Жалпы

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин токтомдору (19-апрель 2022-жыл)

81

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КАНЫШ-КИЙСКИЙ АЙЫЛНЫЙ
КЕҢЕШИ КЕНЕШ
Чаткал району Каныш-Кыя айылы,Т.Кошбаев көчөсү №120 инд:721700 эл.поч.kkenesh19@mail.ru
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясынын
№ 1 Т О К Т О М У
19.04.2022-жыл Каныш-Кыя айылы
Жергиликтүү Кеңештин типтүү регламентине өзгөтүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министирлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик аганттигинин директору Э.Н.Джантаевдин 14.03.2022-жылдагы № 56 буйругунун негизинде, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын биринчи орун басары Т.Б.Эшбаевдин 16.03.2022-жылдагы № 01-31/348 чыгыш сандуу сунушун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
Токтом кылат:
1. Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын биринчи орун басары Т.Б.Эшбаевдин 16.03.2022-жылдагы № 01-31/348 чыгыш сандуу сунушу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айылдык жергиликтүү кеңешке усулдук жардам көрсөтүү, алардын ишмердүүлүгүн уюштуруучулук жана укуктук негиздерин бекемдөө, жергиликтүү кеңештин регламенттерин “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө ”Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш болгондуктан Жергиликтүү кеңештин Типтүү регламенти бекитилсин.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик
укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук
мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына
жарыялансын.

4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик
укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя
айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

Каныш-Кыя айылдык
Кеңешинин төрагасы: М.Аликеев

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КАНЫШ-КИЙСКИЙ АЙЫЛНЫЙ
КЕҢЕШИ КЕНЕШ
Чаткал району Каныш-Кыя айылы,Т.Кошбаев көчөсү №120 инд:721700 эл.поч.kkenesh19@mail.ru
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясынын
№ 2 Т О К Т О М У
19.04.2022-жыл Каныш-Кыя айылы
Каныш-Кыя айыл аймагынын жайыт комитетинин кайрылуусун кароо жөнүндө

Каныш-Кыя айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Н.Жолдошевдин 22.03.2022-жылдагы №19 чыгыш санду кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы

Токтом кылат:

1. Каныш-Кыя айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Н.Жолдошевдин кайрылуусу эске алынсын.

2. Каныш-Кыя жайыт комитетинин 2022-жылга бекитилген бюджетинде ар кандай чыгымдар статиясында чарбалык буюмдарга каралган 177 600 (бир жүз жетимиш жети миң алты жуз) сом акча каражаты жазгы талаа жумуштарына керек болуп жаткандыктан 7-тиркемеге өзгөртүү киргизилсин.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы жайыт комитетинин төрагасы Н.Жолдошевге көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.

Каныш-Кыя айылдык
Кеңешинин төрагасы: М.Аликеев

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КАНЫШ-КИЙСКИЙ АЙЫЛНЫЙ
КЕҢЕШИ КЕНЕШ
Чаткал району Каныш-Кыя айылы,Т.Кошбаев көчөсү №120 инд:721700 эл.поч.kkenesh19@mail.ru
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясынын
№ 3 Т О К Т О М У
19.04.2022-жыл Каныш-Кыя айылы
План алууга уруксат берүү жөнүндө

Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы К.Смаиловдун 23.03.2022-жылдагы №01-18/185 жана 08.04.2022-жылдагы №01-18/210 чыгыш сандуу кайрылууларын карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы К.Смаиловдун кайрылуулары эске алынсын.
2. Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын соц пакетинен “ЗААВ Чаарат” ЖЧКсы тарабынан Башкы-Терек айылынын турмуш шарты оор тургуну Сапарова Алтынайга 30 000 (отуз миң) сом, Манас Таануу конкурусун өткөрүү үчүн 41 300 (кырк бир миң үч жүз) сом акча каражатына айыл өкмөтүнүн атайын каражат эсеп счётуна план алууга жана өз багытында чыгымдоого уруксат берилсин.

3. “Вертекс Голд Компании” ЖЧКсынан Каныш-Кыя айыл аймагынын жайыт комитетине сапаттуу үрөн сатып алууга жана эгүүгө 1 000 000 (бир миллион) сом акча каражатына айыл өкмөтүнүн атайын каражат эсеп счётуна план алууга жана өз багытында чыгымдоого уруксат берилсин.

4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик
укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук
мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына
жарыялансын.

5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик
укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя
айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

6. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнун ФЭБ бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика жана финансы, айыл чарбасы боюнча туруктуу комитеттерине тапшырылсын.

Каныш-Кыя айылдык
Кеңешинин төрагасы: М.Аликеев

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КАНЫШ-КИЙСКИЙ АЙЫЛНЫЙ
КЕҢЕШИ КЕНЕШ
Чаткал району Каныш-Кыя айылы,Т.Кошбаев көчөсү №120 инд:721700 эл.поч.kkenesh19@mail.ru
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясынын
№ 4 Т О К Т О М У
19.04.2022-жыл Каныш-Кыя айылы
Жайытка чыгаруучу малдын баасын бекитүү жөнүндө

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин депутаттарынын сунушу менен Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу бардык айылдардагы жайытка чыгаруучу малдын баасын бекитип берүү жөнүндө сунуштарын угуп жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин депутаттарынын сунушу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу бардык айылдардагы жайытка чыгаруучу малдын баасы 1 баш бодо малга 500 (беш жүз) сомдон, кой эчкиге 80 (сексен) сомдон бекитилсин.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик
укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук
мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына
жарыялансын.

4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик
укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя
айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөт башчысы К.Смаиловго, Каныш-Кыя жайыт комитетинин төрагасы Н.Жолдошевге, көзөмөлдөө жагы жер, агрардык маселелер, айыл чарбасы, өнөр жайы жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.

Каныш-Кыя айылдык
Кеңешинин төрагасы: М.Аликеев

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КАНЫШ-КИЙСКИЙ АЙЫЛНЫЙ
КЕҢЕШИ КЕНЕШ
Чаткал району Каныш-Кыя айылы,Т.Кошбаев көчөсү №120 инд:721700 эл.поч.kkenesh19@mail.ru
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясынын
№ 5 Т О К Т О М У
19.04.2022-жыл Каныш-Кыя айылы
Жарандардын кайрылууларын кароо жөнүндө

Каныш-Кыя айыл аймагындагы турмуш шарты оор, ден соолугуна байланыштуу жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн кайрылууларын карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүндөгү жардамга муктаж жарандардын кайрылуулары эске алынсын.

2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Айгыр-Жал айылынын тургундары Орозалиева Топчугүлгө 20 000 (жыйырма миң) сом, Токтоназарова Жазгүлгө көзүнүн лечениясына 15 000 (он беш миң) сом, Кадырова Сатипа дарыланууга барууга 25 000(жыйырма беш миң) сом, Башкы-Терек айылынын тургуну Нурлан кызы Жагүлгө майып уулу Акбаралиев Исхакты дарыланууга алып барууга 25 000(жыйырма беш миң) сом, Каныш-Кыя айылынын тургуну Дадабаев Кенжебайга аялы Азимбекова Айгүлдү дарыланууга алып барууга 25 000(жыйырма беш миң) сом, Кайың-Суу айылынын тургуну Кудайкулов Өмүрзак дарыланууга 25 000(жыйырма беш миң) сом, Чакмак-Суу айылынын тургуну Эргешова Гүлбүш майып уулу Эргешов Русланбекти дарыланууга алып барууга 20 000 (жыйырма миң) сом акча каражаты Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик
укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук
мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына
жарыялансын.

4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик
укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя
айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5. Бул токтомду камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтунун ФЭБ бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика жана финансы жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комитеттерине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык
Кеңешинин төрагасы: М.Алике

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КАНЫШ-КИЙСКИЙ АЙЫЛНЫЙ
КЕҢЕШИ КЕНЕШ
Чаткал району Каныш-Кыя айылы,Т.Кошбаев көчөсү №120 инд:721700 эл.поч.kkenesh19@mail.ru
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясынын
№ 6 Т О К Т О М У
19.04.2022-жыл Каныш-Кыя айылы

Чаткал токой чарбасынын айланма каражаттарын бекитип берүү жөнүндө

Чаткал токой чарбасынын директору К.Анарбековдун Каныш-Кыя айылдык Кеңешине 11.04.2022-жылы №01-5/36 чыгыш сандуу жазган карылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
Токтом кылат:
1. Чаткал токой чарбасынын директору К.Анарбековдун кайрылуусу эске алынсын.

2. Чаткал токой чарбасынын 2022-жыл үчүн ишке жарамдуу жыгач, отун, жайыт акыга, айдоо жана чөп чабык, токой фондунун жеринде кен казып иштеген фирмалардын аренда акысы тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик
укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук
мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына
жарыялансын.

4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик
укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя
айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

Каныш-Кыя айылдык
Кеңешинин төрагасы: М.Аликеев

 

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КАНЫШ-КИЙСКИЙ АЙЫЛНЫЙ
КЕҢЕШИ КЕНЕШ
Чаткал району Каныш-Кыя айылы,Т.Кошбаев көчөсү №120 инд:721700 эл.поч.kkenesh19@mail.ru
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясынын
№ 7 Т О К Т О М У
19.04.2022-жыл Каныш-Кыя айылы
Жаш спортчуларды колдоо жөнүндө

Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы К.Смаиловдун 11.04.2022-жылдагы № 01-18/219 чыгыш сандуу катында көрсөтүлгөндөй Коргон-Сай жана Башкы-Терек айылдарынын жаш спортчуларынын жана Каныш-Кыя айылдык Кеңешине кайрылган Айгыр-Жал жана Кайың-Суу айылынын жаш спортчуларынын кайрылууларын карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
Токтом кылат:
5. Өскөнбаев Мыктыбектин,Назаркулов Бекболдун, Шаршеналиев Талантбектин, Кошбаев Мухамеддин, Ашым уулу Бакдөөлөттун кайрылуусу эске алынсын.

6. Башкы-Терек айылынын тургуну Назаркулов Бекболдун спорттун Самбо түрунөн Азия чемпионатына катышууга 20 000 (жыйырма миң) сом, Коргон-Сай айылынын тургуну Өскөнбаев Мыктыбек Москва шаарында өтүүчү зборго даярданууга 40 000 (кырк миң) сом, Айгыр-Жал айылынын тургуну Шаршеналиев Талантбекке дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына тандалуу үчүн Ош шаарында өтүүчү чемпионатка барууга 50 000 (элүү миң) сом, Кайың-Суу айылынын тургуну Ашым уулу Бакдөөткө спорттун Самбо түрунөн Азия чемпионатына катышууга 20 000 (жыйырма миң) сом, Айгыр-Жал айылынын тургуну Кошбаев Мухамедке Казакстан республикасынын Нур-Султан шаарында өтүүчү грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатына барууга 40 000 (кырк миң) сом акча каражаты Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.

7. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик
укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук
мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына
жарыялансын.

8. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик
укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя
айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

9. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин бюджет, финансы, экономика боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.

Каныш-Кыя айылдык
Кеңешинин төрагасы: М.Аликеев

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КАНЫШ-КИЙСКИЙ АЙЫЛНЫЙ
КЕҢЕШИ КЕНЕШ
Чаткал району Каныш-Кыя айылы,Т.Кошбаев көчөсү №120 инд:721700 эл.поч.kkenesh19@mail.ru
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XII сессиясынын
№ 8 Т О К Т О М У
19.04.2022-жыл Каныш-Кыя айылы
Кеңешке ысым ыйгаруу жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы К.Смаиловдун 10.03.2022-жылдагы № 01-18/160 чыгыш сандуу кайрылуусунда көрсөтүлгөндөй Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндөгү” Мыйзамынын 6-беренесине ылайык Чаткал районунун жана айылдык кеңештеринин түптөлүшүнө, өнүгүүсүнө зор салымын кошкон Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, коомдук ишмер Сапарбек Кубатбековдун ысымын Каныш-Кыя айылдык Кеңешине ыйгаруу боюнча кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы К.Смаиловдун жана Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу бардык айылдардагы элдик жыйындардын протоколу эске алынсын.

2. Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык Кеңешине Чаткал районунун түптөлүшүнө жана өнүгүүсүнө зор салымын кошкон Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, коомдук ишмер Сапарбек Кубатбековдун ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.

3. Коомдук ишмер С.Кубатбековдун ысымын айылдык кеңешке ыйгарууда мыйзамга ылайык жогорку органдарга сунуш берүү боюнча иш алып баруу жагы Чаткал райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын.

4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик
укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук
мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына
жарыялансын.

5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик
укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя
айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.

Каныш-Кыя айылдык
Кеңешинин төрагасы: М.Аликеев

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КАНЫШ-КИЙСКИЙ АЙЫЛНЫЙ
КЕҢЕШИ КЕНЕШ
Чаткал району Каныш-Кыя айылы,Т.Кошбаев көчөсү №120 инд:721700 эл.поч.kkenesh19@mail.ru
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясынын
№ 9 Т О К Т О М У
19.04.2022-жыл Каныш-Кыя айылы
Акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн имамы У.Акуловдун кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн имамы У.Акуловдун кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айылында жайгашкан борбордук мечиттин жылуулук системасын курууга долбоор сметасы даярдалсын, акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин, иш алып баруу жагы К.Смаиловго тапшырылсын

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик
укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук
мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына
жарыялансын.

4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик
укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя
айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнун ФЭБ бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.

Каныш-Кыя айылдык
Кеңешинин төрагасы: М.Аликеев

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КАНЫШ-КИЙСКИЙ АЙЫЛНЫЙ
КЕҢЕШИ КЕНЕШ
Чаткал району Каныш-Кыя айылы,Т.Кошбаев көчөсү №120 инд:721700 эл.поч.kkenesh19@mail.ru
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясынын
№ 10 Т О К Т О М У
19.04.2022-жыл Каныш-Кыя айылы
Акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Суу жана Кара-Булак айылдарынын айыл башчыларынын кайрылууларын карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
Токтом кылат:
1. Кара-Суу жана Кара-Булак айылдарынын айыл башчыларынын кайрылуулары эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Суу жана Кара-Булак айылдарындагы тургундардын үлуш жерлерине себилген арпа, буудай жана көп жылдык тоют чөптөрдү малдан сактоо үчүн Кары-Суу айылынын айыл башчысы А.Канаевге 19 600 (он тогуз миң алты жүз) сом, Кара-Булак айылынын айыл башчысы Ө.Эшкуловго 20 800 (жыйырма миң сегиз жүз) сом акча каражаты Каныш-Кыя айыл өкмөтүнун жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик
укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук
мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына
жарыялансын.

4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик
укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя
айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтунүн башчысы К.Смаиловго, Каныш-Кыя айыл өкмөтүнун ФЭБ бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.

Каныш-Кыя айылдык
Кеңешинин төрагасы: М.Аликеев

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КАНЫШ-КИЙСКИЙ АЙЫЛНЫЙ
КЕҢЕШИ КЕНЕШ
Чаткал району Каныш-Кыя айылы,Т.Кошбаев көчөсү №120 инд:721700 эл.поч.kkenesh19@mail.ru
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясынын
№ 11 Т О К Т О М У
19.04.2022-жыл Каныш-Кыя айылы
Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка авто жолундагы асфальтты сактоо жөнүндө

Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы К.Смаиловдун 18.04.2022-жылдагы № 01-18/233 кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
Токтом кылат:
6. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы К.Смаиловдун кайрылуусу эске алынсын.
7. Каныш-Кыя айыл аймагы аркылуу кесип өткөн Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка авто унаа жолунун 111-112 жана 180 чакырымындагы жаңыдан төшөлүп жаткан асфальттын сапаты алтын кенин иштеткен компаниялардын оор жүк ташуучу авто унааларына туруштук бере албай бузулуп жаткандыктан, алдын алуу максатында жүк ташуучу авто унааларга 12 тоннадан ашык жүк ташуусуна тыюу салынсын.

8. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик
укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук
мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына
жарыялансын.

9. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик
укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя
айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

10. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтунүн башчысы К.Смаиловго, социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.

Каныш-Кыя айылдык
Кеңешинин төрагасы: М.Аликеев

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КАНЫШ-КИЙСКИЙ АЙЫЛНЫЙ
КЕҢЕШИ КЕНЕШ
Чаткал району Каныш-Кыя айылы,Т.Кошбаев көчөсү №120 инд:721700 эл.поч.kkenesh19@mail.ru
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясынын
№ 12 Т О К Т О М У
19.04.2022-жыл Каныш-Кыя айылы
Эгембердиева Бегимбүбүнүн кайрылуусу жөнүндө

Каныш-Кыя айылынын тургуну Эгембердиева Бегимбүбүнүн кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айылынын тургуну Эгембердиева Бегимбүбүнүн кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айылынын тургуну Эгембердиева Бегимбүбүнүн жашап жаткан үйү 21.03.2022-жылдагы күчү 4 баллга жеткен жер титирөөдө жашоого жараксыз абалга келип, жаңыдан курууга турмуш шарты оор болуп өзүнүн мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан 100 000 (жүз миң) сом акча каражаты Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин жана курулуш иштерине көмөктөшүүнү уюштуру жагы Каныш-Кыя айылынын айыл башчысы Эралы уулу Урматка милдеттендирилсин.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик
укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук
мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына
жарыялансын.

4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик
укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя
айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтунүн башчысы К.Смаиловго, Каныш-Кыя айыл өкмөтүнун ФЭБ бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.

Каныш-Кыя айылдык
Кеңешинин төрагасы: М.Аликеев

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КАНЫШ-КИЙСКИЙ АЙЫЛНЫЙ
КЕҢЕШИ КЕНЕШ
Чаткал району Каныш-Кыя айылы,Т.Кошбаев көчөсү №120 инд:721700 эл.поч.kkenesh19@mail.ru
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясынын
№ 13 Т О К Т О М У
19.04.2022-жыл Каныш-Кыя айылы
Кыргыз Республикасынын Президентинин 24.02.2022-жылдагы № 54 жарлыгын ишке ашыруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 24.02.2022-жылдагы №54 жарлынын ишке ашыруу максатында Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы К.Смаиловдун 08.04.2022-жылдагы № 01-18/209 чыгыш сандуу кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы К.Смаиловдун 08.04.2022-жылдагы № 01-18/209 чыгыш сандуу кайрылуусу эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 24.02.2022-жылдагы №54 “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнундө” Жарлыгына ылайык Чаткал районунда каада-салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды тартипке келтирүүнү караган үйлөнүү үлпөттүн, үй-бүлөлүк мааракелик салтанаттарды, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган иш-чараларды өткөрүүнүн тартиби жөнүндөгү Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан иштелип чыккан жобо бекитилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик
укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук
мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына
жарыялансын.

4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик
укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя
айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, укук тартиби,жер аталышты корго, экологияны коргоожана этика боюнча туруктуу комиссиянын курамы боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.

Каныш-Кыя айылдык
Кеңешинин төрагасы: М.Аликеев

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КАНЫШ-КИЙСКИЙ АЙЫЛНЫЙ
КЕҢЕШИ КЕНЕШ
Чаткал району Каныш-Кыя айылы,Т.Кошбаев көчөсү №120 инд:721700 эл.поч.kkenesh19@mail.ru
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясынын
№ 14 Т О К Т О М У
19.04.2022-жыл Каныш-Кыя айылы
Долбоор сметага өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы М.Аликеевдин Каныш-Кыя айылындагы борбордук парктын айланасын королоп долбоор сметасын даярдоо боюнча сунушун угуп жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айылдык Кеңештин төрагасы М.Аликеевдин сунушу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айылындагы борбордук парктын айланасын королоп, оңдоп түзөөдөн өткөрүү боюнча долбоор смета даярдалсын, акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин, иш алып баруу жагы К.Смаиловго тапшырылсын.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик
укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук
мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына
жарыялансын.

4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик
укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя
айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтунүн ФЭБ бөлүмүнө, социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.

Каныш-Кыя айылдык
Кеңешинин төрагасы: М.Аликеев

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КАНЫШ-КИЙСКИЙ АЙЫЛНЫЙ
КЕҢЕШИ КЕНЕШ
Чаткал району Каныш-Кыя айылы,Т.Кошбаев көчөсү №120 инд:721700 эл.поч.kkenesh19@mail.ru
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясынын
№ 15 Т О К Т О М У
19.04.2022-жыл Каныш-Кыя айылы
Суу тартуу боюнча долбоор смета даярдоо жөнүндө

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин депутаты И.Нармырзанвдин Каныш-Кыя айылындагы Маданият участкасын көрктөндүрүүгө Кайың-Суу каналы аркылуу суу жетпегендиктен Чаткал дарыясынан насос аркылуу суу тартуу боюнча сунушун угуп жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
Токтом кылат:
11. Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин депутаты И.Нармырзаевдин сунушу эске алынсын.
12. Каныш-Кыя айылындагы Маданият участкасын көрктөндүрүүгө Кайың-Суу каналы аркылуу суу жетпегендиктен Чаткал дарыясынан насос аркылуу суу тартууга долбоор сметасы даярдалсын, акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин, иш алып баруу жагы К.Смаиловго тапшырылсын.

13. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик
укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук
мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына
жарыялансын.

14. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик
укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя
айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

15. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтунүн ФЭБ бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.

Каныш-Кыя айылдык
Кеңешинин төрагасы: М.Аликеев