Жергиликтүү кабарлар

Район акиминин жаңы орун басары дайындалды

188

Рысбеков Мураталы Абдукайимович КР. Премьер министринин 2020-жылдын 10-августундагы номер 319-буйругунун негизинде Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары болуп дайындалды.
Мураталы Рысбеков 1984-жылдын 4-январында төрөлгөн. Улуту кыргыз. Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы.

Ал алгач Эл аралык Башкаруу, Укук, Финансы жана Бизнес Академиясынын соода-экономикалык колледжин, андан соң Кыргыз экономикалык университетин аяктаган.

2002-жылдын 16-сентябрынан 2004-жылдын 16-августуна чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Пландоо, каржылоо жана эсепке алуу борборунун бөлүмүнүн жетектөөчү адиси, 2004-жылдын 17-августунан 2005-жылдын 12-майына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин палаталарынын, комитеттеринин жана Мыйзам чыгаруу жыйынынын Аппаратынын жетекчилигинин ишин оперативдүү жана машинка менен камсыз кылуу тобунун башкы адиси, 2005-жылдын 12-майынан 10-февралына чейин — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Административдик бөлүмүнүн техникалык бөлүмүнүн катчысы, 10.02.2006-жылдан 13.05.2006-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Административдик бөлүмүнүн материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси, 2006-жылдын 13-майынан 12-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Административдик бөлүмүнүн инженердик-курулуш бөлүмүнүн башкы консультанты, 2008-жылдын 12-февралынан ушул убакка чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Администрациялык бөлүмүнүн финансы-экономикалык талдоо секторунун башкы адиси болуп эмгектенген.

Эмгек жолунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин «Финансылык-чарбалык ишинин мыктысы» наамына ээ болгон.

Мураталы Рысбековдун жооптуу кызматына ийгилик каалайбыз.

]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь