Алар өздөрүнүн керектүү медициналык аспаптары менен келишип, Куру-Тегерек аймагындагы компанияда иштеп жаткан бардык кыргыз жумушчуларды жалпы текшерүүдөн өткөрдү. Бул жолку текшерүүдөн компаниянын ичиндеги бардык кыргыз жумушчулары жана фабрикага жаңы келген 150 жумушчу, жалпы саны 258 жумушчу ар тармактуу текшерүүгө катышып, алар хирург, ЛОР, УЗИ, фтизиатр, терапевт, кардиологдордун кароосунан өтүшүп, лабораторияга анализ тапшырышты.
Б. Молдобеков, компаниянын өкүлү]]>