Терек-Сай айылдык кеңешинин токтомдору (июнь-август 2020-жыл)

    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ ЧАТКАЛ РАЙОНУ ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ     КЫРГЫЗКАЯ РЕСПУБЛИКА ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН АЙЫЛНЫЙ КЕҢЕШ ТЕРЕК-САЙСКОГО АЙЫЛНОГО АЙМАКА  

Жалал-Абад облусу, Чаткал району, Терек-Сай айылы

2020-жылдын  05-июну.

Терек – Сай айылдык Кеңешинин

VIII чакырылышынын  кезексиз  VII сессиясынын

 № 1 Т О К Т О М У 

Кызыл-Токой айылындагы  № 2300 шайлоо участкасынын жайгашуу ордун которуу жөнүндө

Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылындагы Б.Камчыбеков  атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде жайгашкандыктан,азыркы учурда Кызыл-Токой айылындагы Мырзагулов Абдрахман  атындагы айылдык маданият үйү реконструкциядан өтүп, шайлоо өткөрүүгө ынгайлуу шарттар түзүлгөндүктөн, шайлоо участкасын мектептен маданият үйүнө которуу жөнүндөгү жоопту катчы Б.Анарбаеванын   кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VII  сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ :

  1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылындагы Б.Камчыбеков  атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде жайгашкан № 2300 шайлоо участкасын  Мырзагулов Абдрахман  атындагы айылдык маданият үйүнө жайгаштыруу жөнүндөгү кайрылуу колдоого алынсын.
  • Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын жооптуу катчысы Б.Анарбаевага жүктөлсүн.
  • Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин мыйзамдуулук, укук тартиби, этика жана жаратылыш коргоо, экология боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
  • Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.

Терек – Сай айылдык

Кеңешинин төрагасы:                                                  Ажакматов И.К.

    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ ЧАТКАЛ РАЙОНУ ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ     КЫРГЫЗКАЯ РЕСПУБЛИКА ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН АЙЫЛНЫЙ КЕҢЕШ ТЕРЕК-САЙСКОГО АЙЫЛНОГО АЙМАКА  

Жалал-Абад облусу, Чаткал району, Терек-Сай айылы

2020-жылдын  10-июну.

Терек – Сай айылдык Кеңешинин

VIII чакырылышынын  кезексиз  VIII сессиясынын

 № 1 Т О К Т О М У 

“ Эко-Минералз ” ЖЧКоомунун  Ынгырчак участогундагы глауконит песчаниги кенине геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө уруксат берүү жөнүндө

“ Эко-Минералз ” ЖЧКоомунун жетекчиси А.Алымовдун  Кыргыз Республикасынын “ Жер казыналар” жөнүндөгү Мыйзамынын 7,34 беренелерине жана 40-беренесинин 4-пунктуна ылайык, “ Эко -Минералз” ЖЧКоомунун 6481 ТР Лицензиясында көрсөтүлгөн координаттык точкаларга ылайык  жер тилкесин, Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылындагы Ынгырчак участкасындагы глауконит песчаниги кенине геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө уруксат берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII  сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ :

  1. “Эко -Минералз” ЖЧКоомунун 6481 ТР Лицензиясында көрсөтүлгөн координаттык точкаларга ылайык  жер тилкесин, Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылындагы Ынгырчак участкасындагы  глауконит песчаниги кенине геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн 36 га жер аянты убактылуу пайдаланууга бөлүнүп берилсин.
  2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын жер адиси И.Смановго жүктөлсүн.
  3. Берилген жер аянтына тиешелүү документтерин даярдап берүү жагы Чаткал райондук “ Мамлекеттик жер каттоо” жана архитектура башкармалыгынан суралсын.
  4. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин мыйзамдуулук, укук тартиби, этика жана жаратылыш коргоо, экология боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
  1. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.

Терек – Сай айылдык

Кеңешинин төрагасы:                                                  Ажакматов И.К.

    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ ЧАТКАЛ РАЙОНУ ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ     КЫРГЫЗКАЯ РЕСПУБЛИКА ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН АЙЫЛНЫЙ КЕҢЕШ ТЕРЕК-САЙСКОГО АЙЫЛНОГО АЙМАКА  

Жалал-Абад облусу, Чаткал району, Терек-Сай айылы

2020-жылдын  10-июну.

Терек – Сай айылдык Кеңешинин

VIII чакырылышынын  кезектүү  VIII сессиясынын

 № 2 Т О К Т О М У 

“ Ала-Бука Кенч ” ЖЧКоомунун  Кызыл-Токой айылына тиешелүү участкадан глауконит песчаниги кенине геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө урксат берүү жөнүндө

“ Ала-Бука Кенч ” ЖЧКоомунун ишенимдүү өкүлү А.Алымовдун  Кыргыз Республикасынын “ Жер казыналар” жөнүндөгү Мыйзамынын 7,34 беренелерине жана 40-беренесинин 4-пунктуна ылайык, “ Ала-Бука Кенч” ЖЧКоомунун 5755 ТР Лицензиясында көрсөтүлгөн координаттык точкаларда  көрсөтүлгөн  жер тилкесин , Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылына тиешелүү участкадан  глауконит песчаниги кенине геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө уруксат берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII  сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ :

  1. “Ала-Бука Кенч ” ЖЧКоомунун 5755 ТР Лицензиясында координаттык точкаларда көрсөтүлгөн  жер тилкеси  Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылына тиешелүү участкадан  глауконит песчаниги кенине геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн 33 га жер аянты убактылуу пайдаланууга бөлүнүп берилсин.
  2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын жер адиси И.Смановго жүктөлсүн.
  3. Берилген жер аянтына тиешелүү документтерин даярдап берүү жагы Чаткал райондук “ Мамлекеттик жер каттоо” жана архитектура башкармалыгынан суралсын.
  4. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин мыйзамдуулук, укук тартиби, этика жана жаратылыш коргоо, экология боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
  5. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.

Терек – Сай айылдык

Кеңешинин төрагасы:                                                  Ажакматов И.К.

    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ ЧАТКАЛ РАЙОНУ ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ     КЫРГЫЗКАЯ РЕСПУБЛИКА ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН АЙЫЛНЫЙ КЕҢЕШ ТЕРЕК-САЙСКОГО АЙЫЛНОГО АЙМАКА  

Жалал-Абад облусу, Чаткал району, Терек-Сай айылы

2020-жылдын  10-июну.

Терек – Сай айылдык Кеңешинин

VIII чакырылышынын  кезектүү  VIII сессиясынын

 № 3 Т О К Т О М У 

Турмуш шарты оор үй-бүлөлөргө материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө

Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой жана Терек-Сай айылынын тургундары: Джаркулов Кеңештин, Нуржан Эшенкулованын, Жаркулов Чолпонбайдын, Ибрагимова Розанын, Абдували кызы Бурулайдын, Рысбеков Кудайкулдун, Жанболотова Зарипанын, Сманова Сабиранын, Шырдаков Шералынын турмуш шарттарына жана ден соолуктарына байланыштуу материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө кайрылууларын угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII  сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ :

  1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой жана Терек-Сай айылынын тургундары: Джаркулов Кеңешке Ош шаарында жүрөгүн дарылатуу үчүн 40 000 (кырк миң) сом, Нуржан Эшенкуловага 10 000 (он миң) сом, Жаркулов Чолпонбайга 10 000 (он миң) сом, Ибрагимова Роза инсульт оорусу менен ооруп, Бишкек шаарынан дарылануу үчүн 10 000 (он миң) сом, 2- топтогу майып Абдували кызы Бурулайга 10 000 (он миң) сом, Рысбеков Кудайкулга 20 000 (жыйырма миң) сом,  Жанболотова Зарипага 5000 (беш миң) сом, Сманова Сабирага Бишкек шаарына барып дарылануу үчүн 15 000 (он беш миң) сом, Шырдаков Шералыга 10 000 (он миң) сом турмуш шарттарына жана ден соолуктарына байланыштуу жалпысынан 130 000 (жүз отуз миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
  2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБ нүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
  3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин
  4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.

Терек – Сай айылдык

Кеңешинин төрагасы:                                                  Ажакматов И.К.

Жалал-Абад облусу, Чаткал району, Терек-Сай айылы

2020-жылдын  10-июну.

    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ ЧАТКАЛ РАЙОНУ ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ     КЫРГЫЗКАЯ РЕСПУБЛИКА ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН АЙЫЛНЫЙ КЕҢЕШ ТЕРЕК-САЙСКОГО АЙЫЛНОГО АЙМАКА  

Терек – Сай айылдык Кеңешинин

VIII чакырылышынын  кезектүү  VIII сессиясынын

 № 4 Т О К Т О М У

№ 4 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү жөнүндө 

Терек-Сай айыл аймагына караштуу № 4 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун клиникалык  жетекчиси Р.Ташбаеванын имаратты капиталдык ремонттон өткөрүү жөнүндө кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII  сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ :

  1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу № 4 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн 264 000 (эки жүз алтымыш төрт миң)  сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
  1. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБ нүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
  1. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.

Терек – Сай айылдык

Кеңешинин төрагасы:                                                  Ажакматов И.К.

Жалал-Абад облусу, Чаткал району, Терек-Сай айылы

2020-жылдын  10-июну.

    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ ЧАТКАЛ РАЙОНУ ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ     КЫРГЫЗКАЯ РЕСПУБЛИКА ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН АЙЫЛНЫЙ КЕҢЕШ ТЕРЕК-САЙСКОГО АЙЫЛНОГО АЙМАКА  

Терек – Сай айылдык Кеңешинин

VIII чакырылышынын  кезексиз VIII сессиясынын

 № 5 Т О К Т О М У

№ 4 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратына суу киргизүү үчүн кошумча жумушка акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө 

Терек-Сай айыл аймагына караштуу № 4 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун клиникалык жетекчиси Р.Ташбаеванын имаратка суу киргизүү үчүн кошумча жумуштарды аткарууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү  кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII  сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ :

  1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу №4 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратына суу түтүкчөлөрүн киргизүү үчүн кошумча жумуштарды аткарууга 47500 (кырк жети миң беш жүз)  сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
  1. Бул токтомдун аткарылышын Терек-Сай айыл аймагынын КЭБ нүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
]]>

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *