Демөөрчүлүк

"Кичи чаарат " компаниясы ифтар откорду

43

221IMG_0219IMG_0248 «Кыргыз Республикасынын президенти Жээнбеков Сооронбай Шариповичтин 6-июндагы Кытай Эл Республикасына болгон расмий иш сапарында 2 олконун достук мамилесин чындоо учун жана эки олконун осуп онугуусуно тарыхта кала тургандай бир чон долбоорду ишке ашырып келди. Эки мамлекет учун бул долбоор чон ийгилик алып келет. Кыргыз Республикасы «Алтын Жибек Жолу» мамлекеттик долбооруна биричилерден болуп кирген. Ошону менен бирге эле «Куру-Тегерек» кен казуу жери да бул долбоорго кирген. Чаткал районунун жетекчилери жана элдин колдоосу менен бизде байытуучу фабрика курулуп бутуп олтурат. Бул фабриканын калдык сактоочу жайы да курулуп бутуп, мамлекеттик экпертизанын кароосунан отту. Эми калдык сактоочу жайга геомембрананы тошоодо райондун жетекчилери жана тиэшелуу эл окулдорунон комиссия тузулду. Бул тузулгон комиссия геомембрананы тошоп жаткан учурда жана башка учурда да козомол кылып турууга болот. 2014-жылдан бери бул компанияда жергиликтуу элден 400 жумушчу жумуш менен камсыз болуп келуудо. 2012-жылдан бери бугунку кунго чейин жалпы жумушчулардын соцфондго тогулгон налогу 99210000 сомду, ал эми подоходук налогу 601360000 сомду тузду. 2012-жылдан бери чаткал районуна жакындан жардам берип келе жатабыз. Айта кетсек райондогу жолдорду ондоого, студенттерди окутууда, айылдардагы курулуш иштерине, турмуш шарты оор оорукчан жарандарга, спорттук оюндарга, райондук ооруканага, билим беруу мекемелерине, маданият уйуно, Андан сырткары Чакмак-Суу айылына 150 орундуу заманбап мектеп, Башкы-Терек айылына таза-суу курулду. Быйылкы жылы да райондук коомдук угуудагы тузулгон меморандумдун негизинде 15000000 сом акча каражатын которобуз. Урматтуу районубуздун аксакалдары, жетекчилер жана жаштар сиздерден суранып кетет элем «Куру-Тегерек» кенинин онуп осуусу учун сиздердин колдоонуздар керек. «Кичи-Чаарат» компаниясы Чаткал районунун компаниясы. Компаниянын осуп онугуусундо сиздердин мыйзам чегинде жардамыныздарга муктажбыз. Келечекте копту умуттондургон бул компанияда райондун жаштары бир кесиптин ээси болуп чыгат деген умуттомун. Компания онуксо район онугот деген ойдомун. Кыргыз республикасынын осуп онугуусуно барыбыз биргеликте салымыбызды кошойлу. Конул бурганыныздар учун чон рахмат » Андан кийин компанияда болуп жаткан жумуштар жана районго берилген жардамдар тууралуу слайт шоу корсотулду. Андан сон куттуктоо учун соз Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Акимдин биринчи орун басары Накетаев Жуманалы Алтымышовичке берилип, ал да келген конокторду жана жумушчуларды ыйык рамазан айында орозо туткандардын орозосу кабыл болушун каалап, жыл сайын рамазан айында ооз ачты откоруп келе жаткан компаниянын жетекчилерине терен ыраазычылык билдирип кетти. Андан сон президентибиз Сооронбай Жээнбековдун 6-июнда Кытай республикасына расмий иш сапары менен барганын баса белгилеп отту. Эки олко башчыларынын жолугушуусунда ар тараптуу стратегиялык оноктоштукту орнотуу жонундо Биргелешкен декларацияга жана экономикалык, медициналык, туризм жана социалдык багыттагы 10 документке кол коюлгандыгын. Кытай Республикасынын президенти Си Цзиньпин Сооронбай Жээнбеков менен жылуу учурашып, Кыргыз олкосу менен оз ара мамилелерди терендетууго Кытай Республикасы кызыкдар экенин белгиледи. Президент Сооронбай Жээнбеков Кытай Республикасынын башчысы Си Цзиньпинге жылуу кабыл алуусу учун ыраазычылык билдирип аны менен алгачкы жолугушуп жатканына кубанычта экенин белгиледи. Ошону менен бирге Жуманалы Алтымышович «Кичи-Чаарат» жабык акционердик коомунда кыргыз-кытай жумушчулары оз ара ынтымакта иштешишине тилектеш экенин белгилеп кетти. Андан сон район жетекчилери жана келген коноктор куттуктоо соз суйлошуп, жыл сайын рамазан айында сый тамакка чакырып турган «Кичи-Чаарат» компаниясынын жетекчилерине ыраазычылык билдиришип отушту. Келген коноктор компаниянын офиси жана жумушчулардын жатаканалары менен жакындан таанышып чыгышты. Ооз ачтыга келген аксакалдар, жетекчилер жана жумушчулар куптан намазын жана тараба намаздарын окушту. Чаткал райондук имамы тарабынан куран окулуп, Нармырзаев Эргешбай ава бата берди. Аягында келген конокторго компания тарабынан даярдалган чакан белектер берилди.]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь