Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Чаткал району боюнча башкармалыгы Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун мөөнөтү юридикалык жактар үчүн 2020-жылдын 1-март айында , жеке жактар үчүн 1-апрелде аяктарын эскертет.
1-мартка чейин Бирдиктүү салык декларациясын ата-мекендик уюмдар , дыйкан жана фермердик чарбалар , туруктуу мекемесин түзүү менен Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүргүзгөн чет өлкөлүк уюмдар тапшырууга милдеттүү.
1-апрелге чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер жеке ишкерлер , анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр , менчигинде кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар , ошондой эле , юридикалык жакты түзбөй туруп иш жүргүзгөн дыйкан жана фермердик чарбалар Бирдиктүү салык декларациясын тапшырууга милдеттүү.
Декларацияны өз убагында тапшырбагандарга айып салынат.
Бирдиктүү салык декларация мамлекеттик салык кызматынын Чаткал району боюнча башкармалыгында ишенби жана жекшенбиден башка күндөрү саат 9.00 дөн 18.00 гө чейин кабыл алынат.
Байланыш телефондор: 03749 6 02 36, 03749 6 02 44.
Мобилдик телефондор: 0772 61 89 64, 0771 50 52 63.
Толук маалыматты 1240 номурунан же www:sti.gov.kg сайтынан алууга болот.
САЛЫК КЫЗМАТЫНЫН ЧАТКАЛ РАЙОНУ БОЮНЧА БАШКАРМАЛЫГЫ
]]>