Ичеги-карын ооруларынан сактаналы

Ичеги-карын оорулары жана анын алдын алуу
Курч жана жугуштуу ичеги-карын ооруларына-диарея, сальмонеллёз, энтериттер, колиттер,гастро энтериттер жана башка бир катар курч жугуштуу оорулар кирет.Ушул оорулар копчулук учурда адамда бактерия жана вирусту козгогондуктан,оорулуу озу ооруйт жана бактерия ташуучунун да ролун аткаргандыктан дени соо адамга жугушунун негизги булагы болуп саналат.Алар оруну козготуучу бактериялары негизинен алардын нажасы(кал) аркылуу тышкары чыгат, айлана тегеректи ооруну козгогучтар менен булгайт, булганган жерди зыянсыздандырбаса калк арасына кенири тарап кетуусуно себеп болот.
Курч ичеги-карын ооруларынын жугуу жолдору бири-бирине окшош болсода, алардын ар биринин алдынкы жетектоочу фактору бар.Мисалы ич келте жана чума ооруларында жетектоочу фактору болуп суу эсептелсе, сальмонеллёз, ич откок, диарея оорулары болсо тамак-аш азыктарынан жугат.Май айынан башталып, жай айларында жугуштуу ичеги-карын ооруларынын факторлору автивдешет. Калк арасында айрыкча 14-жашка чейинки балдар кобунчо кайнатылбаган суу, ар турдуу сапатсыз суусундуктарды ичет, таза жуулбаган момо-жемиштерди жейт жана оруну козгоочу булганган ачык суу колмолорундо жуунушат жана ушул процессте алар оздоруно жугуштуу ичеги-карын ооруларын жугузуп алуусу мумкун. Курч ичеги-карын оорулары сезондук оорулар болуп эсептелет, негизинен жылдын жай жана куз мезгилиндеринде кобуроок кездешет, себеби ушул мезгилдерде орунун жугуу факторлору активдешет.
Ооруну козгогучтар адам организмине тушуп, бул оорунун алгачкы белгилери пайда болгонго чейин белгисиз убакыт отот, булл доор оорулууда эч кандай симптомдорсуз отот жана бул оорунун жашыруун доору инкубационный период деп аталат. Курч ичеги-карын ооруларында бул доор бир нече сааттан 21 кунго чейин уланышы мумкун. Оорунун жашыруун доору оорунун туруно карап , кыскарышы же узайышы мумккун.Бул доордо оору козгогучтарынын кээ бир озгочолуктору жана адамдын жугуштуу ооруга каршы иммунитетинен да коз каранды болот.
Оорунун келип чыгышы жана факторлору:
-Кайнатылбаган суу, сапаты начар дарыя,канал, арык сууларын ичуу;
-Уй шартында узак убакыт туруп калган жана туура сакталбаган тамак-аш менен тамактануу;
-Сапатсыз сактоо мооноту откон, туура эмес сакталган момо-жемиш жана коон-дарбыздарды сапат кепилдиги жок эле кочодо кунго какталып турган жеринен сатып алуу;
-Момо-жемиштерди тазалап жуубай жеген учурда;
— 1 жаштан 3 жашка чейинки балдары бар апалар балага кам коруудо озунун жеке гигиена талаптарын аркарбаса;
-Ачык суу колмолорундо жуунган учурда суу менен кошо микробдордун организмге тушуусу;
— Уйдо, жамаат жайларда, той-аштарда туура эмес сакталган, сактоо мооноту откон — суттуу, кремдуу, сапатсыз кондитер азыктарын, эт, майонез кошулган салаттарды жеген учурда;
-Жаш балага берилуучу кошумча тамагын даярдоодо санитардык-гигиеналык талаптары жана туура эмес сактап колдонгон учурда;
-Уйдун ичинде орунун козгогучтарын ташуучусу болгон чымын-чиркейлердин кобойушуно шарт тузуп, таштандыларды оз убагында зыянсыздандырып жоготулбаса, уй ашканаларында тамак-аш салынган идиш-аяктарды оз убагында зыянсыздандыруучу идиш жууган каражаттар менен ыссык суда жууп-чайкоо жумуштары аткарылбаса;
Оорунун симптомдору:
-Оорулууда жалпы алсыздык, курсактын айланасындагы оору, табиттин жоктугу, журок айлануусу, кусу, ичи отуу, дененин суусузданышы сыяктуу симптомдор болот.
Корулуучу чаралар:
Оорунун алгачкы белгилери байкалар замат жашаган жериндеги жакынкы УДТ, ФАП поликлиникасына участкалык патронаж мед айымына жана дарыгерге кайрылуусу зарыл. Уй шартында оз билемдик менен дарылануу оруну айланадагыларга жуктуруусу жана эн негизгиси оорулууну терс кесепеттерге алып келуусу мумкун.
Алдын алуу чаралары:
-Курч жугуштуу оорулар «кир колдордун оорусу» — деп бекеринен айтылбаган.
-Тамактанаардан мурда, ажатканадан кийин колдорду самындап жууп-чайкоо, тырмактарды оз убагында алуу, уйдо оз чачыгынан ал эми той мааракелерде жеке чонток кол аарчысынан пайдалануу да негизги рольду ойнойт.Мындан тышкары , кочолордо, дыйкан базарларда, коомдук жерлерде сапаты кепилденбеген, уй шартында даярдалган тамак-аштар, сергитуучу суусундуктар, ар турдуу ширелер, сут жана сут азыктары жана башка ушул сыяктуу ичимдиктерден баш тартуу зарыл.
-Курч ичеги карын оорулары негизинен 3 жашка чейинки балдар арасында кобуроок кездешерин эске алып, балага кам коруу менен алектенген ата-энелер жана бала багуучулар регулярдуу узгултуксун негизде жеке гигиенасынын камсыздалуусу жана аны аткаруусу зарыл.
-Баласын кокурок суту менен багуучу апалар эмизуудон мурда озу кол гигиенасын кату карманууга тийиш, балдарды да колун самын менен жууп эмизуусу, муздаткычта узак убакыт сакталган тамак-ашты колдонбоо, кочолордо туура келген эле даяр тамак аш азыктарын колдонуудан баш тартуу айрыкча жаш балдар учун ичуучу сууну жана кам сутту кайнатып беру.
-Балдарды кароосуз оздорун кочого чыгуусуна, кочодо туура келген колмолордо жуунуусуна жол бербоо, ыссык кундо кун чак тушто коп журуусунун алдын алуу.
-Ар бир ата-эне баланы бобок кунунон баштап жеке гигиена кондумдоруно кондуруп, уйротуп барууну бурчу деп билуусу керек.
-Демек адамдарда бала кезинен сергек жашоо образын калыптандырып баруу бул бир катар ооруларды, анын ичинде курч ичеги-карын ооруларынын алдын алууда гы кепилдиги болуп саналат.
Ооруну дарылоого караганда, анын алдын алуу алда канча артык экендигин унутпаныз !

 

Даярдаган: Жайчибекова Ж.