Жай мезгили келип, жаш балдар каникулга чыккан убак болгондуктан, жаш балдардын агын сууларга, дарыяларга түшүп, ойноосу күч алган кез. Буга байланыштуу Чаткал РИИБинин МАЫ өкүлдөрү, ЖЖӨИсы, КР.ӨКМнин райондогу өкүлдөрү, райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын ү бүлө жана балдарды колдоо бөлүмүнүн кызматкерлери, турак-жай комитеттери жана коомчулуктун өкүлдөрү менен биргеликте жашы жете элек өспүрүм балдарга карата ар канда кылмыштуу аракеттердин алдын алуу, эскертүү жана болтурбоо максатында ата-энелерге жана жалпы эле райондун коомчулугуна кайрылуу жасалып, түшүндүрүү иштери алынып барылууда.
Ошондуктан, Чаткал РИИБи жашы жете элек өспүрүмдөрдүн өз алдынча агын сууларга жана көлмөлөргө чоң адамдардын көзөмөлүсүз, өз алдынча түшүүсүнө тыюу салууну эскертет.
Азыркы кезде, балдардын суугат түшүу учурунда ар кандай кырсыктар болуп кетүүсүнүн алдын алуу максатында район аймагында жайгашкан сууга түшүүчү жайларда, көлмөлөрдө жана дарыяларда жана сууга түшүүгө тыюу салынган жайларда атайы мобилдик топтор түзүлүп, тыюу салынган жайларда сууга ата-энесинин коштоосу жок түшүп жаткан өспүрүмдөр кармалып, эскертүүлө берилүүдө.
Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын башынан бери 8 өспүрүм кырсыкка кабылып, мындан алтоосу сууга чөгүп каза болду.
Чаткал РИИБи]]>