ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ ЧАТКАЛЬСКИЙ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ
Жаны-Базар айылы Досматов көчөсү с.Жаны-Базар ул.Досматова
Чаткал айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын ХХХ кезектеги сессиясынын
№ 1-Токтому
23-декабрь 2020-жыл Жаны Базар айылы
“ Чаткал айыл өкмөтүнүн
2021 жылга карата бюджетин бекитүү”
Чаткал айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын 2021-жылга карата болжолдуу бюджетин долбоору боюнча сунушун Чаткал айылдык кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап Чаткал айылдык Кенешинин VI-чакырылышынын кезектеги ХХХ–сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Чаткал айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысы Т.Абдыкеримовдун айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинин 2021-жылга карата долбоору боюнча маалыматы эске алынсын.
- Чаткал айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 2021-жылга 24734,8 мин сомго анын ичинен тендөөчү грант 9793,4 мин сом, атайын каражат 3625,2мин сом болуп бекитилсин.
- Чаткал айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгашаларынын 2021-жылга болжолдуу
планынын чыгаша бөлүгү 24734,8 мин сомго анын ичинен 3625,2 мин сом атайын каражат
бекитилсин.
- Республикалык бюджеттен берилген теңдөөчү грант биринчи кезекте корголуучу статья
чыгымдарына (эмгек акы, соц фондко чегерүү, тамак аш чыгы) жана коммуналдык кызмат
көрсөтүүлөргө каралсын.
- Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодекс” боюнча
мыйзамына ылайык 247,3 мин сом айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгашасынын 1% чейинки көлөмдө айыл өкмөтүнүн башчысынын резервдик фонду түзүлсүн.
- Жыл ичинде жергиликтүү бюджетин кирешелеринин түшүүсүнө карата жана финансы
министрлиги тарабынан берилген өзгөртүүлөрдүн негизинде жергиликтүү бюджетке өзгөтүүлөрдү киргизүү айылдык кеңештин сессиясына сунушталсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет жана финансы
боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Карабаевге жүктөлсүн.
Чаткал айылдык Кеңешинин
төраганын орун басары: Субанов С
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ ЧАТКАЛЬСКИЙ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ
Жаны-Базар айылы Досматов көчөсү с.Жаны-Базар ул.Досматова
Чаткал айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын ХХХ кезектеги сессиясынын
№ 2-Токтому
23-декабрь 2020-жыл Жаны Базар айылы
“2022-2023-жылдарга карата жергиликтүү
бюджеттин киреше бөлүгүнүн болжолдуу
долбоорун бекитүү ”
Чаткал айыл өкмөтүнүн ФЭБүнүн башчысы Т.Абдыкеримовдун айыл өкмөттүн 2022-2023-жылдарга карата жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн болжолдуу долбоору боюнча маалыматын угуп талкуулап Чаткал айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Чаткал айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысы Т.Абдыкеримовдун айыл өкмөттүн 2022-2023-жылдарга карата жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн болжолдуу долбоору боюнча маалыматы эске алынсын.
- Чаткал айыл өкмөтүнүн 2022-2023-жылдарга карата жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн болжолдуу долбоору жактырылсын.
- Чаткал айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2022- жылга карата болжолдуу долбоору 25119,6 мин сомго, 2023- жылга карата болжолдуу долбоору 25476 мин сом болуп бекитилсин.
- Чаткал айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелеринин 2022-жылга болжолдуу планынын киреше бөлүгү 25119,6 мин сом, 2023-жылга болжолдуу планынын киреше бөлүгү 25476 мин сомго ылайык бекитилсин.
- 2022-2023-жылдарга карата жактырылган жергиликтүү бюджеттин болжолдуу долбоору ар бир заарылчылык мезгилде аларды кабыл алууда талкуулоо менен кабыл алынсын.
- Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго, финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысы Т.Абдыкеримовго милдетендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Карабаевге жүктөлсүн.
Чаткал айылдык Кеңешинин
төрагасынын орун басары: Субанов С
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ ЧАТКАЛЬСКИЙ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ
Жаны-Базар айылы Досматов көчөсү с.Жаны-Базар ул.Досматова
Чаткал айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын ХХХ кезектеги сессиясынын № 3-Токтому
23-декабрь 2020-жыл Жаны Базар айылы
“2020-жылдын бюджетине
өзгөртүү киргизүү жөнүндө”
Чаткал айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын сунушун жана Чаткал айылдык кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап Чаткал айылдык Кенешинин VI-чакырылышынын кезексиз ХХX–сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Чаткал айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т.Абдыкеримовдун сунушу эске алынсын .
- Чаткал айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2020-жылга бекитилген киреше бөлүгүнүн планынан 14511200 статьясынан 501,5 мин сом коюлган пландан ашык аткарылгандыгы эске алынсын жана киреше бөлүгүнөн ашыкча аткарылган 501,5 мин сом төмөндөгүдөй багытта чыгымдалсын:
-Чаткал айыл өкмөтүнүн башкаруу тармагынын 22154900 статьясына 266,5 мин сом,
-мектепке чейинки билим берүү тармагынын 22221100 статьясына 90,0 мин сом, 22221200 статьясына 65,0 мин сом, билим берүү тармагына жалпысы 155,0 мин сом,
-билим берүү тармагынын 22221100 статьясына 50,0 мин сом, 22154900 статьясына 30,0 мин сом, жалпысы билим берүү тармагына 80,0 мин сом.
Чаткал айыл өкмөтүнүн башкаруу тармагынын 22154900 статьясына толугу менен жылдырсын.
- Чаткал айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2020-жылга бекитилген чыгаша бөлүгүнүн планынын эсебинен билим берүү тармагынын 22311200 статьясынан 645,6 мин сом акча каражаты кыскартылып берилсин. Кыскартылган акча каражаты төмөндөгүдөй багытта чыгымдалсын:
- -Чаткал айыл өкмөтүнүн башкаруу тармагынын 22154900 стаьясына 421,4 мин сом, 22141900 статьясына 15,0 мин сом, 22221200 статьясына 19,2 мин сом, жалпысы башкаруу тармагына 415,6 мин сом,
- -мектепке чейинки билим берүү тармагынын 22221200 статьясына 70,0 мин сом,
- -билим берүү тармагынын 22221200 статьясына 120,0 мин сом, жалпысы билим берүү тармагына 230,0 мин сом.
3. Чаткал айыл өкмөтүнүн атайын каражаттык эсебине түшкөн 6320,0 мин сом акча каражатынын эсебинен төмөндөгүдөй багытта чыгымдоо жагына уруксаат берилсин.
-Башкаруу тармагынын 22154900 статьясына 60,0 мин сом, 22221200 статьясына 260,0 мин сом, 31113110 статьясына 2000,0 млн сом.
- Бюджеттик акча каражатын мыйзам чегинде жумшоону колго алуу жагы Чаткал айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Т.Абдыкеримовго милдетендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Карабаевге жүктөлсүн.
Чаткал айылдык Кеңешинин
төрагасынын орун басары: Субанов С
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ ЧАТКАЛЬСКИЙ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ
Жаны-Базар айылы Досматов көчөсү с.Жаны-Базар ул.Досматова
Чаткал айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын ХХХ кезектеги сессиясынын
№ 4-Токтому
23.12.2020- жыл Жаңы-Базар айылы
“ Стим грантка сунуш берүү жөнүндө”
Чаткал айылдык кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиянын сунушун угуп жана талкуулап Чаткал айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XХХ кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Чаткал айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата Республикалык бюджетке стим грантка сунушталган долбоорлору боюнча маалыматы жактырылсын.
- Жаны Базар айылындагы Т.Жаналиев атындагы Чаткал орто мектебинин корпусунун ички капиталдык ондоо иштерин жүргүзүүгө Республикалык бюджетен суралган акча каражатына кошумча айыл өкмөтүнүн өздүк салымы айыл окмотунун бюджетинен бөлүнүп берилсин.
- Жаны Базар, Курулуш жана Ак Таш айылдарына кичи футболдук аянтча куруу боюнча Республикалык бюджеттен суралган акча каражатына кошумча айыл өкмөтүнүн өздүк салымы айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнүп берилсин
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чаткал айылдык Кенешинин мыйзамдуулук, социалдык масселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Чаткал айылдык Кеңешинин
төрагасынын орун басары: Субанов С
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ ЧАТКАЛЬСКИЙ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ
Жаны-Базар айылы Досматов көчөсү с.Жаны-Базар ул.Досматова
Чаткал айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын ХХХ кезектеги сессиясынын
№ 5-Токтому
23-декабрь 2020-жыл Жаны базар айылы
“ Чаткал жайыт комитетинин
бюджети жөнүндө”
Чаткал жайыт комитетинин 2020-жылга карата толук бюджети боюнча маалыматын угуп жана талкуулап Чаткал айылдык Кенешинин VI-чакырылышынын кезектеги ХХХ–сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Чаткал жайыт комитетинин 2020-жылга карата бюджети боюнча маалыматы Чаткал айылдык кенешинин сессиясындагы сунуштардын негизинде жайыт комитетинин толук так бюджети 2 000000 болуп бекитилсин.
- 2020-жылга карата бекитилген так бюджети боюнча мыйзам чегинде иш жүргүзүү жагы белгиленсин.
- Чаткал жайыт комитетинин 2020-жылдагы бюджетинин эсебинен мурунку кызматкерлердин эмгек акысы үчүн мыйзамсыз которулган 159 000 сом акча каражаты кайрадан Чаткал жайыт комитетинин өздүк эсебине койулсун.
- Чаткал жайыт комитетиндеги күздүк оруп жыйноодогу кириштелген тоютар төмөндөгүдөй баа менен сатуу белгиленсин:
- Прец чоп 1 даана 120 сом
- Чаткал жайыт комитетинин төрагасына сессияда айтылган кемичликтерди тез арада аткарууга алуу жагы эскеритлсин жана 2020-жылдын 10-январына чейин жүргүзүлгөн иштери боюнча так маалыматты сессияга сунуштасын.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана финансы,агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Чаткал айылдык Кеңешинин
төрагасынын орун басары: Субанов С
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ ЧАТКАЛЬСКИЙ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ
Чаткал айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын ХХХ кезектеги сессиясынын
№ 6-Токтому
23-декабрь 2020-жыл Жаны Базар айылы
“ Участкалык шайлоо комиссияларынын
резервин бекитүү жөнүндө”
Чаткал айыл аймагынын участкалык шайлоо комиссияларынын резервин толуктоо боюнча сунушун угуп жана талкуулап Чаткал айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын ХХVI кезектеги сессиясы
Токтом кылат:
- Чаткал айыл аймагынын №2296, №2297, №2298 участкалык шайлоо комиссияларынын резервин толуктоо боюнча сунушу эске алынсын.
- Чаткал айыл аймагынын №2296, №2297, №2298 участкалык шайлоо комиссияларынын резервин толуктоолор боюнча тизмесин бекитип берүү жагы Чаткал райондук аймактык шайлоо комиссиясына сунушталсын .
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаткал айыл аймагынын башчысына милдеттендирилсин.
Чаткал айылдык Кеңешинин
төрагасынын орун басары: Субанов С
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ ЧАТКАЛЬСКИЙ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ
Чаткал айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын ХХХ кезектеги сессиясынын
№ 7-Токтому
«Чаткал айылдык кенешинин төрагасына
2020-жыл ичинде өткөргөн сессияларына
компенсация төлөмдөрүн төлөп берүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 37-беренесинин 6- пунктуна ылайык 2020-жылы өткөрүлө турган айылдык кеңештин сессияларына компенсация төлөмдөрүн эсептеп жана төлөп берүү жөнүндө Чаткал айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Чаткал айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсү эске алынсын.
2. Чаткал айылдык кеңешитин ар бир сессиясын даярдоого иш пландын негизинде комиссия түзүү, текшерүү, жыйынтыгын чыгаруу, токтомдордун долбоорун даярдоо, сессия өткөрүү күнү жана сессиядан кийин протоколдорду, токтомдорду кайрадан кароо, толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн кеминде беш күндөн кем эмес, кээ бир учурларда мындан да көп убакыт кетээрин белгилеп сессия өткөрүүгө компенсация өлчөмүн беш күндөн кем эмес күнгө эсептөөлөр жүргүзүү жагы белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2013-жылдын 4-ноябрындагы № 01/32/137 сандуу көрсөтмөсүнө ылайык айылдык кеңештин төрагасына төлөнүүчү компенсациянын өлчөмүн чыгарылган расчеттордун негизинде төлөп берүү Чаткал айыл өкмөтүнүн ФЭБнун башчысы Т.Абдыкеримовго милдеттендирилсин.
4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын, расмий жарыяланган соң,
Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
Чаткал айылдык Кеңешинин
Төрагасынын орун басары: С.Субанов
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ ЧАТКАЛЬСКИЙ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ
Жаны-Базар айылы Досматов көчөсү с.Жаны-Базар ул.Досматова
Чаткал айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын ХХХ кезектеги сессиясынын
№ 8-Токтому
23.12.2020-жыл Жаны базар айылы
«Жер маселери боюнча түшкөн
арыздарды кароо жөнүндө»
Чаткал айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы калкты жана жарандык абалдын актыларын катоо департаменти менен Чаткал айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү» келишими бекитилсин.
2.Бул токтомдо көрсөтүлгөн айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу жагы Чаткал айыл өкмөтүнүн ВУС адисине жүктөлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы № 715 Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджетен жергиликтүү бюджетерге берулүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүү жөнүндөгү токтомуна ылайык берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга бөлүнгөн финансылык каражаттарды көзөмөлдөө жагы Чаткал айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Т.Абдыкеримовго милдетендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаткал айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы М.Абдувалиевге милдеттендирилсин.
Чаткал айылдык Кеңешинин
төрагасы: Эргеш уулу У
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ ЧАТКАЛЬСКИЙ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ
Жаны-Базар айылы Досматов көчөсү с.Жаны-Базар ул.Досматова
Чаткал айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын ХХХ кезектеги сессиясынын
Токтому № 9
23-декабрь 2020- жыл Жаңы-Базар айылы
“ Ар кандай маселелер жөнүндө”
Чаткал айылдык кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиянын сунушун угуп жана талкуулап Чаткал айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XХХ кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Чаткал айыл аймагына караштуу жаштардын Бишкек шаарындагы спорт залына жардам беруу жонундогу билдируусу эске алынсын жана айыл окмотунун бюджетинин ар кандай чыгымдарынын эсебинен билдируунун негизинде 100 000 мин сом, Чаткал айыл аймагынын эсебиндеги участкалык милициясына алынып берилген автомашинаны он абалда кармоого ар кандай чыгымдардын эсебинен 25 000 сом жанаТерс участкасындагы уюштурулган постко катоодо ашыкча кеткен куйуучу май учун декабрь айына 200 литир куйуучу майга акча каражаты ар кандай чыгымдардын эсебинен болунуп берилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чаткал айылдык Кенешинин бюджет маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Чаткал айылдык Кеңешинин
төраганын орун басары: Субанов С
]]>