Жалпы

Жарыя!

19

Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы төмөнкү бош кызмат орунуна ачык сынак жарыялайт:

1) – Социалдык маселелер боюнча башкы адис 1 (бир) бош орун;
Квалификациялык талаптар:
Социалдык маселелер боюнча Башкы адис.

Кесиптик билими:
жогорку билим — Финансылык экономикалык, Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Айыл чарба, Ветеринардык, Гуманитардык, Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика тармактарында.

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

  • жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

  • Төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:
Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;
Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө”;
“Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”;
“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамдары;
Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын Кодекси.
Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:
Үй-бүлө жөнүндө кодекси;
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө”;
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”;
“Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” мыйзамдары.
Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 токтомуна ылайык) жана расмий тилдерди;

  • Билгичтиги:
    маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
    аналитикалык документтерди даярдоо;
    тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
    кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
    иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
    эмгектин жаңы шарттарына көнүү;
  • Көндүмдөрү:
    ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
    ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
    башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;
    компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Сынакка катышуу үчүн документтер:

  • бош кызмат ордун көрсөтүү менен жеке арыз конкурсттук комиссиянын төрагасына (контактык телефон номери менен);
  • кадрларды эсепке алуу боюнча баракча, сүрөтү менен;
  • резюме, сунуш каттары, өмүр баян (соттолгон-соттолбогондук тактамасын кърсът\ менен);
    -билими жөнүндө, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам ыйгарылгандыгы жөнүндө дипломдордун көчүрмөлөрү, эмгек китепчесинин, паспорттун көчүрмөлөрү, аскер билетинин көчүрмөсү (эмгек китепчесинин жана дипломдордун көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги кызматчыларды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт).

Документтерди кабыл алуу жарыя сайтка чыккандан баштап 10 жумушчу күн жүргүзүлөт.

Керектүү документтерди төмөнкү дарекке тапшырсаңыздар болот:
Чаткал району, Каныш-Кыя айылы, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы, сурап билүү телефондору (03749) 60310, 0770 345236.
Эскертүү; квалификациялык талапка жооп берген талапкерлерге конкурстун өтө турган күнү кошумча маалымдалат.

]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь