Долбоорлор

«Чаарат Заав» ЖАКу менен Чаткал раймамадминистрациясынын ортосунда 2018-жылга "Кызматташтык меморандумуна" кол коюлду

29

 «Чаарат Заав» ЖАКу (Компания) Чаткал районундагы Чаарат кенинде он жылдан ашык убакыттан бери геологиялык чалгындоо иштерин  жергиликтүү коомчулук менен тыгыз байланышта аткарып келет. Район элинин муктаждыктарын эске алып, Компания жылына социалдык көйгөйлөрдү жоюуу максатында райадминистрация менен макулдашып соцпакеттин алкагында каражат бөлүп турат. 23-июлда үстүбүздөгү жылга карата кызматташтык келишимине кол коюлуп, анда социалдык маселелерге жана райондун инфраструктурасын өнүктүрүүгө 14 400 000 сом каралды.  чаарат заав урал 1 чааратзаав урал чааратзаавурал 2 «Компания биздин аймактын алыстыгына жана климаттык өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу катаал шарттар менен жакындан тааныш болгондуктан дайыма өз жардамын үзбөй келет. Албетте, биз ортобузда орногон өнөктөштүк менен компаниянын социалдык жоопкерчилик принциптерин сакташын баалайбыз, — деп белгиледи Чаткал районунун акими Эшалиев Канжарбек, — Мына, 2018-жылга карата түзүлгөн меморандумдун алкагында дагы бир катар маанилүү иштер аткарылганы турат. Башкы-Терек жана Чакмак-Суу айылдарындагы жолдорго алфальт төшөлөт, Каныш-Кыя айылында көпүрө курулат. Башка дагы өзгөчө маанидеги социалдык объектилер ремонттолуп, Сумсар айыл өкмөтүнө  кызматтык автоунаа сатылып алынат».чаратзавурал чаратзаавуралл чаратзаавурал чааратзвурал чааратзаавурал 2 чааратзаав урал Ошондой эле, социалдык пакеттин эсебинен  районго керектүү адистерди даярдоо максатында Чаткалдык студенттерди жогорку окуу жайларда окуусун каржылоо жана медициналык адистерди колдоо улантылат. Учурда тоо-кен жана медициналык багытта билим алган Компаниянын стипендиаттарынын саны 11 студентти түзөт. Жардамга муктаж жарандарга жана коомдук маанидеги иш-чараларга финансылык көмөк көрсөтүү колго алынган- жаштар жактырган спорттук иш-чаралар, наристелер үчүн майрам уюштуруу, ардагерлерге жана оорукчан жарандарга каражат бөлүп, ашууда жолду ачып тазалоо иштерин аткарып турат. Компаниянын жүргүзгөн ишмердүүгү, албетте, жумушчу орундарын түзүү жана жергиликтүү   адистерди адистерди жумушка алуу менен коштолгон. Учурда алардын жалпы саны 90 адам болсо, анын ичинен45 компаниянын өзүндө иштейт, калганы подрядчик ишканаларга жумушка алынган.   Белгилей кетчү нерсе, учурда чалгындоо алкагында гана жумуш орундар түзүлгөн, алар долбоордун кийинки баскычтарга өнүгүүсү менен дагы эселеп көбөймөкчү. Андан тышкары, Компания  жергиликтүү ишканаларга колдоо кылып, кызматтарды жана товарларды сатып алат. Чакан жана орто ишкерликтин өнүгүшү дагы кошумча жумуш орундарын түзөт эмеспи. Жыл башынан бери жергиликтүү ишканалар электр чубалгыларын долбоорлоо жана орнотуу иштерине, жеке ишкерлер жүк  ташуу жана кендин үлгүлөрүн лабораторияларга жеткирүү, керн сактоочу ящиктерди жасоого, эт азыктары менен камсыз кылууга тартылган. Жарым жыл ичинде бардык жергиликтүү сатып алуулардын суммасы 4 000 000 сомдун тегерегинде болгон. «Биз үчүн Чаткал элинин жашоо шартындагы болуп жаткан оң өзгөрүүлөр жана аймактын өнүгүшүнө түздөн-түз катыштыгыбыз бар экени абдан маанилүү. Баарыбыз жылдан жылга  райондогу инфраструктуранын жакшыруусуна күбөбүз —  жолдорго асфальт төшөлүп, көпүрө, спортзал курулду, мектеп жана ФАПтардын имараттары капиталдык ремонт болду. Бизди өзгөчө кубандырган нерсе, бул Компаниянын кечеги эле стипендиаттары бүгүнкү күндө Чаараттын эмгек жамаатынын курамында иштеп жатканы. «Чаарат» долбоорунун ийгиликтүү ишке ашырылуусу, албетте, мындан ары дагы Чаткал районунун социалдык-эконмикалык өнүгүшүнө түрткү берип, мамлекеттин, жергиликтүү коомчулуктун жана компаниянын ортосундагы узак мөөнөттөгү өнөктөштүктүн үлгүсү болот деп ишенебиз,- деп билдирди «Чаарат Заав» ЖАКунун генералдык директорунун орун басары Турат Усубалиев. «Чаарат ЗААВ» компаниясынын пресс кызматы]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь