Кабар

Пенсиялар кайра эсептелинүүдө

49

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен жарыяланган «Аймактарды өнүктүрүү» жылына карата Кыргыз Републикасынын Өкмөтүнүн «2018-жылдын 1-октябрынан тартып жалпы өлчөмү өткөн жылдагы пенсионердин жашоо минимумунун өлчөмүнөн төмөн болгон пенсиялардын базалык бөлүгүн индексациялоо тууралуу» жана «2018-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо тууралуу» токтомдоруна ылайык 2018-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүнө индексациялоо жүргүзүлүп же пенсиялар кайра эсептелинип жатат. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамына ылайык 2018-жылдын 1-октябрына чейин дайындалган пенсиялардын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрү 2018-жылдын 1-октябрынан тартып индексацияланат. Эгерде пенсиянын жалпы өлчөмү 2017-жылдагы пенсионерлердин жашоо минимумунун (ПЖМ) өлчөмүнөн төмөн болсо пенсиянын базалык бөлүгү индексацияланат.КР Улуттук статистика комитетинин маалыматтары боюнча 2017-жылы ПЖМ 4393 сомду тузот. КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-июлундагы №347 токтому менен бекитилген «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнундө» КР мыйзамына ылайык дайындалган пенсияларды инлексациялоо тартибинин 8-пунктуна ылайык пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоо бир учурда жургузулсо, биринчи пенсиянын базалык бөлүгү андан соң пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрү индексацияланары каралган. « 2018-жылдын 1-октябрынан тартып жалпы өлчөмү откон жылдагы ПЖМ өлчөмүнөн төмөн болгон пенсиялардын базалык бөлүгүн индексациялоо тууралуу» КР Өкмөтүнүн токтомуна ылайык 2018-жылдын 1-октябрына чейин дайындалган, жалпы өлчөмү 2017-жылдагы пенсионерлердин жашоо минимумунунун өлчөмүнөн төмөн болгон пенсиялардын базалык бөлүгү 2017-жылдагы орточо эмгек акынын 2016-жылдагы орточо эмгек акыга карата 105,5% га өлчөмүнө же 100 сомго индексацияланат. « 2018-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнун өлчөмдөрүн индексациялоо тууралуу» КР Өкмөтүнүн токтомуна ылайык 2018-жылдын 1-октябрына чейин дайындалган пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнун өлчөмдөрү 1,07 индексациялоо коэфициентине, бирок жалпы өлчөмү 4393 сомдон ашпаган пенсиялар учун 250 сомдон кем эмес жана жалпы өлчөмү 4394 сомдон ашкан пенсиялар учун 370 сомдон кем эмес өлчөмүндө индексацияланат. Пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүнүн өлчөмү базалык бөлүктү, кошумча акыларды жана электр энергиясы учун компенсациялык төлөмдөрдү эске албастан аныкталат. 1-мисал: Эрмекбаев Э.Т. – курагы боюнча пенсия алат, ОАЭ 3120сом, 1-октябрга карата пенсиянын өлчөмү 3423сом, анын ичинде пенсиянын базалык бөлүгү – 1780сом, ЖЭ1-436сом80; , ЖЭ2-1006сом, электр энергиясы үчүн компенсация 200 сом 2018-жылдын 1-октябрынан тартып индексация төмөндөгүдөй тартипте жүргүзүлот: Индексацияга чейин 2018-ж 1-октябрынан тартып индексациялангандан кийин Базалык бөлүк 1780сом 1780+100=1880 сом ЖЭ1 436,80 436,80 ЖЭ2 1006 1006 (ЖЭ1+ЖЭ2) 436,80+1006=1442,80 1442,80*1,07=1543,8 сом Электр энергиясы үчүн компенсация 200 сом 200 сом 2018-ж 1-октябрдан тартып индексация.н өлчөмү __ 1543,80-1442,8=101 сом бирок 250 сом кошулат. Төлөнө турган пенсиянын жалпы өлчөмү 3422,80 сом 3772,80 сом (1880+1442,8+250+250) 2-мисал Иванов.В.М- курагы боюнча пенсия алат. 2018-жылдын 1-октябрына карата пенсиясынын жалпы өлчөмү 25851 сомду тузот, анын ичинен пенсиянын базалык бөлүгү 1780 сом, ЖЭ1-3450сом, ЖЭ2-20621 сом. Пенсиянын өлчөмү 2017-жылдагы ПЖМ (4393сом) өлчөмүнөн жогору болгондуктан, пенсиянын базалык бөлүгү индексацияланбайт, 1780 сом өлчөмүндө калат, ал эми пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрү төмөнкүдөй тартипте индексацияланат: Индексацияга чейин 2018-ж 1-октябрынан тартып индексациядан кийин Базалык бөлүк 1780 сом 1780 сом ЖЭ1 3450 сом 3450 сом ЖЭ2 20621 сом 20621 сом (ЖЭ1+ЖЭ2) (3450+20621)=24071 24071*1,07=25756 сом 25756-24071=1685 сом Төлөнө турган пенсиянын өлчөмү 25851 сом 27536 сом (1780+24071+1685) 3-мисал Алиев.К.Н- курагы боюнча пенсия алат. 2018-жылдын 1-октябрына карата пенсиясынын жалпы өлчөмү 3965 сомду тузот, анын ичинен пенсиянын базалык бөлүгү 1780 сом, ЖЭ1- 295 сом, ЖЭ2 – 367 сом, пенсиялардын мурда жүргүзүлгөн, кайра эсептөөлөрүнүн суммасы- 1281 сом, электр энергиясы үчүн компенсация-242 сом, 2018-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын өлчөмү төмөнкүдөй тартипте индексацияланат. Индексацияга чейин 2018-ж 1-октябрынан тартып индексациядан кийин Базалык бөлүк 1780 сом 1780 сом+100 сом = 1880 сом ЖЭ1 295 сом 295 сом ЖЭ2 367 сом 367 сом Пенсиялардын мурда жүргүзүлгөн кайра эсептөөлөрүнүн суммасы 1281 сом 1281 сом ЖЭ1+ЖЭ2+кайра эсептөөлөр суммасы 2018-ж 1-октябрынан тартып индексациянын өлчөмү 295+367+1281=1943 сом 1943*1,07=2079 сом 2079-1943=136 сом 250 сомдон аз болгондуктан,250 сомдон кошулат. Электр энергиясы үчүн компенсация 242 сом 242 сом Төлөнө турган пенсиянын жалпы өлчөмү 3965 сом 4315 сом (1880+1943+250+242) Кыргыз Республикасына сиңирген озгочо эмгеги учун пенсия алган адамдарга пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрү жалпы негиздерде индексацияланат. «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жонундо» КР Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык эсептелген толук эмес иш стажында жана 1,2 жана 3 топтогу майыптыгы боюнча пенсия алган адамдарга пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү мыйзам чегинде индексацияланат. Баккан адамынан айрылгандыгы боюнча (СПК) пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрү багуусундагылардын санына жараша жүргүзүлөт: багуусундагы 1 балага- 50% өлчөмүндө, 2 балага 90% өлчөмүндө, 3 балага 120% өлчөмүндө жана 4 жана андан ашык балага 150% өлчөмүндө. Райондогу бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын аймактарда жашаган адамдардын пенсиясынын камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоо райондук коэфициенттерди колдонбостон жүргүзүлөт. Пенсияны индексациялоо менен бир учурда пенсионерде башка негиздер боюнча кайра эсептөө укугу келип чыкса (ЖЭ2 боюнча, стаж, эмгек акы, 80 жаш куракка толгондугу жана башка тууралуу кошумча маалыматтар), анда алгач ушул негиздер боюнча кайра эсептөөлөр жүргүзүлүп, андан кийин пенсиянын базалык жана камсыздандыруу стажы жонундо кошумча документтер берилген учурда индексациялоонун өзгөртүлүүго жатпайт. Жогоруда белгиленгендей мамлекет тарабынан пенсионерлердин жашоо шартын жакшыртуу, социалдык абалын чындоо жана пенсиянын өлчөмүн пенсионердин жашоо минимумунун өлчөмүнөн жогорку денгээлде жеткирүү боюнча иш аракеттер көрүлүүдө. 2018-ж 1- октябрынан тартып орточо пенсиянын көлөму 5733 сомго жетиши күтулүүдө. Азыркы учурда пенсияларды кайра эсептөө иштери аягына чыгып калды, же октябрь айынын пенсиялары кайра эсептөөлөр жүргүзүлгөндөн кийин тийиштүү өлчөмдө көбөйтүлгөн кошумча суммалары менен төлөнуп жатат. Ал эми райондо социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык маселелер боюнча биздин райондук Социалдык фонд башкармасына же 0772-29-41-28, 0774-23-76-47, 0776-86-86-13 телефондору аркылуу байланышып, маалымат алсаныздар болот. А. Эшикулов, Чаткал райондук Социалдык фонд Башкармасынын башчысы]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь