
Гепатит же сарык оорусу-боорду жабыркаткан жугуштуу олуттуу жана коркунучтуу дарт. Оз ичинен ал A,B,C,D, E жана G болуп болунот.
Гепатит А жана Е туру оорунун женил туру болуп саналат. Башкача айтканда илдеттин бул туру онокотко айланып кетпейт, аны оз убагында жакшылап дарыласа адам толугу менен айыга алат. Бул турун мурда “боткин” деп да атап коюшкан.себеби 1888-жылы С.П Боткин бул ооруну изилдеп жугуштуу экенин айткан.Мындай атоону сарыктын А туруно колдонот,аны толук айыктырууга мумкун. Саргаюу- сарыктын бул турунун козго корунгон белгилеринин бири. Е турундогу сарыктын симптомдору А туруно окшош. Ал эми гепатиттин В,С,D,G турлору адамда билинбей пайда болуп,оорлоп копчулук учурда онокот баскычка отот жана адамдын организмине олуттуу зыян алып келиши ыктымал.
Оору кандай жол менен жугат?
Оорунун таркалуусунун бир канча негизги жолдору бар:
- А Гепатити:Зан-ооз аркылуу жугуу:Кайнатылбаган ичуучу суу,жуулбаган колдор аркылуу вирустун курч ичеги жарасы пайда болот.Бироонун сагызын чайнап, чупа-чупсун,момпосуюн сорууда(жаш балдар арасында).
- В Гепатити:Кан аркылуу жана жыныстык жол менен (сейрек)жугат. Эненин организминде оорчуп жаткан оору жаны торолгон балага торот учурунда жугуп калуу ыктымалы бар.Анын алдын алуу учун эн биринчи жолу торолгондон кийин 24 саат ичинде Гепатиттин В туруно каршы эмдоо алуу.
- С Гепатити: Организмге вирусу бар кан аркылуу,ооруну алып журуучу жыныстык оноктоштон(4%коп эмес)жугат.
- D Гепатити:В сарыгынын коштоп журуучусу. Булганган кан менен байланышта болгондо жугат,ымыркай апасынын каны аркылуу жугузуу менен торолот.
- Гепатитин Е туру-суудан жугат.Колмок,колчук,саркынды сууларды,уйдогу туруп калган сууларды ичпеш керек.Арыктан же суу сактагычтардагы вирус менен булганган сууну кайнатпай колдонгондо организмге кирет.Эгер аял кош бойлуу кезинде оорунун Е туруно чалдыкканын аныктаса бала олумго дуушар болот.
- G Гепатити: Сарыктын коркунучтуу С туру менен аябай окшош. Вирус жуккан кан аркылуу тарайт жыныстык катнаш аркылуу азыраак жугат.Ымыркай торот учурунда оорулуу апасынан жуктурушу мумкун.
- Гепатиттин В,С,D,G турлору оорулууадамдан соо адамга кан аркылуу жугат. Мисалы: Банги ийнелер,сакал алган устара,тиш жуучу щётка,
Ооруну айыктырууга болобу ?
Гепатиттин А туру башка оорулардан айырмаланып, онокот туруно айланып кетпейт . Киши бир ооругандан кийин кайра оорубайт. Ал кишиде иммунитет пайда болот. Бирок дарыланган адам 5-6 айга чейин диетаны жакшы сактабаса-анда ал олумго дуушар болушу толук ыктымал.
Ал эми гепатиттин С туруно кабылган адамдын оорусу копчулук учурда билинбей журо берип ал цирроз, рак илдетине айланып кетет. Башкача айтканда, С турундогу гепатитти аныктоо бирааз кыйын,кийинчерээк аны айыктыруу татаал болуп калат.В,С,D турундогу гепатитти айыктыруу андан да оор.
Оорунун белгилери
Гепатит оорусуна кабылган адамдын
- Алы кетет,дене табы которулот(37-38градус)
- Башы ооруп, мурун бутот
- Тамакка табит жоголот.Конул айланат, кусат.
- Коздун кареги саргарат,зааранын ону кочкул курон тартып,зандын агарышы.
- Дененин саргайышы оору белгилери билингенден кийин 4-7 кун ичинде башталат.Тилдин асты,тандай,коздун агы,тери саргаят.
Оорудан оолак болуу учун эмне кылуу керек ?
Ооруну дарылаганга караганда алдын алуу бир топ оной.
Гепатиттин А,Е туруно кабылбаш учун
- жашылча-жемишти созсуз жууп колдонуу
- арыктан аккан таза эмессууну ичпей,кайнатып ичуу
- кочодон (колдон) тамак аш сатып албоо
- уйду, окуган, иштеген жерди таза кармоо керек.
- ар бир адамдын озуно тиешелуу гигиеналык буюму болуп (тиш щётка, сулгу, жаш балдардын озунун идиш аягы) таза кармаш керек
- Тамак ичээрдин алдында,эшиктен келгенде,уй жаныбарларын караганда,дааратканадан чыккандан кийин созсуз турдо колду самындап жууш керек.
Ал эми оорунун В,С, D,G турунон оолак болуу учун
- кокустук жыныстыккатнаштан качуу
- татуаж, маникюр, педикюр, жасаган жабдыктар дез. каражаттар менен стерилизацияланган болушу керек
- бироонун тиш щёткасын, тарагын, устарасын колдонууга болбойт.
Ар бир адам жылына бир жолу медициналык козомолдон отуп турушу зарыл. Мындай жол менен алар ар турдуу оорунун алдын алат.
Даярдаган Чаткал райондук ОААжМСЭКБнун эпидемиолог дарыгердин жардамчысы: Жайчибекова Жылдыз
Башкы дарыгер: Г.Т.Акылбекова
]]>