2 млн. 885 миң сом каражатка Жаңы-Базар айылындагы Т. Жаналиев орто мектебинин жылытуу тутуму жаңыланды.
1 млн. 339 миң 348 сом каражатка Курулуш айылындагы С. Чондоева атындагы балдар бакчасынын чатыры жаңыланууда. Ал эми, аталган бакчанын ичи айыл аймактын эсебинен оңдолууда.
— Чындыгында, «Чаткал районунун өнүктүрүү фондунун каражаттары айыл аймактагы бир топ жумуштарды бүткөрүүгө зор өбөлгө түздү. Бул жумуштардын ишке ашуусуна колдоо көрсөткөн район акими Канжарбек Эшалиевге Чаткал айыл аймагынын тургундарынын атынан ыраазылык билдирем — дейт Бакытбек Исабеков
М. Эшназаров]]>