Жарыя
Чаткал районундагы Каныш-Кыя айыл өкмөтү төмөнкү бош кызмат орунундарын жарыялайт:
1.Айыл башчы- Айгыр-Жал айылы (1 штаттык бирдик)
1) Кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим же орто кесиптик билим ( Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юристпруденция, Финансалык экономикалык, Айыл чарба, Ветеринардык, Гуманитардык, Табигый илимдер, Техникалык Курулуш, Энергетика тармактарында)
2) Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талап коюлбайт
3) Кесиптик компетенттүүлүгү:
— Төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:
— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
— Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана
муниципалдык кызмат жөнүндө”мыйзамы;
— Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы №43 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын Кодекси”.
Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:
— Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”;
— Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамдары.
Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик (Кыргыз республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын21-ноябрындагы №757 токтомуна ылайык) жана расмий тилдери;
— Билгичтиги:
— Жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
Документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
Тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
Кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
Жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
Мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
Командада иштөө;
— Көндүмдөрү:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
— компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү;
5. Өздүк делого тиркелүүчү документтер:
Конкурска катышуу үчүн керектүү документтердин топтому өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
— жеке арызын, кадрларды каттоо баракчасын, өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюмесин, сүрөтүн;
— паспорттун көчүрмөсүн;
— керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт);
— сунуш каттарын (мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын талабы боюнча);
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган учурларда ден соолук абалы жөнүндө маалымкат.
Аңгемелешүү этабына катышууга уруксат берилген талапкерлерге мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан компетенттүү мамлекеттик органдардан талапкердин соттолбогондугу жөнүндө маалымкат талап кылынат.
— Эгерде конкурстан өтүп, кызмат орунуна дайындалган адамда жоюлбаган соттолгондугу бар экени аныкталса, анда мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алат.
Документтерди кабыл алуу жарыя сайтка жана гезит бетине чыккандан баштап 10 жумушчу күндүн ичинде жүргүзүлөт.
Дареги: Каныш-Кыя айылы , Каныш-Кыя айыл аймагынын Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн имараты. Моб: 0777 21 11 76, 0501 21 11 76