



Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2020-жылдын 28-декабрындагы № 04-06/3375 сандуу катын аткаруу максатында Кыргыз элинин алгачкы агартуучуларынын бири, туңгуч лексикограф жана лексиколог Хусейин Карасаевдин 120 жылдыгына карата 2021-жылдын 5-январында №3 буйругу чыгып, иш-чаралары жана уюштуруу тобу түзүлүп, жобосу бекитилип, бир айлык жарыяланган. Аталган буйрук райондун аймагындагы бардык мекеме-уюмдарга жөнөтүлүп аткарууга алынды.
Ч.Айтматов атындагы маданият үйүнүн кызматкерлери жана БКТнын кызматкерлери, Балдардын музыкалык мектебинин мугалимдери менен биргеликте Маданият бълүмүнүн “Тунгуч тилчи — Хусейин Карасаев” аттуу тегерек стол жана эскерүү кечеси болуп өттү. 20-январда Х.Карасаевдин өмүр чыгармачылык жолун, баяндап жана суроо-жооп иретинде кызуу талкуу жүрүп, атайын бурч жана китеп көргөзмө “Накыл сөздөр” китебинен алынып сөз байлыгын өстүргөн, кыргыздын накыл сөздөрүн байыткан лексиколог инсандын кечесинде концертик программасы тартууланды. Бул иш –чара социалдык тармактар жана Жала-Абад облустук теле көрсөтүүсү аркылуу коомчулукка тартууланды.
Чаткал райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу ар бир жалпы билим берүүчү мектептерде Х. Карасаевдин 120 жылдыгына карата арналган жыйын, тегерек стол, тарбиялык сааттарды уюштурулуп, Х. Карасаевдин илимий эмгектерин, сөздүктөрүн, накыл кептерин жайылтуу багытында көргөзмө, бурчтар чыгарылды. Х. Карасаевдин 120 жылдыгына карата онлайн иш-чараларды уюштуруп, ата-энелерге, коомчулукка маалымат каражаттарды аркылуу жеткирилди. Жалпы билим берүүчү орто мектептердин окуучулары арасында сабаттуулукка тарбиялоо максатында эссе, дилбаян сынактарын уюштурулуп жыйынтыкталды.
Тактап айтканда, С. Байдөөлөтов атындагы инновациялык жалпы орто билим берүүчү мектебинде кыргыз тили мугалими тарабынан “Х.Карасаев- алп агартуучу” темасында конференция, китепканачы тарабынан “Х.Карасаевдин эмгектери жана белгилүү лексиколог” темасында, А.Айымбетов негизги билим берүүчү мектебинде китепканачы тарабынан “Х.Карасаев 120 жашта” темасында, Усупбек уулу Кубатбек атындагы жалпы билим берүүчү мектебинде” Илимий эмгектер” темасында, Терек-Сай жалпы билим берүүчү мектебинде “Алдыңкы ишмер агартуучу” темасында, Чакмак-Суу жалпы билим берүүчү мектептеринде бурчтар уюштурулуп, окуучуларга көргөзмөлөр көрсөтүлдү.
“Кыргыз тили мугалими Н.Темирова тарабынан 5-9-класстарга дил баян конкурсу уюштурулду.Көркөм жетекчи У.Рысбеков тарабынан “Х.Карасаевдин илимий эмгектери ” деген темада видеоролик жасалып 5-9-класстарга көрсөтүлдү.
Кайың-Суу жалпы орто билим берүүчү мектебинде 5-11-класстарга класс жетекчилер тарабынан “Х.Карасаев өмүрү жана чыгармачылыгы” темасында тарбиялык сааттар өтүлүп, кыргыз тили А.Беккулиева жана А.Алимбекова 10-11—класстар арасында дил баян, эссе жазуу сынагы өткөрүлүп жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталды.
М. Эшназаров
]]>