Бүгүн «Айыл Банк» ААКунун Ала-Бука филиалынын башкаруучусу Алыбаев Сырдаш Бузурманкулович тарабынан Чаткал районунун Т. Жаналиев орто мектебинде мектеп мугалимдери жана окуучулардын катышуусунда жүз даана китеп салтанаттуу түрдө тапшырылды.
-«Айыл Банк» ААКунун Башкармалыгынын Төрагасы Акимов Мурат Кудайбергеновичке мектеп жамаатынын атынанчоң ыраазычылык билдиребиз. Бүгүнкү берилген китептер биздин мектепте абдан таңкыс болчу.-деп мектеп директору Айсулуу Маматова ыраазычылык билдирди.
Эскерте кетсек, 2017-жылы «Айыл Банк» ААК тарабынан ушул эле мектепке окуучулардын билим алуусуна көмөк катары 3 компьютер белек катары берилген эле.
Кошумчалай кетчү нерсе, «Айыл Банк» ААКнын өкүлү Сырдаш Алыбаев аталган мектепке демөөрчүлүк катары берилген китептерден сырткары, өз эсебинен «Манас» эпосунун атактуу манасчы Сагынбай Орозбаковдун вариантындагы төрт томдугун белек катары тапшырды.