Билим берүү

"Кош, Алиппе" майрамында мугалимдерге белек берилген жок

24

23-апрелде Каныш-Кыя айыл аймагындагы Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде «Кош алиппе» майрамы болуп өттү. Анда, 1-класстын окуучулары ушул күнгө чейинки мектептен алган билимдерин мугалимдерге жана ата-энелерге сахналаштыруу аркылуу көрсөтүшүп, ыр, бийлерди аткарышып, ата-энелерге чакан концерт тартуулашты. Келген ата-энелер наристелердин ыр, бийлерине күбө болушуп,  мугалимдерге ыраазычылыгын билдирип кетишти.акназаров алиппе
Бул жолку  майрамдын мурдагылардан өзгөчөлүгү- жылдагыдай ата-энелер тарабынан мугалимдерге белек бечкек берилген жок.
-Биздин мектепте өтчү бардык иш чараларда ата-энелер тарабынан мугалимдерге ар кандай белек-бечкектерди берүүгө таптакыр тыюу салынган. Ар кандай коррупциялык аракеттерди болтурбоо боюнча катуу көзөмөл бар-дейт мектеп директору Акжол Эгембердиев
М. Эшназаров
]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь