Чаткал районунун өнүктүрүү фондунун отуруму болду

2022-жылдын 13-май күнү «Чаткал районунун өнүктүрүү фонду» мекемесинин Байкоочу кеңешинин отуруму болду.

Отурум Байкоочу кеңештин төрагасы, райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин биринчи орун басары Топчубек Эшбаевдин төрагалыгы астында өттү.

Отурумда коюлган алгачкы маселе-отурумдун катчысын шайлоо болуп, анда жалпы добуш берүү менен Садырбаева Гульжан отурумдун катчысы болуп шайланды.

2-маселе боюнча мониторинг жана баалоо жүргүзүү тобунун курамын бекитүү маселеси добушка коюлуп, жалпы добуш берүү менен мониторинг жана баалоо жүргүзүү тобунун курамын бекитилди.

Андан соң, отурумдун күн тартибине коюлган долбоорлорду кароо жумушу башталды.

Мында, байкоочу кеңештин отурумунун мүчөлөрүнүн кароосуна Каныш-Кыя, Чаткал, Терек-Сай жана Сумсар айыл аймактарынан келген жалпы 26 долбоор коюлду.

Ар бир долбоор кезеги менен отурумдун жалпы мүчөлөрүнүн кароосуна коюлуп, жалпы талкууга алынып, баалоого алынды.

Жыйынтыгында, кароого коюлган жалпы 26 долбоордун ичинен учур талап кылган долбоорлор катары 13 долбоор тандалып, отурумдун мүчөлөрүнүн колдоосуна ээ болду.

Колдоого алынган долбоорлор:1. Шакафтардагы Ю.А.Гагарин мектебин капиталдык ремонттон өткөрүү
2. Сумсар айыл өкмөтү балдалар бакчасына инвентарь алуу
3. Сумсар айыл өкмөтү айыл аймакты жашылдандыру экологияны жакшыртуу «Жашыл Мурас» долборун ишке ашыруу
4. Сумсар айыл өкмөтү автоунаа сатып алуу .
5. Чаткал айыл өкмөтүнөн “Баластан” балдар бакчасынын имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү .
6. Чаткал айыл өкмөтүнөн Т.Эралиева атындагы балдар бакчасынын имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү
7. Чаткал айыл өкмөтүн көрктөндүрүү үчүн көчөт сатып алуу жана аны тосмолоо
8. Ак-Таш айылынын Беш-Салаа участкасына кышкы эс алуу жайын (лыжа тебүү базасы) куруу үчүн смета-проект даярдоо
9. Ак-Таш айылынын ички жолдорун асфальттоо 10. Суу чарба башкармалыгы тарабынан берилген Кара-Суу каналына каражат бөлүү
11. Терек-Сай айыл өкмөтү тарабынан берилген Ала-Бука-Каныш-Кыя жолун асфальттоо
12. Чаткал райондук аскер комиссариатынын айланасын королоо
13. Каныш-Кыя айыл аймагынын Айгыр-Жал айылына ден соолугу мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарга арналган лагерге инвентарь алуу долбоорлору.

Долбоорлордун жалпы суммасы 78 млн. 77 миң 796 сомду түзөт.