Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Эти Бакыр Терексай» тоо-кен ишканасынын башкы директору Вели Гёкдере менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттөн маалымдашты.
Ишкана жетекчиси билдиргендей, үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында Терек-Сай кениндеги алтын чыгаруучу фабрика ишке берилет.
Жолугушууда кыргыз-түрк ишканасынын өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн актуалдуу маселелери, анын ичинде экологиялык талаптардын жана социалдык милдеттенмелердин аткарылышы талкууланган.
«Кеңешменин жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына бир катар тапшырмалар берилди», — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Терек-Сай кени Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терек-Сай айылында жайгашкан. «Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсы — биргелешкен ишкана, капиталынын 25 пайызы «Кыргыз алтын» ААКсына, 75 пайызы «Эти Бакыр» түрк компаниясына тиешелүү. Ишканада 800дөн ашуун кыргызстандык эмгектенет.