АЙМАКТЫК КЕҢЕШ БЕРҮҮ БОРБОРЛОРУН АЧУУ
9-июлда “Аймактарды өнүктүрүү программасынын” алкагында Россия-Кыргыз өнүгүү фонду Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Баткен облустарында аймактык кеңеш берүү борборлорун ачты. Алдын ала конкурс жарыяланып жана белгиленген аймактарда бизнеске кеңеш берүү менен алектенген уюмдар тандалган болчу. Кеңеш берүү борборлорунун кызматкерлери окутулуп жана Фонддон сертификат алышты.
Жалал-Абад облусунун ишкерлери «Агролид» КУсы менен байланыша алышат: Жалал-Абад ш., Айбек Абдырахманов 0772177184, Coordinator-ja@agrolead.org
Ысык-Көл облусундагылар маалыматты «БТ Инновэйшнс» Финансы фондунан ала алышат: Каракол шаары, Жаныбеков Аскарбек, 0555418818, djaskar@mail.ru
Баткен облусунда маалыматты «БТ Инновэйшнс» Финансы фонду берет: Баткен шаары, Нуркулов Даниярбек, 0555290529
Аккредитацияланган кеңеш борборлордон ишкерлер Фонддун кызматтары жана насыялык продуктулары тууралуу маалымат ала алышат. Кеңеш берүү борборлору ишкерлерге Фонд аркылуу түз дагы, ошондой эле коммерциялык банктар аркылуу каржылоо алган учурда бизнес-пландарды даярдоого, долбоордун техникалык-экономикалык негизин иштеп чыгууга, рынокту изилдөөгө жана башка коштогон кызматтарда көмөк көрсөтүшмөкчү.
2015-жылдын сентябрь айынан тарта Кыргызстанда Фонд тарабынан жалпы суммасы 278.5 миллион долларды түзгөн чакан, ири жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча 1282 долбоор каржыланган.
МЫКТЫ БИЗНЕС-ДОЛБООРГО ЖАРЫЯЛАНГАН КОНКУРС
“Аймактарды өнүктүрүү программасын” ишке ашыруунун алкагында Россия-Кыргыз өнүгүү фонду Кыргызстандын аймактарындагы мыкты бизнес долбоорлорду тандоого конкурс жарыялайт. Бизнес-долбоордун минималдуу суммасы 300 миң АКШ доллары болууга тийиш.
Конкурска туруктуу финансылык абалга ээ болгон жана КРдин аймагында рентабелдүү ишмердүүлүктү ишке ашырып жаткан коммерциялык уюмдар катыша алышат. Старт-ап долбоорлор ошондой эле инвестициялык долбоор менен байланышта болбогон иштеп жаткан бизнеси бар болгон шартта катыша алышат.
Тандалган бизнес-долбоорлор үчүн насыянын негизги суммасын төлөө боюнча 24 айга узартуу берилиши мүмкүн. Интенсивдүү бак өстүрүү чарбасы тармагында – 36 айга чейин берилет.
Насыя алуучунун өздүк салымы долбоордун баасынын 20%ынан кем болбошу керек. Долбоордун суммасынан 10%га чейинкиси долбоорду ишке ашырууга салынган активдер түрүндө берилиши мүмкүн. Ошол эле учурда өздүк салымы катышуучу тарабынан Фонд каржылоону бергенге чейин толук көлөмдө же Фонд тарабынан ар бир траншты бергенге чейин транштын 20%нан кем эмес өлчөмүндө төлөнөт.
Инвестициялык максаттарга пайыздык коюмдар төмөндөгүдөй өлчөмдө белгиленет:
АКШ доллары менен 4% жылдык;
Сом менен 8% жылдык.
Улуттук валютадагы насыя каражаттары Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн гана товарларды жана кызматтарды сатып алууга колдонулушу мүмкүн.
Долбоорду даярдоо жана ишке ашыруунун баскычтарында техникалык жардамды гранттык негизде берүүгө болот.
Мыкты деп таанылган долбоорлорго насыя боюнча төлөнгөн пайыздардын жарымы кайтарылып берилет.
Аймактардагы долбоорлордун саны жана артыкчылыктуу тармактар менен инфографиканын картасынан таанышууга болот. Конкурстун жоболору:http://www.rkdf.org/ru/kreditovanie/konkursy_proektov/regiony_tochki_rosta
Билдирмени сайтка 2018-жылдын 31-декабрына чейин берүү зарыл.
РКӨФ КАПИТАЛГА КИРҮҮ ҮЧҮН ӨНӨКТӨШ-КОМПАНИЯЛАРДЫ ИЗДӨӨ БОЮНЧА ДОЛБООРДУ ИШКЕ КИРГИЗЕТ
Конкурска катышуу үчүн 0,5 млн. 6 млн. АКШ долларына чейинки бизнес-долбоору бар, айыл чарбасы, жеңил өнөр жайы, машина куруу, химиялык жана тамак-аш өнөр жайы тармагында, IT секторунда иштеген компаниялар чакырылат.
Артыкчылыкка экспортко жана импортту алмаштырууга багытталган аймактык өндүрүштүк ишканалар ээ болушат.
Фонддун ишканага катышуу мөөнөтү – жети жылга чейин, долбоордун суммасы демилгечинин жана\же кош инвестордун өздүк взносуна жалпы баанын 25%дан кем эмес өлчөмүндө киргизилет.
РКӨФтөн берилген каржылоо жабдууларды, жаңылоо үчүн техника сатып алууга жана иштеп жаткан өндүрүштү кеңейтүүгө же жаңысын түзүүгө, курулуш-монтаждоо иштерин аткарууга багытталмакчы.
Толук маалыматты Фонддун сайтынан алууга болот.
Конкурса билдирмени 2018-жылдын 01-октябрына чейин Фонддун сайтына берүү керек.
]]>