Долбоорлор

Компания жаңы жумушчуларын окутууда

42

Өтүп бараткан жылдын 22-июнунан баштап “Кичи Чаарат” компаниясындагыфабриканын жаңы жумушчуларын даярдоо классы ачылды. Компаниянын планы боюнча жаңы жумушчуларды даярдоо мөөнөтү3 ай болот. 22-июнь күнү күндүзгү саат 10:00дө сабак өтүү залында 1-нөөмөттүн 75 жумушчусуна сабак башталды. Сабактын башталуу аземине компаниянын администраторунун орун басары Дуан Хайжун, компаниянын башкы инженери Ажыгулов Таалай, компаниянын менеджери Кубаныч Орозбаев катышып,жаңы жумушчулардын фабрикага келүүсү салтанаттуу түрдө тосуп алынды. кичи чаарат окуу 3 кичи чаарат окуу 1 кичи чаарат окуу 2Башкы инженер өз сөзүндөКичи-Чаараткомпаниясы бул-азыркы заманбап компания экендигин, Куру-Тегерек аймагындагы курулган курулмалар алдыңкы заманбап курулмалар экендигин айтып-Ошондуктан сиздер бул компанияга кирип иштегениңиздерге сыймыктанып, ошону менен бирге, жаңы жумушчулар азыркы окуу мүмкүнчүлүктөрүн бекем кармоо менен көңүл коюптырышып үйрөнүүсү жана келечекте фабрикага киргенде теориялык жагын жатка билүүсү тийиш- деди. Даярдоо курсуна башкы инженер, котормочу, юрист, копсуздукту башкаруу бөлүмүнүн мүчөсү, администрациянын мүчөсү негизги сабак берүүчүлөрдөн болуп, жумушчулар күндөлүк норма, коопсуздук жагын, кытай тилин, фабриканын ичиндеги кесипкөй орус тилин, фабриканын техникалык жактарын,ошону менен бирге компаниядагы мамлекеттик экотехинспекциясынан тиешелүү кесиптик адистеринин компанияга келип сабак өтүүсүн суранышкандыгын билдирди. Компаниядагы бул жаңы жумушчуларга жакшы шарттагы жатаканаларын даярдап берилип, ар бир кишиге жылуу жумшак төшөк-жууркан, даамдуу тамак-аш менен камсыз болушуп, ошону менен бирге жумушчулардын үй бүлөсүнүн шарттары эске алынып, жаңы жумушчулардын окуу мезгилинде ар бир кишиге 10000 сомдон стипендия төлөнүп берилет. Б. Молдобеков, компаниянын өкүлү]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь