чулук үчүн кошумча тамактанып, эс алуучу жайга айландырылууда.
Быйылкы «Аймактарды өнүктүрүү жылына» карата аталган жайды өнүктүрүү үчүн Чаткал айыл аймагы тарабынан жеке ишкер Мухамедалы Батырбековго бөлүнүп берилген. Бул тууралуу Чаткал айыл аймагынын башчысы Бакытбек Исабеков маалымдады.
Ал эми, жеке ишкер Мухамедалы Батырбековдун билдиришинче, бул эс алуучу жайга азырынча бир боз үй жана эки сөөрү орнотулууда. Эс алуучу жай толук ишке кирген соң, бир учурда жүздөн ашуун эс алуучуну тейлемекчи. -Бул жерге көбүнчө жаштар үйлөнүү үлпөтүн өткөрүп, жаратылыш койнунда эс алганы келишет. Эс алуучу жай ишке кирсе, алардын да ойдогудай эс алуусуна шарт түзүлөт- дейт жеке ишкер.
«Кыз-Булак» эс алуу жайы май айынын соңуна чейин пайдаланууга берилет.
Жеке ишкер мындан сырткары Жаңы-Базар айылындагы жеке менчик «Нурсауле» ресторанын ачып, 5 жылдан бери калктын маданий эс алуусун камсыздап келүүдө.
М. Эшназаров]]>