Кабар

Чоң-Сай каналы тазаланууда

1

Учурда Ак-Таш айылындагы Чоң-Сай каналы эксковатордун жардамы менен  тазаланып, кеңейтилүүдө.

Бул каналдын жалпы узундугу жети жарым чакырым болуп, былтыр төрт чакырымы тазаланып, кеңейтилген. Быйыл калган бөлүгү тазаланып, кеңейтилүүдө.

Аталган канал 1990-жылдардын башталышында эле топурак, кумга толуп, колдонулбай калган. Андан бери дээрлик жыйырма беш жылдан ашуун убакыттан бери ал жердеги сексен беш гектар жер кайракы катары пайдаланылып келген. Былтыртадан бери айыл Чаткал аймагынын аракети  менен аталган каналды кайрадан ишке берүү аракеттери жүрүүдө. акташ DSC_0407 акташ DSC_0412 акташ DSC_0421 акташ DSC_0423 акташ DSC_0425

-Чоң-Сай каналы толук тазаланып бүтсө, жалпы сексен беш гектар жер суулуу жерге айланат. Мунун отуз беш гектары элдин үлуш жерлери, ал эми элүү беш гектар жери айыл аймактын жери болуп эсептелет. Быйыл айыл аймагына тиешелүу жердин отуз гектарына беде, эспарцет, арпа жана буудайды аралаштырып септик. Калган жыйырма гектардын ар бир гектарын 1200 сомдон элге ижарага бердик. Быйыл отуз беш гектар жерге эккен арпа менен буудайды оруп алсак, келерки жылы беде менен эспарцетти оруп, тоют базасын тузөбүз.  -дейт Чаткал айыл аймагынын башчысы Бактыбек Исабеков.

Чоң-Сай каналын тазалоо иши  өтүп бараткан жуманын соңуна чейин толук бүткөрүлөт. Бул канал тазаланып бүткөн соң, андан ары дароо эле Курулуш айылына караштуу Ийри-Сай арыгын канал кылып кеңейтүү иштери башталат.  Ийри-Сай каналы ишке кирсе жүз элүү гектар жер суугат суусу менен камсыздалмакчы.

М.Эшназаров

 ]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь