Чаткал районуна жаңы жетекчи келди

Сеңирбаев Алтынбек Жыргалбаевич КР. Президенти С. Жапаровдун Жарлыгы менен Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими болуп дайындалды.

Сеңирбаев Алтынбек Жыргалбаевичтин эмгек ишмердүүлүгү:
2007-2012 — Эки-Нарын жаштар уюмунун төрагасы.

2012-2016 — Орток айылдык кеңешинин депутаты.

2012-2016 — Жайыт пайдалануучулардын Орток ассоциациясынын төрагасы.

2016-2020 — Орток айыл өкмөтүнүн башчысы.

2020-жылдын 11-ноябрында Президенттин милдетин аткаруучу, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри С.Жапаровдун жарлыгы менен мамлекеттик администрациянын башчысы — Нарын облусунун Нарын районунун акими болуп дайындалган .
Нарын мамлекеттик университетин аяктаган.
Үй-бүлөлүү, 6 баланын атасы, бир уул жана 5 кыз.
2000 — Ардактуу атуул. Эки-Нарын.Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Ардак грамоталары менен сыйланган.

2019-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин жеке сааты менен сыйланган.

]]>

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *