Кулактандыруулар

Жарыя!

49

Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы
“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык административдик мамлекеттик башкы, улук жана кенже кызмат орундарына кадрлар резервдерин түзүү үчүн ачык конкурс жарыялайт.

КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР:
1) Башкы кызмат орундары үчүн:
• жогорку билим; (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, менеджмент, экономика, айыл чарба, техникалык жана гуманитардык илимдер чөйрөсүндөгү жогорку билим).
• мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.
2) Улук кызмат орундары үчүн:
• жогорку билим; (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, менеджмент, экономика, айыл чарба, техникалык жана гуманитардык илимдер чөйрөсүндөгү жогорку билим).
• мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес жана тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
3) Кенже кызмат орундары үчүн:
• гуманитардык илимдер багытындагы филология, лингвистика, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, айыл чарбасы, өзгөчө кырдаалдар, укук жана юриспруденция, социология, экономика, башкаруу багынтындагы экономикалык илимдер, эсептөө техникасы, информациялык технологиялар илимдер багытындагы информациялык система жана технологиялар илими боюнча жогорку кесиптик билим.
• иш стажысына талап коюлбайт.
КЕСИПТИК КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮГҮ:
1) Башкы кызмат оруну үчүн:
Жалпы мыйзамдар:
• Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
• “Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө” Кыргыз Республиксынын Конститутциялык мыйзамын;
• Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексни;
• “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
• “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз
Республикасынын Мыйзамын;
• “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
• “Кызыкчылардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
• “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мекемелердин жана жергиликтүү өзүн башкаруу мекемелериндеги маалыматтардын жеткиликтүүсү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
• “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
• Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасын;
Тиешелүү тармактагы мыйзамдар:
– “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу”;
– “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”;

2) Улук кызмат орундары үчүн:
Жалпы мыйзамдар:
– Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
– “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын
– Мыйзамын;
– “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
– “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
– “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы.
Тиешелүү тармактагы мыйзамдар:

Документтик камсыздоо жана кадр багыты боюнча
— Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси;
— “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мекемелердин жана жергиликтүү өзүн башкаруу мекемелериндеги маалыматтардын жеткиликтүүсү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

Айыл чарбасы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу багыты боюнча:
— “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын.
— “Кооперативдер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын Республикасынын Мыйзамын.
— “Жайыттар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын Республикасынын Мыйзамын.

Экономика багыты боюнча:
– “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

Тоо кен багыт боюнча:
– “Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын.

Социалдык багыты боюнча:
– «Билим берүү жөнүндө» Республикасынын Мыйзамын.
– «Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын.

Кенже кызмат орундары үчүн:
Жалпы мыйзамдар:
– Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
– “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы.
Тиешелүү тармактагы мыйзамдар:

Юридикалык багыты боюнча:
– Кыргыз Республикасынын “Жер Кодекси” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

Социалдык багыты боюнча:
-“Коомдук саламаттыкты сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын.

Өнөр-жайы, курулуш жана транспорт багыты боюнча:
– “Автомобиль жолдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын.

Документти камсыздоо жана кадр багыты боюнча:
– “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”.
– “Кыргыз Республикасын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө”.

КОНКУРСКА КАТЫШУУ ҮЧҮН КЕРЕКТҮҮ ДОКУМЕНТТЕР (АТАЙЫН ПАПКАДА ТИРКЕЛГЕН):
– өзүнүн арызы;
– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
– паспорттун көчүрмөсү.
Документтер 2022-жылдын 25-апрелинен 16-майына чейин кабыл алынат. Иш убактысы саат 08.30дөн 17.30гө чейин.
Квалификациялык талаптарга жооп бергендер гана конкурска катышууга чакырылат.

Дареги: Каныш-Кыя айылы, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы. Сурап билүү телефону 03749 30048.