Жалпы

Жарыя!

33

Чаткал районундагы Каныш-Кыя айыл өкмөтү төмөнкү бош кызмат орунуна ачык сынак жарыялайт:
1. Башкы адис – чыгымдар боюнча бухгалтер (У-Б) 1 (бир) бош орун
1) Кесиптик билимдин деңгээли:

  • жогорку билим — Финансылык экономикалык багыттары боюнча
    2) Иш стажы жана тажрыйбасы:
  • жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
    3) Кесиптик компетенттүүлүгү:
  • Төмөнкүлөрдү билүү:
    Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:
  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;
  • “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”;
  • “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамдары;
  • Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын Кодекси.
    Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:
  • Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө № 131 токтому.
    Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 токтомуна ылайык) жана расмий тилдерди;
  • Билгичтиги:
    маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
    аналитикалык документтерди даярдоо;
    тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
    кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
    иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
    эмгектин жаңы шарттарына көнүү;
  • Көндүмдөрү:
    ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
    ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
    башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;
    компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Керектелүүчү документтер:

  • Бош кызмат ордун көрсөтүү менен жеке арыз айыл аймак башчысынын атына (контактык телефон номери менен);
  • Кадрларды эсепке алуу боюнча баракча, сүрөтү менен;
  • Резюме, сунуш каттары, өмүр баян (соттолгон же соттолбогондугу тууралуу маалыматты көрсөтүү менен);
  • Билими жөнүндө, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам ыйгарылгандыгы жөнүндө дипломдордун көчүрмөлөрү, эмгек китепчесинин, паспорттун көчүрмөлөрү, аскер билетинин көчүрмөсү (эмгек китепчесинин жана дипломдордун көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги кызматчыларды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт),
    Документтерди кабыл алуу жарыя чыккандан баштап 10 жумушчу күндүн ичинде жүргүзүлөт.
    Дареги: Каныш-Кыя айылы, Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн имараты ,
    тел: 0777 21 11 76
]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь