Буга байланыштуу, 22-апрелде Чаткал районунун борбору Каныш-Кыя айылында жер алдындагы кен байлыктарды өндүрүү ишмердүүлүгүнө байланышкан тегерек стол болду.
Тегерек столго кен тармагына байланышкан райондук жана облустук мекеме башчылары, фирмалардын жетекчилери, айыл аймак башчылары жана айылдык кеңештердин депутаттары катышты.
Иш чарада алгач район акими Канжарбек Эшалиев кен казган фирмалардын райондогу ишмердүүлүгүнө байланыштуу баяндама жасады. Баяндамада белгиленгендей, тоо кен окуу жайларын бүтүргөн 41 улан кыздар жумуш таппай олтурушат
Булардын айрымдары окууну өздөрү бүтсө, айрымдарын фирмалар окуткан.
Ата мекендик өндүрүштү колдоо максатында райондо сүттү кайра иштетип, сүт азыктарын чыгарып Ет Гео, Кичи Чаарат, ЗААВ Чаарат, Вертекс Голд Компани фирмаларына өткөрүү боюнча раймамадминистрация тарабынан сунуштар жиберилген.
Аким фирмаларга жергиликтүү калкка ар кандай кырдаалдарда техникалык жактан көмөк көрсөтүп келе жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди
Жалал-Абад облмамадминистрациянын бөлүм башчысы Ажымамат Исаев Чаткал районунда кен тармагы гана эмес, экологиялык жактан таза продукция өндүрүү боюнча да аракеттенүү керектигин айтып, ошондуктан, жергиликтүү калк мындан ары жашап кетүүсү үчүн экологиялык таза продукцияларды өндүрүүнү колго алуу керек деди.
Ал өз сөзүндө белгилегендей,, Чаткалу экологиялык жактан таза район болуп саналат. Башка райондордо эпизоотиялык абал абдан начар болууда.
Айрым фирмалардын лицензиялык ишмердүүлүгү бүтсө да, рекультивациялык иштери бүтө электиги коомчулуктун көңүлүн буруп, терс таасирин тийгизүүдө
Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Нургазы Жолдошев рекультивациялык иштерди жасатууга айрым фирмалардын айыл өкмөттү тоотпостук кылууда-деди.
Район прокурору Насирдин Бообеков фирмаларды мыйзамды сыйлоого жана мыйзамдуу иш жүргүзүүгө чакырды.
КР. УКМКнын Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондору боюнча өкүлү Максат Шабыралиев ар кандай маселелерди көчөгө топтолуп, өз алдынча чечпей, ушундай тегерек столго жыйналып, укук талаасында чечүү керектигин, коомчулук фирмалардын иштешине каршы эместигин, аларды фирмалар кеткен соң жер кандай абалда калаары тынчсыздандыраарын айтып, ушундай форматтагы жолугушуулар мындан ары да болуп турса жакшы болмок экендигин кошумчалады.
Экотехинспекциянын Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондору боюнча өкүлү Алмаз Курманкулов мыйзамсыз иш жүргүзүп жаткан фирмалар менен иштешип, алардын мыйзамдуу иш жүргүзүүсүн камсыздоо боюнча тынымсыз аракеттер жүргүзүлөөрүн билдирип, фирмалар «жогору жактагы» ишенген адамдарына таянып иш жүргүзүү деген терс көрүнүштөр мындан ары болбостугун, кен фирмаларынын ишмердүүлүгү президенттин жеке көзөмөлүндө экендигин айтты
Чаарат ЗААВ дын өкүлү Давран Вахабов фирманын жетекчиси кен казуучу аймактагы арчаларды кыюу боюнча чечим чыкпай жаткандыгын айтып, экология кызматынын өкүлү бул боюнча жакынкы күндөрү чечилээрин билдирди.
Вертекс Голд компаниясынын башчысы Баялинов Айгыр-Жал көпүрөсү быйыл бүтөөрүн жана райондогу жергиликтүү өндүрүшчүлөрдү колдоого фирма даяр экенин билдирди.
Ал буга кошумча, фирмаларга жумушка алуучу жумушчуларды алдын ала коопсуздук эрежелерине окутуу боюнча борбор ачса жакшы болмоктугун айтты
Аким Канжарбек Эшалиев райондук кесиптик окуу жайда окуу борборун ачса болоорун айтты
Чаарат ЗААВ дын жетекчиси Давран Вахабов кымбат баадагы техника эч нерсе эмес, адам өмүрү баалуу, бизге адам өмүрүн кыйган учурлар керек эмес деди. Аким Канжарбек Эшалиев да жумушка кирүүнү каалагандар техникалык коопсуздук маселелерин окуп үйрөнүп келишсе өздөрүнө да, фирмага да тынч болмогун айтты.
Кичи Чаарат фирмасынын жетекчиси Ван Зун аким сунуш кылган кен тармагына окуган он беш жарандын резюмелерин алып, шартка жараша жумушка алууга аракет көрөрүн айтты.
Чаткал айыл аймагынын башчысы Бакыт Исабеков кен фирмаларынын жүк ташуучу оор техникалары айылдарды аралап өткөндө чектен тышкары чоң ылдамдыкта өтүп жаткандыгын айтып, ар кандай кырсыктардын алдын алуу үчүн фирма башчылары жүк ташуучу автоунаалардын айдоочуларына эскертүү берүү керектигин айтты.
Булардан тышкары, айрым фирмалар районго статистикалык отчетторун бер бей келе жаткандыгы, фи рмалар бош орундар боюнча миграция бөлүмү менен иштешүүсү солгун экендиги, фирмалар демөөрчүлүк каражаттарын кеч которуп, көп иштер кийинки жылдарда калып жаткандыгы айтылды.
Тегерек столдун столдун соңунда, фирмалардын жетекчилерине жергиликтүү калктан жумушчу алууну көбөйтүү, мүмкүн болушунча аз камсыз болгон үй-бүлөлүү кесипкөй жарандардан жумушка алууну колго алуу, фирмалар мыйзамда каралган салыктарды районго өз убагында толук төлөөсү, Вертекс Голд Компани фирмасынын Айгыр-Жал айылындагы көпүрөнү оңдоону тездетүүсүн жана ушул эле фирмада жумушчуларга эмгек акыны КР Эмгек кодексине ылайык төлөп берүү жагын, экотехинспекция кызматы менен КР өнөр жай агенттигинен тиешелүү салыктарды төлөбөй, рекультивациялык иштерди жасабай жүргөн фирмаларга чара көрүүнү сурануу сыяктуу суроо-талаптар айтылды.
М. Эшназаров