Жергиликтүү кабарлар

Тамак-аштан уулануу коркунучтуу

250

Оорунун башталышы: Оору копчулук учурда булганган тамакты жегенден 4-8,12 сааттан кийин башталат. Оорулуунун башы айланып, кусуп,ичи отуп ооруйт.
Дене табы 38-39 0 чейинжогорулайт. Кээде оору катуу жана оор өтүшү мүмкүн. Оорунун белгилери билингенде эле врачка кайрылуу зарыл жана врачтын көрсөтмөсү жок, өз алдынча дарыланууга болбойт. Анткени стафилакоккторт амак-ашка өздөрүнөн уу болуп чыгарат. Анынуусу жылуулукка өтө туруктуу келет.
Уулануунун себептери: Тамак-аш көбүнчө эт,балык,шорпо,колбаса жана консервалар кээ бирмикробтор (сальмонелла,стафилакокк ботулизм таякчалары) жана анын уулары менен булганып ,бузулушу мумкун.Тамак-аш уулануунун пайызашыгыооручакыруучукозгогучтармененбулгангантамак-аштан (эт,балык,сут азыктарынандаярдалгантамак-аштар ) жанаайрымдаржашылчаларда (салат,винегред,картошкаж.б) өрдөк,каздын жумурткалары кошулуп даярдалган тамак-азыктарын жегенден кийин пайда болгондуктан,алар өтө тез көбөйөт. Анткени бул тамак-аштарда оору козгогучтар бат эле өлөт,чала куурулган же бышырылган азыктардын катмарына ыссык жакшы өтпөй калып
микробдор өлбөй сакталып калышы мүмкүн. Ошондуктан тамак-ашты жакшылап узакка чейин бышыруу талапка ылайык. Тамак-ашты даярдоодо жана сактоодо гигиеналык эрежелерди сактоо негизги чаралар болуп саналат.
Кышкыга даярдалган салаттар: Туздалган бадыраң, патиссан жана икра салаты консерваланат,эгнрде алардын өңү-түсү бузулуп,шишип калса коопту, анаэробдук инфекциялар болгондуктан жаратылышта көп кездешкен эзотоксин (ууну) бөлүп чыгарат. Анын эки формасы бар,биринчиси-вегативдик болсо,экинчиси – спора капсуланы пайда кылат.Ошондой эле 7 тиби бар ( А,В,С,Д,Е,F.I) бул оорунун козгогуч таякчалары споралар абада,химиялык,физикалык, факторлорго туруктуу келип,кайнак сууда 30 минутага чейин өлбөй, жашоосун ондогон жылдар боюу жүргүзөт.
Вегатативдик формасы кайнатылганда 2-5 минут аралыгында өлөт.
Эгерде тамак-аш жегенден кийин адам өзүн сапатсыз тамак жедим деп эсептесе, же кусса , башы айланса, дароо медициналык жардамга кайрылуусу шарт. Канчалык эрте кайрылса, тез арада алдын алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Райондо ботулизмге каршы сыворотканы жергиликтүү медициналык мекемеден бекер алууга болот.

Даярдаган: Тойчубеков А.