Токтом

Чаткал айылдык кеңешинин токтому (30.03. 2022-жыл)

24

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН

ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ ЧАТКАЛЬСКИЙ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ
Жаны-Базар айылы Досматов көчөсү с.Жаны-Базар ул.Досматова

Чаткал айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын ХI кезексиз сессиясынын
Токтому № 8
30.03.2022-жыл

“ Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарды тартипке келтирүү жөнүндө” №54 Жарлыгынын Жобосун бекитүү жөнүндө

Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын Кыргыз Республикасынын президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы “Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү жөнүндө” №54 Жарлыгынын Жобосун бекитүү жөнүндөгү №1 Протоколун угуп жана талкуулап, Чаткал айылдык Кеңешинин 7 чакырылышынын кезексиз 11сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 “ Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү урп-адаттарын тартипке келтирүү жөнүндө” Жарлыгына ылайык, Чаткал районунда каада, салттарды,салтанаттарды жана үрп-адаттарды тартипке келтирүү максатында үйлөнүү-үлпөтүн,мааракелик салтанаттарды, маркумду эскерүү үрп –адаттарын жана маркумга арналган иш-чараларды өткөрүүнүн тартиби жөнүндөгү Жобо Чаткал айыл аймагынын денгээлинде ылайыкташтырылып кабыл алынсын жана бекитилсин.

2. Бул токтомдун атарылышы Чаткал айыл аймагынын башчысына милдеттендирилсин.

3. Токтом кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык атайын юстиция бөлүмүнөн катоодон өткөрүлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин мыйзамдуулук,укук тартиби, жаратылышты коргоо,экологияны коргоо маслелелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Чаткал айылдык Кенешинин
төрагасы: М.Козубаев