүлөлөргө айыл өкмөтү тарабынан берилген белектер тапшырылды.