КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ ЧАТКАЛЬСКИЙ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ
Жаны-Базар айылы Досматов көчөсү с.Жаны-Базар ул.Досматова
Чаткал айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын ХХVI кезектеги сессиясынын
№ 1-Токтому
31-январь 2020-жыл Жаны Базар айылы
«Чаткал айыл Өкмөтүнүн социалдык-экономикалык
өнүгүүсүнүн 2019-жылдын 12 айындагы көрсөткүчтөрү
жөнүндө”
15-июль 2011-ж. №101 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 46,50-беренелеринин негизинде Чаткал айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун Чаткал айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн 2019-жылдын 12 айындагы көрсөткүчтөрү, бюджеттин жана коюлган милдеттеринин аткарылышы боюнча отчету жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап Чаткал айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XХVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Чаткал айыл Өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун Чаткал айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн 2019-жылдын 12 айындагы аткарган иштери боюнча отчету жана коюлган милдеттеринин аткарылышы жөнүндө билдирүүсү эске алынсын.
- Чаткал айыл Өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн 2019-жылдын 12 айындагы көрсөткүчтөрү, аткарылышы боюнча отчету айрым кемчиликтери менен канааттандырарлык деп табылсын.
- Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын, расмий жарыяланган соң, Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чаткал айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары С.Субановго тапшырылсын.
Чаткал айылдык Кеңешинин Төрагасы: Эргеш уулу У:
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ ЧАТКАЛЬСКИЙ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ
Жаны-Базар айылы Досматов көчөсү с.Жаны-Базар ул.Досматова
Чаткал айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын ХХVI кезектеги сессиясынын
№ 2-Токтому
31.01.2020-жыл Жаны Базар айылы
“Чаткал айыл Өкмөтүнүн 2020-жылга
өнүгүүнүн планы жөнүндө”
Чаткал айыл Өкмөтүнүн 2020—-жылга карата түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүү аракеттеринин иш чараларын угуп жана талкуулап Эл депутаттарынын Чаткал айылдык Кенешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXVI -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Чаткал айыл Өкмөтүнүн 2020-жылга карата сунушталган социалдык-экономикалык өнүгүү аракеттеринин иш чаралары жактырылсын.
- Чаткал айыл Өкмөтүнүн 2020-жылга карата түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүү аракеттеринин иш чараларын Чаткал айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен ишке ашыруу белгиленсин.
- Чаткал айыл Өкмөтүнүн 2020-жылга карата түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүү аракеттеринин иш чараларынын негизинде ишке ашыруу жагы Чаткал айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чаткал айылдык кенешинин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Чаткал айылдык Кеңешинин төрагасы Эргеш уулу У
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ ЧАТКАЛЬСКИЙ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ
Жаны-Базар айылы Досматов көчөсү с.Жаны-Базар ул.Досматова
Чаткал айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын ХХVI кезектеги сессиясынын
№ 3-Токтому
31.01.2019- жыл Жаңы-Базар айылы
Чаткал айылдык кенешинин бюджет боюнча комитетинин чечими б-ча маалыматын угуп жана талкуулап Чаткал айылдык Кенешинин VI-чакырылышынын кезектеги ХХI–сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Чаткал айыл Өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинде 2020-жылга карата калган акча каражаты төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
- Башкаруу тармагынын 22154900 статьясына 1178,9 мин сом, 31112390 статьясына 2,17 мин сом, билим берүү тармагына 22241100 статьясына 84,0 мин сом болуп чыгымдалсын.
- Бюджеттик акча каражатын мыйзам чегинде жумшоону колго алуу жагы Чаткал айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Т.Абдыкеримовго милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана финансы,агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Чаткал айылдык Кеңешинин төрагасы Эргеш уулу У:
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ ЧАТКАЛЬСКИЙ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ
Жаны-Базар айылы Досматов көчөсү с.Жаны-Базар ул.Досматова
Чаткал айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын ХХVI кезектеги сессиясынын
№ 4 Токтому
31-январь 2020-жыл Жаны Базар айылы
«Ак Таш айылындагы Үч Коргон көчөсүнө
Исматов Шарипбайдын ысымын ыйгаруу жөнүндө»
Эмгек жолунда бир нече ийгиликтерди жараткан, маркум Исматов Шарипбайдын ысымын Ак Таш айылындагы Үч Коргон көчөсүнө ыйгаруу боюнча Үч Коргон көчөсүнүн тургундарынын 2019-жылдын 20-ноябрындагы чогулушунун токтомуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467-токтомунун 8-пунктуна ылайык жана Чаткал айылдык Кенешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын сунушун угуп жана талкуулап Чаткал айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Чаткал айылдык Кенешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын берген маалыматы эске алынсын.
- Ак Таш айылындагы Үч Коргон көчөсүнө Исматов Шарипбайдын ысымы ыйгарылсын.
- Чаткал райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлктү каттоо
башкармалыгынан жана Чаткал райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан тийиштүү иш кагаздарын ушул токтомго ылайыкташтырып иштеп чыгуусу суралсын. - Көчөнүн аталышынын жазылышы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен илүүнүсу көзөмөлдөнүп, тазалыгын, көрктөндүрүү жашылдандыруу иштерин жүргүзүү өз каражатынын эсебинин камсыздоо маркум Исматов Шарипбайдын үй-бүлөсүнө жана жакын туугандары менен бирге Чаткал айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
- Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын, расмий
жарыяланган соң, Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн. - Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чаткал айылдык Кенешинин социалдык масселелер боюнча туруктуу комиссиянын жана мыйзамдуулук, укук тартиби, регламент боюнча туруктуу комиссияна жүктөлсүн.
Чаткал айылдык Кеңешинин төрагасы: Эргеш уулу У
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ ЧАТКАЛЬСКИЙ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ
Жаны-Базар айылы Досматов көчөсү с.Жаны-Базар ул.Досматова
Чаткал айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын ХХVI кезектеги сессиясынын
№ 5-Токтому
31.01.2020- жыл Жаңы-Базар айылы
“ Усаткалык шайлоо комиссияларынын
резервин бекитүү жөнүндө”
Чаткал айыл аймагынын участкалык шайлоо комиссияларынын резервин толуктоо боюнча сунушун угуп жана талкуулап Чаткал айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын ХХVI кезектеги сессиясы
Токтом кылат:
- Чаткал айыл аймагынын №2296, №2297, №2298 участкалык шайлоо комиссияларынын резервин толуктоо боюнча сунушу эске алынсын.
- Чаткал айыл аймагынын №2296, №2297, №2298 участкалык шайлоо комиссияларынын резервин толуктоолор боюнча тизмеси бекитип берүү жагы Чаткал райондук аймактык шайлоо комиссиясына сунушталсын .
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаткал айыл аймагынын башчысына милдеттендирилсин.
Чаткал айылдык Кенешинин
төрагасы: Эргеш уулу У.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ ЧАТКАЛЬСКИЙ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ
Жаны-Базар айылы Досматов көчөсү с.Жаны-Базар ул.Досматова
Чаткал айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын ХХVI кезектеги сессиясынын
№ 6-Токтому
31.01.2020- жыл Жаңы-Базар айылы
“ Мекемени каттоо жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү Кенештердин депутатарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү Кенешинин депутаттарынын статусу жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын “Юридикалык жактарды,филиалдарды(өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик катоо жөнүндөгү мыйзамдарынын негизинде,Чаткал айылдык кенешинин регламентин талкуулоонун негизинде Чаткал айылдык кенешинин кезектеги ХХVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- “Чаткал айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемеси юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
Мекеменин толук фирмалык аталышы:
Мамлекеттик тилде “ Чаткал айыл аймагынын айылдык Кенеши” мекемеси.
Расмий тилде: Учреждение “ айылный Кенеш Чаткальского айылного аймака” - Мекменин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы,Жалал Абад облусу,Чаткал району, Жаны Базар айылы, Б.Досматов көчөсү, № 50.
- Чаткал айылдык кенешинин Регламенти бекитилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү жеке өзүмө калтырамын.
Юридикалык жакты түзүү жөнүндө уюштуруучунун чечиминде андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик катоо үчүн тапшырылган документердеги маалыматтардын аныктыгын жана мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык жакты түзүү мекемелери тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылсын. Чаткал айылдык Кенешинин
төрагасы: Эргеш уулу У
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ ЧАТКАЛЬСКИЙ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ
Жаны-Базар айылы Досматов көчөсү с.Жаны-Базар ул.Досматова
Чаткал айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын ХХVI кезектеги сессиясынын
№ 7-Токтому
31.01.2020- жыл Жаңы-Базар айылы
“Кен казуу ишканалары жөнүндө”
Чаткал айыл өкмөтүндөгү кен казуу ишканаларынын айыл өкмөтүндөгү өкүлдөрүнүн аткарган иштери боюнча сунушун угуп жана талкулап Чаткал айылдык кенешинин кезектеги ХХVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Чаткал өрөөнүндөгү кен казуу ишканаларындагы дайындалган айыл аймактын атайын өкүлдөрүнүн аткарган иштери эске алынсын.
- Кен казуу ишканаларына жумушка орношууда айыл өкмөтүнүн миграция адиси менен атайын фирманын өкүлдөрү биргеликте иш алып барышсын жана өкүлдөр үчүн жумасына 2 күн айыл өкмөтүндө иштөө жагы милдетендирип атайын отуруучу бөлмө менен камсыздоо айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
- Ак таш айылына караштуу Кызыл Алма участкасындагы мыйзамсыз казылып жаткан жер боюнча мыйзамдуулугун карап чыгып айыл өкмөтү тарабынан такталып тийиштүү мекемеге кат берилсин.
- Вертекс ишканасынын фабрикасында жалпы иштөөчүлөрдүн так санын жана Чаткал айыл аймагынан канча жумушчу орношкондугу боюнча маалымат алуу үчүн атайын фабриканын жетекчисине кат берилсин.
- Чаткал айыл өкмөтү менен кен казуу ишканаларынын атайын сүйлөшүүлөрдүн негизинде ар кандай демөөрчүлүк менен келишим түзүлгөн жардамдар айыл аймагынын эсептик счетуна түз которуп берүү боюнча кен казуу ишканаларынын жетекчилерине кат берилсин.
- Бул токтомдун аткарылышы боюнча иш жүргүзүү Чаткал айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго милдетендирилсин.
Чаткал айылдык Кенешинин
төрагасы: Эргеш уулу У
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ ЧАТКАЛЬСКИЙ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ
Жаны-Базар айылы Досматов көчөсү с.Жаны-Базар ул.Досматова
Чаткал айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын ХХVI кезектеги сессиясынын
№ 8-Токтому
31.01.2020- жыл Жаңы-Базар айылы
“Трансформациялоо жөнүндө”
Чаткал айыл өкмөтүнүн Чандалаш участкасындагы ФПСтин жерин трансформациялоо жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Чаткал айылдык Кенешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXVI -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Чаткал айыл аймак башчысынын Чандалаш участкасындагы ФПСтин жерин тарнсформациялоо боюнча сунушу эске алынсын.
- Чандалаш участкасындагы там арка үчүн трансформацияга сунушталган ФПСтин 210 га жер аянты топо семкада эсептелип 210 га чыкпагандыктан так жалпы 198 га такталгандыгы жана анын ичинен 19,67 га жер суулуу жер аянты болгондугу белгиленсин.
- Чандалаш участкасындагы тарнсформациялоого жалпы 198 га нын ичинен 19,67га суулуу жер болгондугуна байланыштуу кыскартылып берилсин жана жалпы 178.33 га жер аянты трансформациялоого берилсин.
- Чандалаш участкасындагы 178,33 га жер аянтын там арка участкасына берүү үчүн трансформацилоо иштерин жүргүзүү Чаткал айыл өкмөтүнө милдетендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чаткал айылдык кенешинин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Чаткал айылыдк кенешинин
төрагасы: Эргеш уулу У
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ ЧАТКАЛЬСКИЙ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ
Жаны-Базар айылы Досматов көчөсү с.Жаны-Базар ул.Досматова
Чаткал айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын ХХVI кезектеги сессиясынын
№ 9-Токтому
31.01.2020- жыл Жаңы-Базар айылы
“Чаткал айыл өкмөтүнүн башчысынын
иш сапарга чыгуусу жөнүндө”
Чаткал айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун жогорку турган органдардан келген каттардын жана айыл өкмөттүн заарыл жумуштарын аткаруу үчүн атайын иш сапарга чыгуу жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Чаткал айылдык Кенешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXVI -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Чаткал айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун жогорку турган органдардан келген каттарынын негизинде жана айыл өкмөттүн заарыл жумуштарын аткаруу үчүн атайын иш сапарга чыгуу жөнүндөгү сунушу канааттандырылсын.
- Чаткал айыл өкмөт башчысы жыл ичиндеги иш сапарларына жөнөтүлсүн жана айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен мыйзам чегинде акча каражаты каралып берилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чаткал айылдык кенешине жүктөлсүн.
Чаткал айылыдк кенешинин
төрагасы: Эргеш уулу У
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ ЧАТКАЛЬСКИЙ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ
Жаны-Базар айылы Досматов көчөсү с.Жаны-Базар ул.Досматова
Чаткал айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын ХХVI кезектеги сессиясынын
№ 10-Токтому
31.01.2020- жыл Жаңы-Базар айылы
“Ар кандай коопсуздук абалга акча каражатын кармоо жөнүндө”
Чаткал айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун ар кандай коопсуздук абалдарды алдына алуу жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Чаткал айылдык Кенешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXVI -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Чаткал айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 2020-жылдагы айыл аймакта ар кандай коопсуздуктарды алдына алуу жөнүндө өзгөчө абалга акча кражатын кармап туруу маалыматы эске алынсын.
- Чаткал айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен ар кандай коопсуздук абалдарды алдына алуу үчүн акча каражаты ар кандай чыгымдардын эсебинен каралып берилсин.
- Акча каражатын мыйзам чегинде жумшоо Чаткал айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Т.Абдыкеримовго жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чаткал айылдык кенешинин бюджет комитетинин төрагасына жүктөлсүн.
Чаткал айылдык кенешинин
төрагасы: Эргеш уулу У
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ ЧАТКАЛЬСКИЙ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ
Жаны-Базар айылы Досматов көчөсү с.Жаны-Базар ул.Досматова
Чаткал айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын ХХVII кезексиз сессиясынын
№ 1-Токтому
15.04.2020- жыл Жаңы-Базар айылы
“Жайыт комитетинин
болжолдуу бюджетин бекитүү жөнүндө”
Чаткал айыл жайыт комитетинин 2020-жылга карата болжолдуу бюджети боюнча Чаткал айылдык кенешинин бюджет боюнча комитетинин чечимин угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Чаткал жайыт комитетинин 2020-жылга карата сунушталган болжолдуу бюджетинин долбоору боюнча эске алынсын.
- 2020-жылга болжолдуу бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 2 735 810 мин сом болуп бекитилсин.
- Жайыт комитетинин 2020-жылга карата ички тартибинин жобосу жана 2020-жылга карата түзүлгөн иш планы жактырылсын жана макулдашуунун негизинде бекитилсин.
- Чаткал жайыт комитетинин бардык кызматкерлеринин айлыгы бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышына карата 50% дан төлөп берүү жагы белгиленсин.
- Чаткал жайыт комитетинин 2020-жылга карата Техникаларынын жергиликтүү калкка кызмат көрсөтүүсү бекитилсин.
- Чаткал жайыт комитетинин 2019-жылдын бюджетинин аткарылышы боюнча азыркы кырдаалга байланыштуу кийинки сессияга калтырылсын.
- Чаткал айыл аймагындагы малды жаз күз мезгилдерине карата жайыттарга жайгаштыруу мыйзам чегинде жүргүзүлсүн жана башка аймактан келе турган мал жандыктарды атайын постон текшерип өткөрүүнү колго алышсын жана келүү графиктердин негизинде иш жүргүзүшсүн.
- Жогорудагы кабыл алынган чечимдерди өз убагында аткаруу жагы Чаткал жайыт комитетинин төрагасы М.Ашырбаевге милдетендирилсин.
Чаткал айылдык кенешинин
төрагасы: У.Эргеш уулу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ ЧАТКАЛЬСКИЙ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ
Жаны-Базар айылы Досматов көчөсү с.Жаны-Базар ул.Досматова
Чаткал айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын ХХVII кезексиз сессиясынын
№ 2-Токтому
15.04.2020- жыл Жаңы-Базар айылы
“2020-жылдын бюджетине
өзгөртүү киргизүү жөнүндө”
Чаткал айыл өкмөтүнүн бюджетке өзгөртүү киргизүү боюнча Чаткал айылдык кенешинин бюджет боюнча комитетинин чечимин угуп жана талкуулап Чаткал айылдык Кенешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXVII -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Чаткал айыл Өкмөтүнүн 2020-жылдагы жергиликтүү бюджетинин төмөндөгү статяларынын эсебиндеги акча каражатарын статьядан жылдыруу боюнча бюджетке өзгөртүү киргизүү боюнча сунушу эске алынсын.
- Жалпысы 196000 мин сом акча каражаты башкаруу тармагыныны 2215 статьясына коюулуп чыгымдалсын.
- Аз камсыз болгон жалгыз бой жана оор кырдаалда турган үй бүлөлөргө 2215 статьясына 40 мин сом каралып түзүлгөн комиссиянын чечими менен каралып берилсин.
- Терс участкасындагы постко кезекке туруу үчүн трнспорттук чыгымга 10 мин сом акча каражаты күйүүчү май үчүн жумшалсын.
- Бюджеттик акча каражатын мыйзам чегинде жумшоону колго алуу жагы Чаткал айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Т.Абдыкеримовго милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана финансы,агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Чаткал айылдык кенешинин
төрагасы: У.Эргеш уулу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ ЧАТКАЛЬСКИЙ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ
Жаны-Базар айылы Досматов көчөсү с.Жаны-Базар ул.Досматова
Чаткал айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын ХХVII кезексиз сессиясынын
№ 3-Токтому
15.04.2020- жыл Жаңы-Базар айылы
“Ар кандай маселелер жөнүндө”
Чаткал айыл аймагындагы ар кандай маселелер боюнча сунушун угуп жана талкуулап Чаткал айылдык Кенешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXVII -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Россия федерациясындагы Чаткал фондунун кайрылуусу боюнча айыл өкмөтүнүн бюджетинин тартыштыгын эске алуу менен дотациядагы айыл өкмөтү болгондуктан Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы К.Эшалиевге соц пакетин эсебинен акча каражатын берүү жөнүндө кат берилсин.
- Алма бак боюнча көрктөндүрүү үчүн кошумча көчөт алып тигүү жана сууга керектелүүчү тех каражатарды камсыздоо айыл өкмөтүнө милдетендирилсин.
- Жазгы талаа жумуштарын үзгүлтүккө учуратпоо жана суугат жерлердеги Каналдарды ондоо боюнча иш колго алынсын.
- Чаткал айыл аймагындагы бардык эгин эгилген талаалары жана тоют өсүмдүк бар жерлер толугу менен кайтарууга алууну уюштурсун жана кырдаалга байланыштуу айыл өкмөтү тарабынан акча каражатары каралып берилсин.
- Ет ГэО фирмасы боюнча рекултуация иштеринин жүрүшү боюнча иш жүргүзүлун.
- Чаткал айыл аймагында көрктөндүрүү боюнча токтоосуз жүргүзүү жагы эске алынсын.
- Аймактагы медицина кызматкерлерге жардам көрсөтүү боюнча ар бир медиктеридин аты жөнү такталып айыл өкмөтү тарабынан ар бирине 1000 сомдук материалдык колдоо көрсөтүлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысына милдетендирилсин.
Чаткал айылдык кенешинин
төрагасы: У.Эргеш уулу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ ЧАТКАЛЬСКИЙ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ
Жаны-Базар айылы Досматов көчөсү с.Жаны-Базар ул.Досматова
Чаткал айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын ХХVII кезексиз сессиясынын
№ 4-Токтому
15.04.2020- жыл Жаңы-Базар айылы
“Жер участогун бөлүп берүү жөнүндө”
Кыргыз гидрометрологиясынын Чаткал районундук бөлүмүнүн Чаткал айыл аймагынын Ак Таш айылынан Чаткал суусунун көлөмүн жана кардын бийиктигине байкоо жүргзүү үчүн Кыргыз Гидрометрологиянын Чаткал райондук бөлүмүнө атайын үй там куруу жөнүндөгү жер участогу боюнча сунушун угуп жана талкуулап Чаткал айылдык Кенешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXVII -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кыргыз гидрометриологиясынын Чаткал райондук бөлүмүнүн атайын Чаткал суусунун көлөмүн өлчөө жана кардын бийиктигин ченөө менен атайын кызматтык үй там куруу боюнча 1 га жер участогун бөлүп берүү жөнүндөгү арызы эске алынсын.
- КРнын жер Кодексинин жер участогун берүү жөнүндөгү 27 –статьясынын 1 пункутуна ылайык Кыргыз гидрометрологиясынын Чаткал райондук бөлүмүнүн атайын кызматтык үй тамын курууга Ак Таш айылынан 1 га жер участогу бөлүп берүүгө уруксат берилсин.
- Бөлүнүп берилген жерди тактап мыйзам чегинде иш жүргүзүүнү Чаткал айыл өкмөтүнүн жер жана турак жай боюнча адисине милдетендирилсин
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чаткал айылдык кенешинин мыйзамдуулук, айыл чарба, жер, токой жана экология боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Чаткал айылдык кенешинин
төрагасы: У.Эргеш уулу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ ЧАТКАЛЬСКИЙ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ
Жаны-Базар айылы Досматов көчөсү с.Жаны-Базар ул.Досматова
Чаткал айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын ХХVII кезексиз сессиясынын
№ 5-Токтому
15.04.2020- жыл Жаңы-Базар айылы
“Штат бирдигин бекитүү жөнүндө”
Чаткал айылдык кенешинин жооптуу катчысына штатык бирдикти ачуу боюнча сунушун угуп жана талкуулап Чаткал айылдык Кенешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXVII -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Чаткал айылдык кенешинин жооптуу катчы муниципиалдык кызмат оруну үчүн атайын 1 штаттык бирдик алуу боюнча сунушу жактырылсын.
- Чаткал айылдык кенешинин жооптуу катчы кызмат орунун ачуу үчүн 2020-жылдын 1-июлуна карата атайын штатык бирдигинин тарификациясын эсептеп бекитип берүү жагы Чаткал райондук каржы бөлүмүнөн суралсын.
- Жооптуу катчы штат бирдигинин тарификациясын эсептеп сунуштоо жагы Чаткал айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына милдетендирилсин.
- Жооптуу катчы муниципиалдык кызмат оруну боюнча КРнын жарандык жана муниципиалдык кызмат орундарын ээлөө боюнча мыйзамына ылайык иш жүргүзүү жагы көнүлгө алынсын жана айыл өкмөтү менен биргеликте атайын биргелешкен буйруктун негизинде конкурстук комиссия түзлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Чаткал айылдык кенешинин бюджет комитетинин төрагасы К.Карабаевге жүктөлсүн.
Чаткал айылдык кенешинин
төрагасы: У.Эргеш уулу