1. Кадрлар бөлүмүнүн башчысы-1 орун Квалификациялык талаптар: кесиптик билими: -Билими-жогорку юридикалык\экономикалык\бизнес башкаруу\педагогикалык билими, -Персоналдарды башкаруу боюнча иш тажрыйбасы 3 жылдан кем эмес. -кадрлар менен иштөө боюнча 3 жылдан кем эмес иш стажы. -кадрлык кагаздарын жүргүзүү, КР мыйзамдарын жана башка ченемдик-укуктук актыларын билүү. -кыргыз, орус жана англис тилдерин жакшы билүү. —microsoft offise боюнча эң жакшы тажрыйбасы. Кызматтык милдеттери: -Адам ресурстарын башкаруу (АРБ) бөлүмүнүн башчысы тескемелерин, буйруктарын жана тапшырмаларынын өз убагында аткарылышын көзөмөлгө алат. -КР эмгк мыйзамына жана жоболоруна, компаниянын жетекчисинин буйруктарына жана башка кадрлар боюнча белгиленген документтерине ылайык кызматкерлерди кабыл алуу, которуу жана бошотууну тариздейт. -Баштапкы эспке алуу документациясынын белгиленген бир өңчөй формаларына ылайык бөлүмдөрдүн өздүк курамы боюнча эсебин жүргүзөт. -Персонал боюнча белгиленген отчеттуулукту карайт. -Кызматкерлердин жумуш убактысын эсепке алуу табелдерин өз убагында жана белгиленген тартипте тапшыруусун көзөмөлгө алат. -Компаниянын корпоративдик иш чараларына катышат. 2. Юрист-1 орун Квалификациялык талаптар: кесиптик билими: -юридикалык жогорку билими. -Адистиги боюнча 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы. -КР мыйзамдарын билүү, анын ичинен жарандык, эмгек, салык, жер жана жер казынасына пайдалануу тармагындагы мыйзамдар. -Руксат берүүчү документтерди алуу жана жер тилкелерин мыйзамдаштыруу боюнча тажрыйбасы. -Жатык, жергиликтүү эл менен мамиле түзүүнүн мыкты жөндөмдүү, ийкемдүүлүк. -иш сапарга чыгуу жөндөмдүүлүгү. -кыргыз, орус тилдеринде эркин сүйлөө, иш кагаздарын кыргыз тилинде алып баруу жөндөмү. -ангилс тилин билүүсү артыкчылык катары эсептелет. -компьютердик сабаттуулук\компьютерде иштей билүүсү. Кызматтык талаптар: -Башка бөлүмдөр менен биргеликте Компаниянын ишмердүүлугүн, мыйзамдуулугун камсыздоого багытталган иш чараларды иштеп чыгат жана аларды ишке ашырат. -Компаниянын жердик\локалдык ченемдик актыларын жана башка документтерин КР мыйзамдарына жооп беришине юридикалык экспертиза жүргүзөт. -Өзгөчө маанилүү документтердин базасын алып барат жана алардын тийиштүү сакталышын, архивдештирилишин камсыздайт, пайдаланышын көзөмөлдөйт. -Компания жана анын бөлөк структуралык бөлүмдөрүн каттоо, (кайра каттоо) боюнча иш алпарат ж.б. бөлүмдөр менен бирдикте Компания ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн керектүү лицензияларды жана руксат берүүчү башка документтерди алуу боюнча тийиштүү иш-аракеттерди аткарат. -Сот процесстеринде эки тараптын бири Компания болгон учурда Компаниянын кызыкчылыгын коргойт ж.б. органдарда да укуктук маселелерди кароодо бекитилген тартипте Компания өкүлү катары катышат. -Компаниянын башка бөлүмдөрүнүн ишинде пайда болгон укуктук маселелер боюнча консультация\кеңеш, маалыматтык жардам берет, аларга мамлекеттик ж.б. органдардын, юридикалык жактардын кайрылууларын мыйзамдуу чечүүгө керектүү колдоо көрсөтөт. Сынакка катышуу үчүн документтер: -Бош кызмат ордун көрсөтүү менен конкурстук комиссиянын төрагасына жеке арыз (байланыш телефон номери менен) -кадрларды эсепке алуу боюнча баракча, сүрөтү менен -резюме, сунуш каттар, өмүр баян -билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даражасы, же илимий наам ыйгарылгандыгы жөнүндө дипломдордун көчүрмөлөрү, эгек китепчесинин, паспорттун, аскер билетинин көчүрмөсү (эмгек китепчесинин жана дипломдорунун көчүрмөлөрү нотариустан күбөлөндүрүлгөн болуусу тийиш) Документтерди кабыл алуу жарыя chatkal.kg сайтына жарыялангандан баштап 10 жумушчу күндүн ичинде жүргүзүлөт. Талапка жооп берген конкурсанттар жазуу түрүндөгү сынак тапшырышып, аңгемелешүүдөн өтүшөт да, конкурстук комиссиянын чечими менен тандалып алынат. Дареги: Каныш-Кыя айылы, Чаарат ЗААВ ЖАКтын райондук кеңсеси. Суроолор болсо төмөнкү телефондорго кайрылсаңызар болот: 0773127563, 0777764036, же hrd@chaarat.com электрондук дарегине документтерди жөнөтсөңүздөр болот. Сынактын өткөрүү күнү бюнча конкурсанттарга кошумча маалымат берилет.]]>