Жалпы

Кулактандыруу!

71
«Жаркын келечекке багыт» коомдук жаштар бирикмесинин демилгеси менен, Чаткал районунун мамлекеттик администрациясынын колдоосу менен, республикабыздын ар кайсы шаарларында билим алып жаткан студенттерге арналган, жылына бир жолу тапшырылуучу стипендиянын 2019-2020-окуу жылы үчүн түзүлгөн
ЖОБОСУ:
Максаты:
• Чаткал районунан чыккан жана ар кайсы тармакта ийгиликтерди багынтууга жетишкен студенттердин колдоо;
• Башка студенттерге жана студент болуп келе турган район жаштарыбызга стимул жаратуу;
Стипендиянын негизги багыттары:

  1. Билим багытында мыкты көрсөткүчкө жетишкендер.
  2. Спорт багытында.
  3. Маданият багытында.
  4. Коомдук иш чараларда өзүн мыкты жактан көргөзө алгандар Стипендиялык конкурска катышууну каалоочуларга болгон талаптар:
    Билим багытында
  5. Чаткал районунун 4 айыл аймагында жайгашкан орто мектептерин аяктап, республикабыздын ЖОЖдорунда 1-курстан 5-курска чейинки билим алып жаткан студенттер катыша алышат.
  6. Резюме (классикалык түрдө; өмүр баян. Үй бүлө. Тил билүүсү ж.б)
  7. Окуган жайынан мүнөздөмө. ( кошумча мүнөздөмөлөр да кабыл алынат. М: тил курстарынан.)
  8. Студент экендигин тастыктаган маалым кат (справка)
  9. Студенттик китепчесинин көчүрмөсү (зачетный книжка)
  10. Жетишкендиктери тууралуу документтердин (грамота,диплом) көчүрмөсү
    Спорт багытында
  11. Чаткал районунун төрөлүп өскөн жашы 25 жаштан ашбаган жаштар катыша алышат.
  12. Резюме (классикалык түрдө; өмүр баян. Үй бүлө. Тил билүүсү ж.б)
  13. Машыккан спорттук жайдан же болбосо жеке машыктыруучудан мүнөздөмө
  14. Спорт тармагында жетишкен ийгиликтери тууралуу кагаз жүзүндө маалымат жана ал ийгиликтерин тастыктаган документтердин (грамота,диплом) көчүрмөлөрү
  15. Кошумча маалыматтар
    Маданият багытында
  16. Чаткал районунда төрөлүп өскөн 25 жаштан ашпаган өнөр ээлери катыша алышат. Мисалы: ырчы, акын, бийчи, комузчу ж.б. маданият тармагынын өкүлдөрү.
  17. Резюме (классикалык түрдө ; өмүр баян. Үй бүлө. Тил билүүсү ж.б)
  18. Аркалаган өнөр тармагындагы басып өткөн жолу тууралуу маалымат
  19. Устатынан же билим алып жаткан окуу жайынын жетекчилигинен мүнөздөмө
  20. Жетишкендиктери тууралуу кагаз жүзүндө маалымат жана аларды тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү
  21. Кошумча маалыматтар
    Коомдук иш чараларда өзүн мыкты жактан көргөзө алгандар
  22. Чаткал районунда төрөлүп өскөн 25 жаштан ашпаган жаш активистер катыша алышат.
  23. Резюме (классикалык түрдө; өмүр баян. Үй бүлө. Тил билүүсү ж.б)
  24. Иш алып барган коомдук уюмдан ал жакта иштегендигин тастыктаган маалым кат.
  25. Иш алып барган коомдук уюмдун жетекчилигинен мүнөздөмө
  26. Жеке өзүнүн коомдук иш чаралардагы өмүр жолу жана аткарган иш чаралары тууралуу конкреттүү фактылар менен кагаз жүзүндө баяндама. (2 барактан ашбаган)
  27. Коомдук иштерде жетишкен ийгиликтери тууралуу кагаз жүзүндө маалымат жана аларды тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү
  28. Кошумча маалымат
    Жалпы талаптар:
  29. Жогорудагы белгиленген документтерди кабыл алуу эң кеч 25-февралга чейин уланат.
  30. Ар бир тармактын документери жогоруда көргөзүлгөн негизде, иреттүү тапшырылуусу талап кылынат.
  31. Бишкек шаарында жашаган катышуучулардын документтери кагаз түрүндө кабыл алынат. Ал эми башка аймактардан катышууну каалагандар төмөндө көргөзүлгөн электрондук адреске жибере алышат.
    Конкурстун жүрүшү жана сыйлоо аземи
    Стипендиялык конкурска катышуучулардын документтерин кабыл алуу мөөнөтү аяктагандан кийин жеңүүчүлөрдү аныктоо үчүн атайын коммиссия түзүлөт. Алар ар бир катышуучунун документи менен жакындан таанышып, талдашып, эң мыкты конкурсантты жеңүүчү деп табышат.
    Мыкты деп тандалып алынган конкурсанттар 29-февраль күнү боло турган “Чаткал жаштарынын жолугушуу кечесинде” Чаткал районунун акиминин өз колунан стипендияларын жана сертификаттарын алышат.
    Маалымат алуу үчүн байланыш каражаттары:
    Батырбекова Рапия 0700716150, 0776160406
    (документтерди чогултуу боюнча жооптуу) r.batyrbekovaа@gmail.ru @chatkal_jashtary
]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь